Өткөн кылымда Ормон хандын көпкөн уулу Үмөтаалы эриккенде аялдарын чыгарып алып атып ойночу экен. Бир күнү ок эң жакшы көргөн аялына тийип, катуу капа болгон дешет. Ал эми өткөн заман деңизчи, бирок бүгүнкү күндө деле ок менен ойногондор бар тура. 30-декабрь күнү Болот Мамбеткаримов аттуу адамдын жоругу көпчүлүктү таң калтырды.
ЖАҢЫ ЖЫЛГА “СЮРПРИЗ”
Жеке ишкер Болот Мамбеткаримов эмгек жамаатын жаңы жылдык майрамга чогулткан. Майрам ортолоп калганда кызуу жетекчинин “капризи” кармап, залда ызы-чуу салып баштайт. Тынчтандырам деп биринчилерден болуп ишканада айдоочу болуп эмгектенген Рустам Саманчиев аракеттенген. Андан соң жетекчисинин кылыгына кейиген жамаат чогуу сыртка чыгат. Баары чогулуп сүйлөшүп турганда кызууланган жетекчи тапанчасын алып чыгып, жанында тургандар качып, Рустам далысы менен тургандыктан, аны байкабай ошол жерде кала берген. Натыйжада Рустам Саманчиевдин денесине беш ок, ал эми башына бир ок тийип, аз жерден өмүрү менен кош айтышып кала жаздаган.
“Уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат” демекчи, учурда шектүү да, жабырлануучу да ооруканада. Жабырлануучу Рустам Саманчиевдин абалы бир топ эле оор экенине өзүбүз да күбө болдук. Тамак-аш иче албай, трубка аркылуу бир гана суюктук ичет экен. Араң басып, оор дем алып жаткан Рустам Саманчиев ал түнү мындай балээге кабыларын билбесе керек. Андан да кызыгы, Болот Мамбеткаримов “Гранд пауэр” деген травматикалык тапанчасы менен алты жолу атып тим болбостон, аягында бир жолу текшерүү иретинде башына аткан. Иш козголуп, “тентек” жетекчи камакка алынган соң анын ден соолугу начарлап, ооруканага жатып калган. Мамбеткаримовдун ооруканага жатышын жабырлануучу тарап ишкердин жоопкерчиликтен качуу аракети катары баалап жаткандыгын 9-январда өткөн маалымат жыйынында билдиришкен.
«КАМПАДА КАНСЫРАП ЖАТЫПТЫР»
Шаардык №4-ооруканасынын Омуртка патологиясы бөлүмүндө жаткан Рустам Саманчиевдин абалы бүгүнкү күндө оор. Доктурлардын айтуусу боюнча, ага көп сүйлөгөнгө болбойт, анткени анын тамагын ок тешип кеткен. Кулап түшкөндө башты көздөй атылган ок кулагы аркылуу кирип, тамакты, шилекей безин тешип кеткен. Ошентсе да аярлап кепке тартып, ал каргашалуу окуяны өз оозунан угалы дедик.
Баарлашууда ал “кулагым жакшы укпай жатат” деп жатты. Анын ордуна жабырлануучунун жубайы Гүлүкан Айтбаева жооп берди.
– Өзүбүз Токмоктон өйдөрөөк айылда турабыз, беш балабыз бар. Күйөөм бизди багам деп шаарда айдоочу болуп иштечү. Үй алыс болгондуктан, үйгө эрте бошогон күндөрү эле келчү. Кээде Ала-Арчадагы эжемдин үйүнө барып жатса, кээде жумушундагы кампага да жатып калчу. Жаңы жыл болуп калды деп 31-декабрда Рустамга телефон чалсам, үнү чыкпай араң “мени балдар тепкилеп кетишти” деп сүйлөдү. Санаам тынчыбай дароо эле шаарга келдим.
– Сиз келгенде күйөөңүздүн абалы кандай экен?
– Күйөөм “мени сабап кетишти” дегенинен катуу токмок жесе керек деп ойлодум. Шашып Рустамдын жумушуна бардым. Барсам, аңгыраган кампада жалгыз, төшөктө кансырап, алы кетип жатыптыр. Түндөн бери эч кандай жардам көрсөтүлбөй жата бериптир. “Эмне болуп кетти?” десем, “ушундай болду” деп окуяны айтып берди. Ок жегенден кийин өзү эле кафеден чыгып, жолдон машина кармап, анан кампага келе бериптир. Аны уккан соң карбаластап эмне кыларымды да билбей калдым. Кан да көп кетиптир, такси чакыртып ооруканага жеткирдим.
– Кесиптештери жардамдашпай кетип калышыптырбы?
– Карамак турсун көңүл да бурбаса керек. Жок дегенде бири “Тез жардам” чакыртып же доктурга жеткирип койсо болмок. Мейли, жетекчиси мас экен, эртеси күнү соолукту, жанындагылар деле айтышты да “ушинтип сиз аябай мас болуп алып, атып алдыңыз” деп. Эгерде мен келбесем, күйөөм ошол бойдон кансырап жата берсе не болмок?
– Учурда жолдошуңуздун абалы кандай?
– Алты жерине ок тийиптир. Доктурлар алгач жеңилирээктерин алып, беркилерин ала албайбыз деп реанимация бөлүмүнө алып кирип кетишкен. Оор абалда реанимацияда эки күн жатты. Азыр кичине түзүк.
– Жолдошуңуздун жетекчиси же жакындары акыбалын сурап келиштиби?
– Бирөө да келип абалын сурап койбоду. Ошондон улам мен арыз жазып, тийиштүү органдарга кайрылдым. Арыз жазгандан кийин гана жубайы келип, жардамын сунуштады. Арыз түшкөндөн кийин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, ишкерди камакка алуу чечими чыгарылган. Бирок ал учурда саламаттыгы начарлап кеткен деген негиз менен ооруканада жатат.
«ДЕНЕСИНДЕГИ ОКТОРДУН БААРЫН АЛЫП ЧЫКТЫК»
Марат Сабыралиев, Омуртка патологиясы бөлүмүнүн бөлүм башчысы:
– Рустам бизге жаңы түшкөндө абалы өтө оор болчу. Денесине травматикалык тапанчанын 6 огу тийиптир, биз денесиндеги 4 окту алып чыктык, 2 ок чийип өтүптүр. Эң оору кулагынын тешигине кирген ок болду. Ал ок кулактын тешиги аркылуу тамагын жана шилекей безин тешип туруп калган. 1-күнү операция учурунда тамагындагы ок жылып кетиптир. Ал окту экинчи ирет томографиядан өткөрүп, жаактын артынан алып чыгып, тамагын тиктик. Учурда тамак-аш иче албайт, бир гана суусундук ичкенге болот. Азыр тиешелүү дары-дармектерди берүүдөбүз. Кулагы жөнүндө айтсам, аны биз экинчи планга жылдырып жатабыз. Себеби учурда эң негизгиси, тамагын өз калыбына келтирүү. Ал эми кулагы ок жегендиктен, тарсылдагы жарылып калышы мүмкүн же бул ичинде чогулган кандын карты болушу мүмкүн. Баарын толугу менен өз калыбына келтирүү үчүн убакыт талап кылынат.
ЖООПКЕР КАЙДА? ООРУКАНАДА!
Аталган факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 234-беренеси (өлтүрүүгө аракет жасоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми 5-январда Бишкек шаардык Свердлов райондук соту Болот Мамбеткаримовду шаардык №1-тергөө изоляторуна камоо чечимин чыгарган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына барганыбызда Болот Мамбеткаримов ооруканада кайтарууда экендигин билдиришти. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматынын өкүлү Айгүл Давлетбаева төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Арыз түшкөн соң 3-январда Кылмыш-жаза кодексине ылайык иш козголгон. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында ошол эле күнү Болот Мамбеткаримов кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалагынын убактылуу кармоо жайына киргизилген. 8-январь күнү “жүрөгүм ооруп жатат” деп ал өзүн начар сезе баштагандыктан, “Тез жардам” чакырылган. Дарыгер карап көрүп, жүрөгү ооруп жаткандыгын жана кан басымы жогору экендигин, ооруканада дарыланышы керектигин айткан. Учурда ал шаардагы ооруканалардын биринде 2 милиционердин кайтаруусунда жатат. Башында реанимацияда жатты, учурда палатага которулду. Доктурлардын айтымында, ден соолугуна байланыштуу дарыгерлердин карамагында болуусу зарыл. Ооруканадан чыгары менен ал тергөө абагына алынып келинип, иш уланат.
Учурда ооруканада жаткан Болот Мамбеткаримовдун өзү жана жакындары менен байланышууга бир топ аракеттерди жүргүздүк. Улуттук кардиологиядагы болгон бөлүмдөрдү кыдырып, тизмедеги фамилиялардын арасынан издедик. Бирок бир да тизмеден таба албадык.
Айрым маалыматтарга таянсак, Болот Мамбеткаримов бир нече май куюучу жайларга ээлик кылып, темир бизнеси менен алектенет. Окурмандарга бул иш боюнча дагы маалымат беребиз.
Дагы бир таң калычтуу жагдай байкалат. Ок жеген кесиптешине жардам бербестен аны көчөгө таштап кетип калгандар... Заман ушунча бузулуп баратабы же бул жерде кандайдыр бир сыр жатабы, бүдөмүк...
Мальвина Уметбекова
koom@super.kg