АПЕНДИНИН ЖОРУКТАРЫНАН

  • Бир күнү апенди жолдо келатып күзгү таап алат. Ал күзгүдөн өзүн караса, сакал-муруту өскөн, чачы алынбаган, бети-башы таргыл болуп кирдеген бир кишини көрөт да: «Бул сүрөттөгү адам эмей эле маймыл го»,- деп күзгүнү ыргытып жиберип басып кетиптир.
  • Апенди базарда корозун сатып жүрүптүр. Бир киши тогуз сом берсе: «Жо-ок, он сом бергин»,- дейт. Ошентип, соодалашып жатып ойгонуп кетсе түшү экен. Апенди короздон да, акчадан да куру калбайын деп дароо көзүн жума калып: «Мейли, тогуз сом болсо деле бере берчи»,- дептир.


ТАП, ТАП, ТАБЫШМАК

Тараксыз чачын тарап,
Суусуз бетин жууду.
Ыңгайлуу жерди тандап,
Керебетке умтулду. (Мышык)

Тирүү кулпу жатат карап,
Үйгө киши киргизбей.
Ууру келсе арам санап,
Тиштеп алат билгизбей. (Ит)

Карап турсам баятан,
Чуркап жүрөт тынбастан.
Мамыктан жумшак, сапсары,
Татынакай... (Балапан)

Жашыл чөптөн сүт жасоо,
Милдетине айланган.
Бул бодо мал айылда,
Ар бир үйдө байланган. (Уй)


Өзүң жаса

КАГАЗДАН МЫШЫК ЖАСАЙБЫЗ

1. Түстүү кагазды 4 бурчтуу кылып кыркып алабыз. Бири-бирине карама-каршы турган эки учун бириктирип бүктөп, кайра жазабыз.
2. Калган эки учун бириктирип бүктөйбүз.
3, 4. Сүрөттөгүдөй кылып мышыктын кулактарын бүктөп алабыз.
5. Эми башы болчу учун бүктөп коёбуз.
6. Бетине калем менен көзүн, оозун, муруттарын тартып коёбуз. Мышыгыбыз даяр.


ТАПКАН ТАПАЛАК
Балдар, бул сүрөттөн 28 кушту тапкыла

Чолпон Сүйүнбаева
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 481, 20-26-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан