КӨЧӨЛӨР КИМДИН АТЫН АЛЫП ЖҮРӨТ?

(Башталышы өткөн сандарда)

Д.ЩЕРБАКОВ
АТЫНДАГЫ КӨЧӨ

Дмитрий Щербаков атындагы көчө Бишкектин түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Чыгышынан Баку көчөсүнөн башталып, Тыныстанов, Дзержинский жана Орозбеков көчөлөрү менен кесилишет да, батыш жагынан Тоголок Молдо көчөсүнө барып такалат. Калган бөлүгү Боталиев атындагы көчө деп уланып кетет. Мурдагы аталышы Коммунисттик көчө, 1970-жылдан баштап Щербаковдун ысымын алып жүрөт.

Ким болгон?
Дмитрий Иванович Щербаков – Советтер Союзунун мыкты геолог, минералог, петрограф (тоо породаларын изилдөөчү), геохимиги. Ал 1893-жылы 1-январда (кээ бир маалыматта 13ү) Орусиянын Брянск облусунун Новозыбков шаарында туулган. 1911-жылы Санкт-Петербургдагы гимназияны аяктап, Политехникалык институттун металлургиялык бөлүмүнө тапшырат. Окуусу менен бирге 1913-жылдан баштап Крымдагы жанар тоо породаларын изилдөө лабороториясында иштей баштайт. 1919-жылы граждандык согуштун айынан Крымдагы университетке которулуп, окуусун улантат. Окуу менен катар 2 жылдан ашык окуу жайдагы профессордун жардамчысы болуп иштейт. 1921-жылы окуусун алтын медаль менен аяктап, илимий кызматкер катары Санкт-Петербургдагы Өндүрүш күчтөрүн изилдөөчү комиссиянын курамына кошулуп, илимий экспедицияларга чыга баштайт. 1922-1923-жылдары Орто Азияга болгон экспедицияда геохимиялык бөлүмгө башкы радиолог болуп дайындалат. 1928-1938-жана 1953-1963-жылдарда СССРдин Илимдер академиясынын Тажик-Памир, андан кийин орто азиялык илимий экспедицияны жетектеген. Ал жетектеген топ 1954-жылы Кыргызстандын түштүгүнөн сурьма жана сымап кенин ачышкан. Бул жетишкендиктери үчүн ал 2 жолу Ленин орденине жана бир нече медалдарга татыган. Анын ысымы минералдык затка берилип – “щербаковит” деп аталат.
Щербаков 1966-жылы 25-майда Москва шаарында көз жумган. Анын эмгеги үчүн Кыргызстандан тышкары Индия деңизинин алдындагы тоого жана Антарктидадагы Орвин тоолоруна ысымы ыйгарылган.

Т.КУЛАТОВ
АТЫНДАГЫ КӨЧӨ

Төрөбай Кулатов атындагы көчө Бишкектин түштүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Батыш тарабынан Байтик баатыр көчөсүнөн башталып, Элебаев, Жукеев-Пудовкин менен кесилишет. Көчө 90 градуска түндүктү карай бурулуп, Матросов көчөсүнө барып такалат.

Ким болгон?
Төрөбай Кулатович Кулатов – советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер. Ал Ноокат районундагы Кызыл-Булак айылында 1908-жылы 10(28)-январда кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө туулуп-өскөн. 1926-жылы темир жолдо жүк ташуучу, кийинчерээк Кызыл-Кыя көмүр шахтасында көмүр казуучу болуп эмгек жолун баштаган. 1932-1933-жылдары ошол эле шахтада Шахта комитетинин төрагасы, 1934-жылы Көмүр казуучулар союзунун төрагалык милдетин аркалаган. 1938-жылы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Аткаруу комитетинин жана “Кыргыз көмүр” трестинин орун басарлыгына дайындалган. 1938-1945-жылдар аралыгында Кыргыз ССРнин Эл Комиссарлар Кеңешин, 1945-1978-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин президиумунун төрагалыгын аркалаган. Ошону менен бирге 1946-жылдан тарта СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун төрагасынын орун басары болгон. Андан соң СССРдин Жогорку Кеңешинин 8 жолку депутаты болуп шайланган. Ал 5 жолу Ленин ордени, 1 жолу Октябрь ордени жана медалдар менен сыйланган.

(Уландысы кийинки санда)

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 481, 20-26-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан