ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Италия

КАПИТАН ДОСУНА КОЛ БУЛГАЛАЙМ ДЕП КЕМЕНИ ЧӨКТҮРДҮ
13-январда 4 миңден ашуун жүргүнчүсү бар италиялык компаниянын "Коста Конкордиа" аттуу кемеси Италиянын Жилио аралынын жанында кырсыкка кабылды. 11 адам каза таап, 24ү дайынсыз жоголду. Кемени башкарган капитан Франческо Скеттино кырсык болору менен качып кеткендиктен, колго түшүрүлүп, убактылуу кармалуучу жайга камалды. Трагедиянын келип чыгышына Жилиодо жашаган досуна кол булгалоо үчүн капитан кемени жээкке жакын айдатып барган дешүүдө. Кырсык болгон соң капитан биринчи кезекте жүргүнчүлөрдү куткаруу иш-чарасын көрүүнүн ордуна качып кеткен. Натыйжада кемедеги жүргүнчүлөрдү эвакуациялоо ишин экипаждын мүчөлөрү аткарышкан.
Италиянын мыйзамы боюнча, кырсык учурунда кемени таштап кеткен капитан 12 жылга эркинен ажыратылат.

Түндүк Корея

ЖЕР ТЕПКИЛЕП ЫЙЛАГАН КОРЕЙЛЕР ЖАЗАДАН КОРКУШУПТУР
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ир каза тапканда дүйнөлүк ММКлар жергиликтүү элдин ботодой боздоп, аял-эркеги баш болуп жер тепкилеген фотосүрөттөрүн жана видеокадрларды көрсөтүшкөн эле. Бул көрүнүш көпчүлүккө өөн учураган болчу. “Чындап эле бүтүндөй журт лидерди жоготууга катуу кайгырып жатабы?” деген суроо туулбай койгон эмес. А бирок бул кайгы-муңдун түп тамыры тээ илгери жазылган өлкөнүн мыйзамынан улам экенин Түштүк Кореянын оппозициясы маалымат булактарында жарыялады. Ага ылайык, көзү өткөн лидер менен коштошууда жарандар жетишерлик деңгээлде ыйлап эмоциясын көрсөтпөсө, 6 айга эмгек лагерине жөнөтүлөт. Андыктан лидердин сөөгүн жерге берүү азасында жакшы ыйлабай койгондорду жоопко тартуу боюнча “элдик соттун” биринчи отуруму болгонун билдирет.

Казакстан

ЕККУ: КАЗАКСТАНДА ДЕМОКРАТИЯЛЫК ШАЙЛОО БОЛГОН ЖОК
Казакстанда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыкты. Ага ылайык, үч партия парламентке өтүп, былтыркы жылдагыдай эле президент Нурсултан Назарбаевдин “Нур Отан” партиясы эң көп добушка ээ болду. Башкача айтканда, шайлоочулардын 80,99 пайыз добушун алып, 83 депутаттык мандатка кожоюн. Ал эми экинчи болуп 7 пайыздык шайлоо чегинен өткөн “Ак жол” партиясы 7,47 пайыз колдоо менен 8 мандат алса, Казакстандын Коммунисттик-элдик партиясы 7,19 пайыз добуш менен 7 мандатка ээ болду. Казактардын ММКларында шайлоонун ачык өткөнү баяндалса, Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунан (ЕККУ) келген байкоочулар шайлоо демократиялык стандарттарга жооп бербегенин жар салышты. Алардын айтымында, кээ бир партиялар жөндөн жөн эле тизмеден алынып салынган. “Казак бийлиги буга чейин айткандай, парламенттеги партиялардын санын көбөйтүүнү кааласа, чыныгы оппозициялык партияларды катыштырышы керек болчу” дейт ЕККУнун миссия башчысы Жоао Соарес.

Украина

“МАЛЯР” КЕЛИП, ЯНУКОВИЧТИ БОЁП САЛДЫ
Украинанын Волынск облусунун 73 жаштагы тургуну өлкө президенти Виктор Януковичтин плакатын кызыл боёк менен боёп жаткан жеринен кармалган. Картайган украиналык абышка таякка оролгон кебезди боёкко малып, жолго илинген плакаттагы президенттин сүрөтүн боёп жаткан. Ал “Януковичтин өңүн да көргүм келбейт, аны президент катары эсептебейм” деген. Украиналык лидердин сүрөтүн кордоо өлкөнүн башка жерлеринде да катталууда. Жаңы жылга карата Януковичтин куттуктоо плакаттарына Ровненск, Закарпатский жана Луганский облустарында жумуртка ыргытылса, Одесса шаарынын өзүндө эле ондон ашык плакат жарактан чыгарылган.

Турдугүл Каримова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
aminali
2012-01-23 20:28:05
Ошо Кореалыктардын ыйлаганын көрөп таң калып койгом да,ушунчалык да ыйлайбы деп.
0
OMG
2012-01-24 07:20:22
komedya ele eken zakonu, kantip yilashat, esli yilagy kelbesechi kalp ele akter bolo berishebi,
0
KGTaLaS
2012-01-28 19:08:21
тан калдым эле кореялыктарга,корос закону ушундай экен да
0
№ 481, 20-26-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан