АКЫЛДУУ УЛАК

Жомоктор дүйнөсүндө

Илгери байлыгы ашып-ташкан бир бай адам жашаган экен. Ал бай жаз алды менен малын айдап тоону көздөй көчүп жөнөйт. Ошондо жолдо баратып бир улак адашып калат. Кайда барарын билбей баратса, алдынан өзүнө окшоп адашкан козу менен торпокко жолугат. Аларды ээрчитип алып кайдадыр кете берет. Баратып жол жээкте жолборстун териси жатканын көрүп, дароо оюна бир нерсе түшөт. Ал терини алып музоонун үстүнө жаап коёт да, андан ары жолун улайт.
Үчөө ээрчишип бир топ жол жүрүшөт. Курсактары ачып, алдан тая баштаганда алысыраак жерден бир кепе көзгө урунат. Улак дароо эле жолду ошол кепени көздөй улап, жетери менен музоону тышка байлап, козуну ээрчитип кирип барат.
– Ассалому алейкум, туугандар,- деп үстөл үстүндө тамактанып отурган аюу, жолборс, карышкыр, түлкү сыяктуу бир топ жырткычтардын үстүнөн чыгышат.
– Оо, келгиле, коноктор, жакшы келбедиңерби, төргө өткүлө,- деп баягы жырткычтар «бизге эт келди» деп ичтеринен кудуңдап сүйүнүшөт. Арадан бир топ убакыт өтүп, баягылар бака-шака түшүп ырдап киришет. Ошондо түлкү козу менен улакты өлүмгө даярдап, комузун колго алып:
– Козу балбан бир күндүк, улак балбан бир түндүк,- деп созуп калат. Акылдуу улак сырттагы музоону байкасын деп ага жооп иретинде:
– Түлкү балбан – биздин талпагыбыз, аюу балбан – биздин тамагыбыз, жолборс балбан – биздин жамынчыбыз,- деп эле созолонтуп кирет. Коркуп кетип түлкү сыртка чыкса, чын эле жолборстун терисин жамынган музоо туруптур. Аны көргөндөн кийин кайра кепеге киргенге жүрөгү чыдабай качып жөнөйт. Ошентип, андагы жырткычтар бирден сыртка чыгып эле качып кете беришет. Аягында эч кимиси калбай, улак, козу, музоо үчөө кенен курсактарын тойгузуп, жолун улап кетишкен экен.

Чолпон Сүйүнбаева
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 481, 20-26-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан