“Сүйүүнү да издеген киши табат” дегендей, бүгүн биз түгөй издеген жаштарга көпүрө курдук. Тагыраак айтканда, “Супер сулуу-2011” сынагындагы “Сымбаттуу сулуу” наамынын ээси Айтурган Исраилованын жүрөгүнүн ээси болуу үчүн “Non-Stop” дуэтинин солисти Максат, ырчы Амир Аскаров жана “Тамашоунун” “Ак кеме” командасынын оюнчусу Эркин Усенбаев ат салышышты.
1. Алгач Айтурган өзүн тааныштыруунун “ысык” жолун тандаптыр. Чыгыш бийин бийлеп жатканда жигиттердин жүрөгү туйлап, чыдабай тура калып кол чаап, коштой бийлеп да жиберишти.
2. Оюнубуздун кийинки бөлүгү суроо-жооп аркылуу жакындан таанышуу болду. Айтурган “эгерде мени сүйсөң, мен койгон бардык шартка көнөт белең?” деп бир нече өзүнүн талаптарын коюп кирсе, жигиттер акыл калчап жооп берип жатышты.
3. Кийинки сынак жигиттердин баамчылдыгы менен эске тутуусун текшерүү болду. Айтургандын кандай кийинип турганын, тагынган сөйкөсүнүн өңүнө чейинки суроолор берилди. Бул жаатта жигиттер аялзатына тиешелүү нерселерге көп маани бербегендиги билинип, ар кандай “жомокторду” айтып жатышты. Эркин “мен аялдардын кийим-кечесине кийлигишпейм” деп кутулса, Максат “кара колготкиси бар” деп туруп алды. Амир сулуунун туфлиси жакшынакай жарашарына басым жасап тим болду. Ошентип, бул сынакта жигиттерибиз кыздардын кандай кийингенине анча баам салбай тургандыгын билдиришти.
4. Эң кызыгы “Кокус келинчегиңер айылчылап кетип калса...” деген сынакта башталды. Айтурган сууга бышырылган картошка, жумуртка, сыр, туздалган бадыраң, майонезди жигиттердин алдына койду. Кыз жүрөгүнө талапкерлер 3 мүнөттүн ичинде ушул азыктардан бир салат жасашы шарт эле. Бул сынакта Эркин “Смайлик” деген салаты менен таң калтырса, Максат “Айтурган” деген салаты менен андан кем калышкан жок. Ал эми Амир буга чейин ашканага аралашып көргөн эмес окшойт, салатына картошканын кабыгын аарчыбай да кошуп жибериптир. Мунусун “бул ушундай “Чыгармачыл бардак” деген салат” деп кутулду.
5. Кыздын көзү кызылда экенин жигиттер жакшы баамдашат окшойт, Айтурганга белектерин да камдай келишиптир. Эркин “менин жашоом бул – “Тамашоу” деп “Тамашоунун” дискин берсе, Максат билерик тапшырды. Ал эми Амир “мен кыздарга белек бербейм, качан гана мага турмушка чыкканда каалаганын алып берем” деп туруктуулукка басым жасаарын билдирди.
6. Айтурган сыноодон өтүп жаткан жигиттердин ичинен жүрөгүнө жакынын тапты көрүнөт. Бизге белги берген соң сынактар токтотулду.
“Сымбаттуу сулуубуз” “үч жигиттин ичинен Максатты тандадым. Ал мага өзүнүн орундуу сүйлөгөнү жана токтоолугу менен жакты” деген чечимин айтты.
Ошентип, жаш жүрөктөргө көпүрө болгон биз жапжаңы эле табышкан түгөйгө белектерди берип, анан да биринчи жолугушууларына шарт түзүп киного билет бердик. Албетте, бул – шоу. Эгер табышкандардын жылдызы келишип, чыныгы түгөйлөргө айланса, буга себепкер болдук деп кубанабыз.
Бахияна Сатылганова, Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg