«УНУТУЛГУС ЖАЛЫН»

ЖОЛУГУШУУ
– Эмне артыман түшүп алдың?
– Унута албай койдум. Менин шорум, сени чындап сүйгөнүмдү кийин түшүндүм. Ошол окуяга чейин сен мага көп кыздын бири элең. Бирок...
– Бир учур болгон, өрттөй жанып, эч нерсени карабай аркаңдан ээрчип кете турган. Бир учур болгон, сени жек көргөн адамымдан жаман жек көргөн. Азыр... Азыр мен сени жөн гана аяйм... Башка сезим жок сага деген...- сулуу аял башын көтөрүп, Кутманды тике карады. Жалт эткен көздөрүнөн жалын чачырап туруптур. Түрмөгө түшсө да, көрбөгөн кордукту көрсө да, бул көздөрдүн жалыны өчпөптүр. Ушу нерсе аны эсеңгиретип жиберди. Адамдын жаркып, жылмайып турганына не жетсин? Бирок аялдын кусалуу, муңайым, токтоо турушунда сөз менен айтып бүткүс сулуулук жаткан эле. Дирт этти жүрөк бул көрүнүштөн...
Аял жай тигилип турду да, бурула чыйыр жол менен узап кетти. Анын карааны көрүнбөй калганга чейин тиктеп турган Кутман өзүн күтүп турган машинага жетип, айдоочусуна бурк этти.
– Айда, кеттик!

ЧЫККЫНЧЫЛЫК
Чоң энеси “кыздардын эң адемиси, эң сулуусу болсун” деп атын Адеми койгон эле. Чындап эле кир кол менен кармагыс сулуу кыз болуп өстү. Дүйнөсү аруу, таза, баладай ишенчээк эле. Адеми сүйүүсүнө ошол жазда кезикти. Бойлуу, келбеттүү, акылдуу жигит... Ар бир бийкечтин кыялы эмес бекен, ов!
– Балам, сен ага ишенесиңби? Байкачы, негедир көңүлүм бир орунда эмес,- деди чоң энеси жай гана көкүлүнөн сылап.
– Апа, сүрөтүн көрсөтөйүнбү? Аны көрсөң эле кандай адам экенин түшүнөсүң,- так секирип ордунан турган кыз шаша-буша сумкасын оодара салып, сүрөттү чоң энесинин маңдайына такай берди.
– Сулуу бекен?
– Чырайын чылап ичет белек, балам?! Жалгыз жаныңа шерик болсо болду.
Ар дайым мээримдүү сүйлөгөн энеси ошол жолу чырайлуу жүзгө карагысы келбей, өкүм сүйлөп, этегин кага ордунан туруп кетти. Балким, эне жүрөгү сезди бекен?
Кутмандын жүрүш-турушунда табышмактуу нерсе бар эле. Качан болсо табышмактуу телефон чалуулар, алдында улам жаңы машина, акча... Экөө отурганда бир коңгуроо болсо, эч нерсеге карабай алып учуп жөнөп берчү да, кайдадыр жоголуп жүрүп кайтып келчү. Адеми бул нерселерди бир аз ойлоно калып, кийин тез эле оюнан чыгарып жиберчү. Ойлоно турган нерсе бекен десең?!
Ал кечте Кутман, Адеми теңтуштары менен отурушкан эле. Оюн-күлкүгө, махабатка мас кыз чакан сумкасы Кутмандын колунда экенин деле байкабады.
– Карасаңар, эй, түнкү Бишкек укмуш сулуу, ээ?- деди Кутмандын досу Бакыт.
– Айрыкча сендей болуп ашыкча ууртап койгондорго өзгөчө сулуу...- деди какшык жылдырган дагы бир кыз.
Аздан соң мас болгон жигиттер каткырып, кыйкырып, ойго келбеген нерселерди жасап, бири-бири менен кызыл чеке болуп мушташканга да өтүштү.
– Эй, мына буларды кара, дардаңдашат го...
Кайдан-жайдан машинасынын сиренасын кыйкыртып пайда болгон милиция кызматкерлери тез эле аларды курчап алышты.
– Эй, эй, биз эс алып жүрөбүз,- дегенге алы келди бирөөнүн.
– Көрүп турам, кантип эс алып жатканыңарды. Кыздар, силер бул жакка туруп тургула.
Алаңдаган Адеми милиционерлер келгенде эле Кутман колун коё берип, бир аз артка басканын, чөнтөгүнөн бир нерсе алып сумкага салганын чала-чарпыт көрүп калды. Тинтип жатышып Кутмандын колунан сумканы жулуп алган милиционер сумканы заматта аңтара чүпүрөккө оролгон нерсени сууруп чыкты.
– Мына сага тамаша, бул кимдики?
– Бул кыздыкы,- деди Кутман.
– Сенин кызыңбы?
– Жок, бүгүн эле тааныштык. Бул... бул кыздын атынан башка эч нерсесин билбейм.
Адеминин бакырайган көздөрү Кутманга кадалды да калды. Эмне үчүн минтип жатат? Тиги сумкадагы эмне? Эмнеге баары ага мындай тигилишет? Эсеңгиреген кыздын башына эч нерсе кирген жок. Качан гана колдорун артка кайрып, милиция кызматкерлери алып жөнөгөндө артын карап “Кутман!” деп бакырып-бакырып жиберди. Жан далбастай ага жүткүндү. Элесинде калганы, ага далысын сала бурулуп бараткан Кутман болду.

ЭНЕНИН КӨЗ ЖАШЫ
Тергөөчүнүн жанын эзген суроолоруна жооп бере берип чарчады кыз. Каргашалуу күндөн канча күн өтсө да Кутман келген жок. Акыркы чекитке чейин андан үмүтүн үзө албаганы менен, көзүнө кайра-кайра чөнтөгүнөн алып бир нерсени сумкага салып койгону, далысын сала ары бурулганы тартылат. Табышмактын жандырмагын курбусу ачты. “Кутман көп жылдан бери эле баңгизат сатуу менен алектенет экен. Болбосо кайдан эле машинадан машина алмаштырып жүрөт? Сени жөн гана пайдаланып кетти” деди тиги Адеминин абалына жаны ачый.
– Апам?.. Апам кантти? Намысынан өлүп кетти го байкуш апам?- деди биринчи эле чоң энесин эстеген Адеми.
– Насыйкат эже сага ишенет. Жакында өзү келет сага.
Шалдырап камерасына жөнөгөн Адеми бир топ күн өзүнө келе албай койду. Балким, чоң энеси келбегенде ошол боюнча өзүнө келе албай, аруу дүйнөсү кир чалып, жүрөгүн кара так баскан боюнча калат беле, ким билсин. “Айнегим, сен тазасың, сен аксың. Сына көрбө, кызым. Сени минтип какшаткан адам жазасын алат. Болгону, жашоодон түңүлө көрбө. Эртең эле баары өзүнүн ордуна келет” деди көз жашын төккөн чоң энеси. Ошондо гана бакырып, чоң энесинин кудуреттүү кучагына жыгылып ыйлап жатты кыз. Көз жашы дайра болуп агып жатты. Чачынан сылап эркелеткен чоң энеси да дирилдеп ыйлап жатканын сезди. Башын көтөрүп, жаштуу көздөрү менен чоң энесине тигилди.
– Апа, мен үчүн жашоо оор. Кээде жанымды кыйсамбы деп да ойлоп кетем. Бирок сен келгенден кийин мен ким үчүн бул жашоо менен күрөшөрүмдү түшүндүм. Сенин бир тамчы жашыңды агызбайм, апа. Менден үмүтүңдү үзбө, күт мени, апа...
Конвойдун артында үмүт менен турган апанын да, колун аркасына алып бара жаткан кыздын да жүрөгүндө үмүттүн оту жанды. Жолугуудан кийин ар дайым шалдайып келчү Адеми бул жолу башын бийик көтөрүп, жеңиштүү кирди.

xхх

Адеминин соту көпкө созулуп, күчтүү адвокаттын жардамы менен 3 жылга соттолду. Үч жыл аны жашаткан апасынын көзүндөгү үмүт болду. Түрмөдөн чыккан соң окуусун улантты, турмушка чыкты, балалуу болду. Жүрөк жарасы айыгып калгандан кийин тагдыр аны Кутман менен жолугуштурду. Бир кезде бири-бири үчүн жан бере турган адамдар эми таптакыр бири-бирине чоочун эле. Кутман ошол боюнча үйлөнгөн жок. Бир жазыксыз каректен көз жаш агызганы үчүн, өз сүйүүсүнө чыккынчылык кылганы үчүн тагдырдын жазасы болду белем. Бир кезде кыздын карегиндеги жалынга жылынган ал ошол жалын унутулбай аны өмүр бою күйгүзүп өтөрүн учурунда билген эмес...

Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Arstan
2012-01-23 21:51:16
Окунучтуу тагдыр экен.
0
Mirlanbek1405
2012-01-24 16:42:48
Аябай окунучтуу жазылыптыр
0
Anisaydan
2012-01-25 03:21:46
Мен да кошо ыйладым...
0
almasha
2012-01-25 17:23:22
Ушундай балдардан,куру дооматтан Кудай озу сактасын.Заманыбыз тынч болсун.
+1
Tok
2012-01-28 22:50:58
Аллатала озу сактасын
0
№ 481, 20-26-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан