ГЕМОРРОЙ – УЯТТУУ ЭМЕС, АЗАПТУУ ООРУ

Доктурга текшерилүүнү көпчүлүк сүйө бербейт. Ал эми проктологго дегеле эч кимдин баргысы жок. Бир жагынан уят көрүшөт. Бирок “ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат” дегендей, оорунун уяты жок. Бул ирет эл сөз кылуудан тартынган геморрой оорусу тууралуу Улуттук госпиталдын проктология бөлүмүнүн жетекчиси Ызакжан Бектенов менен маек курдук.

АКЧА ТАБУУ ҮЧҮН АЛДАШАБЫ?
– Ызакжан мырза, алгач кепти бизге болгон телефон чалуулардан баштасак.
Чалгандар: “Курбум экөөбүз теледен бир проктологдун жарнамасын көрүп калып, ага барган элек. Текшергенден кийин “силердики геморрой экен. Лазер менен жок кылуу керек. Акысы 4-5 миң сом” деди. Бизден кийин кирген келин да сүйлөнүп чыкканынан сурасак, ага да дал эле бизге айткандай айтыптыр. Биздин анча акчабыз болбогондон кийин Улуттук госпиталдын проктология бөлүмүнө кайрылдык эле, лазер-мазери жок, жөнөкөй дары-дармек менен 2-3 аптада айыктырып коюшту. Ошондон улам тиги проктолог акча үчүн баргандардын баарына “лазер менен дарылаш керек” дей берет окшойт деп калдык. Ушинтип элди алдаса боло береби?”- деп кайрылышты. Бул боюнча эмне дейсиз?
– Сиз айткандай окуялар кездешип жатат. Айта турган нерсе, республика боюнча проктология бөлүмү бизде, анан Ош облустук ооруканасында 16 койкалуу гана бөлүмчө бар. Геморройду сапаттуу дарылап айыктыруу үчүн кеминде 4-5 жылдык тажрыйба керек. Бирок жалпы хирургия жаатында иштеп, анан проктолог болом деп биздин бөлүмгө келип, 1 ай курстан өтүп лицензия алып кеткендер бар. Алардын тажрыйбасы жетишерлик эмес да. Оорунун оор-жеңилине карабай “мындай ыкма колдоном, мынча акча алам” десе, ал өз абийиринде.
– Бир жылда бөлүмгө канча оорулуу келип түшөт?
– Биздин бөлүмдө жоон жана ичке ичеги, көтөн чучук оорулары менен 1 жылда 1500дөн көп адамга операция жасалат. Ал эми амбулатордук түрдө дарылангандардын саны 2000-2500гө жетет.

“БАШКЫ СЕБЕПКЕРИ – ЖАМБАШТА УЮП КАЛГАН КАН”
– Геморрой оорусу эмнеден улам жаралат?
– Көтөн чучуктун ич жагында да, сырт жагында да геморройдук түйүндөр бар. Алар өздөрүнүн “жаздыкчалары” менен (сүрөттө жүзүм мөмөсүндөй) ичегидеги нерселерди сыртка чыгарбай кармап турушат. Адам көп кыймылдабаганда жамбашта кан туруп калат да, ошол геморройдук түйүндөр кандан улам көөп чыгат. Мунун натыйжасында акырындап уюган кан (тромб) пайда болот. Мунун алгачкы белгисине көтөн чучуктун тегерегинин аздан кычышуусу, ачышуусу кирет. Буга айрымдар бир топ жылдар бою маани беришпейт. Анан бир күнү ыйынганда көтөн чучуктан кан чачырап, адам даарат кагазында кан калганын көрөт.
Геморройго кез келгендердин кээсинин көтөн чучугунан геморройдук түйүндөр нокоттой же жаңгактын көлөмүндөй болуп көрүнүп турат. Бул оору – уяттуу эмес, азаптуу оору.
– Келип чыгуу себептерин тагыраак айтсаңыз...
– Оорунун келип чыгышынын себептери бир топ:
ичегинин функциясынын бузулушу (ич катуу, ич өтүү), кош бойлуулук, төрөт, дамамат отуруп иштөө (айдоочулар, офис кызматкерлери ж.б.), оор жумуш, ичимдик ичүү.
Аял кош бойлуу кезинде түйүлдүк жамбаш чарасындагы кан тамырларды кысып калат. Мындай кезде аялдын ичи өтсө же ичи катса, туздуу, ачуу тамактарды көп колдонсо, ансыз да чыңалган кан тамырларды ого бетер чыңалтат да, геморройдун келип чыгуу коркунучун күчөтөт.
Төрөт мезгилинде веналардын чыңалуусунан кан туруп калып, геморройдук түйүндөр чоңоюп кетет. Ошондуктан төрөттөн кийин аял туруп калган кан тарасын үчүн жай басып же жатып көнүгүүлөрдү жасашы керек.
– Геморройдун негизги белгилери кандай?
– Көтөн чучуктун оорушу, кан агуу, геморройдук түйүндүн түшүшү, көтөн чучуктун айланасынын кычышуусу жана ачышуусу, суюктуктун бөлүнүп чыгышы эсептелет.

“МУЗДАГЫРААК СУУ МЕНЕН ГАНА ЖУУНУУ КЕРЕК!”
– Бул оорунун кандай түрлөрү бар?
– Курч кармаган жана өнөкөткө айланган түрү бар. Мындан тышкары ички, тышкы жана аралаш геморрой деп да ажыратылат.
Сырткы геморрой – көтөн чучуктун терисинин алдында жайгашкан чырмалышкан веналардын кеңейип кетиши.
Ички геморрой – арткы тешиктин ич жагындагы чырмалышкан веналардын кеңейип кетиши. Бул түрү бир нече стадияга бөлүнөт:
I стадия – көтөн чучуктагы чырмалышкан веналардын кеңейиши.
II стадия – веналар кеңейип отуруп, геморройдук түйүн пайда болот.
Күч келгенде (ыйынганда) түйүн көтөн чучуктан чыгып кетет да, бирок кайра калыбына келип калат. Геморрой андан өнүгүп кетпеши үчүн адам дааратканада ичегисин бошоткон соң ордунан турбай жумшак кагаз менен аарчынып, анан муздагыраак суу менен көтөн чучугун кол менен сылап жуушу зарыл. Ысыктын кеңейте, муздактын тарыта турган күчү болгондуктан, муздагыраак суу булчуңдарды жыйрылтып, көтөн чучуктун кайра киришин шарттайт.
Кээ бирлер ордунан туруп, анан булчуңун ичке тартып, геморройду ичке киргизүүгө аракет кылышат. Бул туура эмес. Чыгып калган геморрой адам турганда кыпчылып калат да, ичке кирбейт.
III стадияда геморройдук түйүн түшөт (сыртка чыгып калат). Кол менен ичке киргизүүгө туура келет.
IV стадияда геморройдук түйүн көтөн чучуктун былжыр кабыгы менен кошо сыртка чыгып калат да, ичке киргизүүгө мүмкүн болбой калат (кол менен дагы). Жүк көтөргөндө, көбүрөөк басканда деле чыгып кетет.
Аралаш геморройдо ички жана тышкы веналар да кеңейип кетет.

“ООР ТҮРҮНДӨ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛАТ”
– Дарылоодо кандай ыкмалар колдонулат?
– Ички геморройдун 1-2-стадиясында консервативдүү дарылоо (операциясыз) жүргүзүлөт. Дары свечалар жана антибиотиктер колдонулат.
Консервативдүү дарылоо жардам бербесе, төмөндөгү ыкмалардын бири колдонулат:
1. Инфракызыл нур менен күйгүзүү. Геморрой түйүндөрүнө келген кан тамырлар күйгүзүлүп, оору жок кылынат.
2. Склеротерапия. Көтөн чучукка атайын зат киргизилет. Геморрой түйүндөрү бырышып, андан ары чоңоюшу токтойт.
3. Латекс шакекчелерин түйүндөргө кийгизүү. Шакекчелер кийгизилген соң түйүндөр өлүп (некроз), өзү түшөт.
Ички геморройдун 3-4-стадиясында операция жасалат. Операциянын узактыгы 30 мүнөттүн тегерегинде.

“САМЫН МЕНЕН ЖУУНБОО, КУЙРУК МАЙ КОЛДОНБОО КЕРЕК!”
– Кээ бирлер геморройдо чочконун майын, куйрук майды колдонушат. Бул туурабы?
– Экөөнүн тең геморройдо таасири жок. Кайра ооруну күчөтүп жиберет. Геморройдун кайсы стадиясы экенин билбей дарыканадан дары-дармек алып, өз алдынча дарыланууга да болбойт. Андыктан убакыт менен акчаны коротпой, проктологго келүү керек.
– Марганцовка, самын менен жуунуучу?
– Экөө тең көбүрөөк колдонгондо көтөн чучуктун айланасындагы терини кургатып, ооруну күчөтүп жиберет. Жогоруда айткандай, геморрой болсо да, болбосо да муздагыраак суу менен жуунуу зарыл. Бул геморройдун жаралуусунун алдын алат.
– Оорунун алдын алууга кеңе­ши­ңиз...
– Ичтин катканына жеткирбөө, ич өтсө убагында дарылануу керек.
Дамамат отуруп иштөөчүлөр 3 саат сайын 10-15 мүнөт басып же көнүгүүлөрдү жасоосу, жумшак креслону катуу орундукка алмаштыруусу кажет.
Ун азыктарынан жасалган тамак-ашты аз, жашылча, айранды көбүрөөк пайдалануу туура.
Боюнда барлар жамбашында кан уюп калбоосу үчүн сейилдеп, гимнастика жасоолору зарыл.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
BUKEN
2012-01-24 17:08:54
бул оору менен ооруп уялып барбай жургону канча жакшы кенеш берипсинер
0
Karakolskiy
2012-01-24 20:07:11
Ошон учун пайгамбарыбыз сунотторун медицина онуго электе эле калтырып кеткен... Ошон учун туалетке баргандан кийин объязательно жууш керек..
0
sherbet
2012-01-25 16:56:31
чындыгында коркунучтуу экен. Озу оорунун жакшысы жок болсо керек!!!
0
zolotka
2012-01-25 19:02:21
superinfo ushu makalani jakwi jazipsinar emi mindan kiyin bilip jurobuz
0
Joke82
2012-01-25 19:29:22
Кудай сактасын, андай оорудан!
0
beka8585
2012-01-26 16:56:27
менин аялым уялып барбай журот эми бар деп айтайын торогондон кийин ушундай болуп ооруп жатат
0
arno2008
2012-01-27 11:44:53
рахмат
0
tugolbai
2012-01-30 17:28:18
Рахмат! Жакшы кенештер экен
0
Eshka
2012-02-06 10:51:53
Жакшы кенештериниздер учун чон рахмат, бирок бизге адрестерин, жана байланыш телефондорун берсениздер жакшы болмок. Эми чындап эле коркуп калдым.Кайрылууга туура келип калды окшойт.
0
tolyan
2012-04-03 00:20:38
магада жардам бергилечи сураныч
0
Asus84
2012-05-04 09:09:14
мм мен да коркуп калдым дебей баралы анда баарыбыз
0
ziya_28
2013-07-27 21:56:07
Кудай сакта! Швеяда иштеген эжем ооруп журот.
0
begish_92
2013-11-04 22:23:46
каапыраай
0
skanatbek
2014-01-18 22:06:22
ушул адис кайсы болницада иштейт
кабарлап койунуздарчы
0
Sul00
2014-04-26 09:09:50
кобунчо аялдар торогондо пайда болот дейтко
0
№ 481, 20-26-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан