ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ
Чычырканактын ашы организмге керектүү натрий, магний, кремний, темир, алюминий, кальций, никель, марганец өңдүү заттарга бай. Мындан сырткары курамындагы витаминдер:
В, В1, В2, B6, B15 – адамдын нерв, тамак сиңирүү системинин жана жүрөктүн иштешин жакшыртат. Жаш балдардын боюнун өсүшүнө жана жарааттын эрте айыгышына таасири чоң.
С – иммунитетти чыңдап, суук тийгенде пайда болуучу оорулардан сактайт.
Е – иммунитетти көтөрүп, булчуңдардын чың болушун камсыздайт.
F – теридеги зат алмашууну жөнгө салат.
К – кан агууну азайтат жана ууга каршы касиетке ээ.
Майы
Жалбырагы да дары
Чач түшкөндө...
2 стакан кайнак сууга 2 аш кашык чычырканактын ашы менен бир аз жалбырагы алынып, 2 саат демделет. Анан 150 граммдан күнүгө 2 жолу тамактын алдынан ичилет. Жатар алдында башка сүйкөө да сунушталат.
Муун оорусунда...
Муун жана кызыл жүгүрүк (ревматизм) ооруларында 1 стакан сууга 1 аш кашык майдаланган жалбырагы салынып, 10 мүнөт кайнатылат. Күнүгө 1-2 стакандан 2 маал ичүү керек.
КОСМЕТИКАДА
Кургак бетке маска. Чычырканактын ширесинен даярдалган маска кургак терилүү бетке жакшы жардам берет. Нымдуулукту сактап жумшак кылат жана бетти витаминдер менен азыктандырат. Бырышты жазып, терини сергитүүчү касиетке ээ.
Керектүү азыктар:
1 чай кашык чычырканактын ширеси
1 чай кашык чычырканактын майы
1 жумуртканын сарысы
Даярдоо:
Жогорудагы азыктарды жакшылап аралаштыруу керек. Эгер чычырканактын ширеси жок болсо, алма же, апельсин же мандариндин жаңы сыгылып алынган ширеси деле жарайт. Даяр болгон массаны бетиңизге тегиз сыйпап, 15-20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салуу зарыл.
АШКАНАДА
Чычырканактын ашынан кыям, пюре, повидло жана шире даярдалат.
КЫЯМ
Керектүү азыктар:
1 килограмм чычырканактын ашы
1 килограмм кумшекер
1 литр 200 грамм суу
Даярдоо:
Чычырканактын жуулуп-тазаланган мөмөсү кайнап жаткан сироптун үстүнө салынат. Бир "бурк" этип кайнаган соң жай отто кайнатылат. Кыямдын даяр болгондогу белгиси: чычырканактын ашы бири-бирине жабышпай, топтошпой калат. Сироп тунук болот. Даяр болгон кыямды банкаларга куюп коюу керек.
ЛИМОНАД
Керектүү азыктар:
1 стакан чычырканактын ашы
1 лимон
100 грамм кумшекер
100 грамм суу
Даярдоо:
Чычырканактын ашын эт туурагычтан өткөрүп, үстүнө кумшекер кошуп жай отко кайнатып алуу керек. Анан суу куюп дагы бир жолу кайнатып алып, 2 саат муздатуу зарыл. Лимонад ичүүгө даяр.
ОҢОЙ ЖЫЙНОО ЖОЛУ
Чычырканактын ашындагы пайдалуу витаминдер жоголбошу үчүн 15 градустан жогорку суукта жыйноо зарыл. Кыштын башында эртең менен эрте чогултуу оңой. Ал үчүн чычырканактын түбүнө клеёнка же чүпүрөк материал жайып, чычырканакты силкилдетүү керек. Суукка тоңуп турган ашы күбүлүп түшөт.
КЫЗЫКТУУ
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg