ТАГДЫР ОЮНУ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Азирет Алинага жооп берип жатканы менен, көзүн Бегимайдан албай бир башкача тиктеп турду. Оюнда “катуу таарынып калбады бекен кечээкиге?” деп бушайман. Бегимай тунжураган калыбында нанды сындырып алып, тамагын шашпай жей берди. Маңдайлаш отурган адамдан көзүн буруп кетүү кыйын эмеспи. Азиреттин оттуу көздөрүнө көзү чагыла берип, тамагына нан тыгылып кала жаздады. Азирет күлүп жиберди.
– Эмне мынчалык карайсың?- деди кыз ызалуу, Алина шире алып келгени туруп кеткенден кийин.
– Сени караган жокмун. Терезени тиктеп жатам...
Азиреттин кайдигер жообу Бегимайды өзүнөн чыгарып жиберди. "Оңбогур, качанкыга чейин адамды жинди кылат? Ыза кылгандан рахат алабы бул өзү?.." Бегимай эмне кыларын билбей туттугуп кетти. Колундагы вилканы таштап жиберди.
– Сен кандай жинди немесиң? Мени эмне эрмектейсиң сен?! Мен сени жек көрөм, уктуңбу? Жек көрөм! Сенин жаныңда беш мүнөт да тургум келбейт,- деп кыйкырып алып чыгып кетти.
Азирет ийинин куушурган боюнча ордунда кала берди.
– Дагы эмне болуп кетти экөөңө?- деди Алина таң кала.
– Эрке кыз да. Мен болгону чындыкты айтсам, ошону көтөрө албай жүрөт. Бүгүн кандай эс алдыңар?..
Алина жан дили менен бүгүнкү күнүн айтып берип жатты. Анда-санда гана башын ийкеп, жасалма күлгөнү менен, Азиреттин көңүлү таптакыр башка жакта эле.

ххх

Бул учурда Аскардын үйүндө да бир катар окуялар болуп жаткан. Мариям келгенден бери Аскар менен Аиданын мамилеси таптакыр бузулду. Бир караган адамга анчейин эч нерсе болбогондой туюлганы менен, экөөнүн ортосундагы жарака дагы тереңдей түштү. Столуна үңүлүп кагаз жазып отурган Аскардын жанына келген Аида анын далысына назик колдору менен жеңил массаж жасап кирди. Эсеп-кысабынан башын көтөргөн Аскар ага таң кала тиктеп алды.
– Бир нерсе болдубу сага?
– Сени сагындым. Канчадан бери...- деп шыбырай кылгыра тигилген Аида бөлмөсүнө карай баш ийкеди.
– Аида, бүгүн сенин иштериң бар эмес беле?..
Узун колдору менен галстугун бошотуп, жаагынан сылай берген Аида ордунан чайпала туруп, ой-боюна койбой бөлмөсүнө сүйрөп жөнөдү.
Бир топтон кийин Аскар энтиге дем ала ордунан турду да, шуу үшкүрүп алды. Тозок деген ушу экен да, көңүл азгырыгы дейбизби, дене талабы дейбизби, ошол нерсе гана аткарылып, көкүрөгү жайдакталып бош калат, мындай түндөрдөн кийин. Жаш колуктунун жасалма кылыгы эмес, жашоосунда чыныгы жакындык, берилүү керек эле да ага. Аны Аида кайдан билсин, Аскардын жанын ого бетер кыйнап, сагыздай жабыша бермей өнөр таап алды. Кантсе да Мариямдын таасирине берилип кетет деп ойлойт окшойт. Бирок Аскар менен Мариям бир үйдө жашап жатат деген аты гана болбосо, бири-бири менен таптакыр жолукпай, эгерде кокус жолугуп калышса, жат адамдай баш ийкешип өтүшчү. Көпкө чейин ошентип жүрүштү.
Мариям табиятынан бош отура албаган энергиялуу адам эле. Заңгыраган үйдүн ичинде тажап кеткендиктен, өзүнө жумуш таап алды. Ар түрдүү гүлдөрдү алып келип, бош турган жерлерге өстүрүп, аларды баласындай карап, өзүнчө эле убара. Жумушуна чыгып бараткан Аскар чарбак жакка кокусунан баш бага калып, топуракка кык аралаштырып, өзүнчө кобуранып жаткан Мариямды көрдү.
– Бош турганча гүл эгип коёюн дедим.
– Хм, анда сага жардам кылганга бир адам жиберейин.
– Жок, кереги жок. Ансыз деле жетишем. Азирет келгенче эрмек кылайын дегем. Баса, чарбактын бир топ жери бош экен го. Менин оюмча, ал жакка алма, өрүк тигип койгон жакшы. Бир аз жылда эле мөмө байлай баштайт. Ким билет, балким, ага чейин үйдө жаш балдар да болуп калат чыгар.
Мындай ой Аскардын башына таптакыр келбептир. Сүйүнүп кетти.
– Туура айтасың. Мен эртең эле жигиттерди жиберип, көчөт алдырайын.
Мариям жылмайып койду. Мурункусундай эле шашмалык жайы калбаптыр. Шашканынан азыр күз жакындап калганын да байкабайт.
– Көчөттү жазында отургузуу керек. Жазында Азиретке арнап отургузуп кой. Бирок жакшы тилектерди айтып, өз колу менен тигиш керек адам.
– Ооба, чынында, жазында тигет эмеспи. А бирок сен неге күзүндө тигип жатасың?
– Бул күздө тигилчү гүл. Жаз менен баш көтөрүп калат.
Андан ары экөө тең эмне дээрин билбей калышты. Мындан ары сөзү болбосо да Аскар кетип кала албай тура берди. Ал Мариям тууралуу көп нерсе билгиси келчү. Өзүнөн кеткенден кийин кандай жашоодо жашады? Анын жашоосунда кимдер болду? Азиретти кантип чоңойтту? Канчалык көңүл бурбай коёлу деген менен, ортолорунда көп нерсе бар болчу.
– Эмне туруп калдың? Бара гой, жумушуңдан кечигесиң...- деди аста үн каткан Мариям. Өз үнүндөгү жылуулуктан өзү да чочуп кетти. А Аскар... Ушу эки ооз сөз анын дүйнөсүн ала салдырып жиберди. Туура, көп аял болгон жолунда, бирок алардын бири да өзүнө Мариямдай камкор, сый, аруу мамиле жасабаган экен.
– Рахмат!- деди жылмая.
Экөө терезеден жек көрө тигилип турган Аиданы көрүшкөн жок.

ххх

Алина кирип келсе, Бегимай кийимдерин чогултуп жаткан экен.
– Мен кетем,- деди ал.
– Кайда кетесиң?
– Шаарга.
– Азирет “таң атпай шаарга чыгабыз” деди. Азыр кеч болуп кетти, эртең чогуу кетебиз.
– Жол тосуп эле кетем. Анын жанында бир мүнөт да чыдап тура албайм,- деген Бегимай курбусунун сөзүн уккан да жок.
Номерге кирип келген Азирет Бегимайдын сумкаларын көрүп, таң кала токтоду.
– Биз эртең кетебиз деп айтпадымбы.
– Мени менен эмне ишиң бар?!- жини келген Бегимай кийимдерин жыйнаштырганын токтоткон жок. Кыз өжөрлөнүп алганын көзүнөн байкаган Азирет алаңдап турган Алинага да ээк какты.
– Сен да жыйнала бер анда. Азыр чыгабыз.
– Биздин бир күнүбүз бар го али... Бема, эми көлгө качан келет элек?
Курбусунун жалооруган көздөрүн карап туруп Бегимай аста башын ийкеди.
Түн ичинде уктап жаткан Азирет кимдир бирөө бетинен сылап жатканынан ойгонуп кетти. Көзүн ачып, маңдайында турган Алинаны көрдү.
– Сен кайдан? Эмне болуп кетти?..
– Ази...
Кыз буулукту. Бул адамды жанындай жакшы көрүп калганын кантип айтат? Эмне деп түшүндүрөт?
– Мен... мен сени...- мукактанып турган кыздын абалына боору ооруп кеткен Азирет тура калып бооруна кыса берди. Карылуу эркектин кучагында жүрөгү дүкүлдөгөн Алина сезимин башкара албай калды. Азиретти өпкүлөп, жалынып, эмне деп айтып жатканын да билбейт. Өзүн жулка кармап, силкип токтоткондо гана өзүнө келди.
– Азирет...
– Алина, сени түшүнүп турам, бирок сен да мени түшүнгөнгө аракет кыл. Мен сени сыйлайм, балким, жакшы деле көрөттүрмүн. Бирок сен күткөндөй чоң сезим менен жооп бере албайм. Мен башканы сүйөм.
– Беманыбы?
Азирет башка эмес, өзү мойнуна толук ала электе бул ысым башка бирөөнүн оозунан чыгып турганына таң калды.
– Сен кайдан билесиң?
– Сокурга деле дайын болуп турбайбы. Бирок баары бир үмүт кылгам. Ишенгим келген эмес... Экинчи жолу Бегимай менин жолумда турат деп ишенген эмесмин.
– Аскатпы? Сен дагы аны жакшы көрчү белең?
– Аны сүйбөй коюуга мүмкүн эмес эле. Биздин компаниядагы бардык кыздар ага ашык болуп чыгышкан. Менин ага болгон сезимим деле убактылуу болчу. Бирок сен... Сен жан дүйнөмө терең орун алып алдың. Сен...
Кыз эрдин кесе тиштеп туруп калды. Азирет эки аттап жетип аны кайрадан бооруна кысты. Ага жабыша кучактап ыйлап жаткан Алина:
– Ал баары бир сеники болбойт, ал Аскатты баары бир унута албайт. Мен Беманы билем го...- деп солкулдап жатты.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
ikitaidesu
2012-01-23 10:29:12
Aidanyn kylygy jakpai atat.
0
asdef
2012-01-23 10:59:56
качан бутот экен деги
0
bermi
2012-01-23 12:46:36
bul seriasynda oluttu ech nerse dele bolbodu go

kobuuroook jazywsa emne bolmok
0
Gumaw
2012-01-23 13:20:28
анда эмне Аскатты Алина олтурдубу же Аидабы? Аида эле го Аскарды кызганып же Бема озубу?
0
Arstan
2012-01-23 19:38:05
Gumaw,Бема эмнеге олтурмок эле...
0
aminali
2012-01-23 20:21:59
Bema olturgon jok,korup jatabiz go kandai kinalip jatat al.Aida olturtkon go,bawinda Askat Aidani korup jaman bolgondur.
0
Jann
2012-01-24 18:20:40
Даа, сонун чыгарма китеби бар болду бекен, болсо жакшы болмок бир жума кутпой ээ достор?
0
janetta
2012-01-26 22:52:02
уффффф
0
Jumka
2012-01-29 17:35:43
Сонун чыгарма экен.
0
№ 481, 20-26-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан