Буга чейин өлкөбүздө спортчулар саясатка аттанганы менен, ажолукка ат салышкан мисалдар жок. Ал эми Европада кеп башка. Дегеним, англиялык “МЮнун” экс-футболчусу Эрик Кантона быйыл апрелде өтүүчү Франциянын президенттик шайлоосуна талапкерлигин коюуда. “Учурда шайлоонун талаптарынын бирин аткарып, 500 кишинин колун топтоп жүрөм. Жакырчылыкты жоюу программасын көтөрүүдөмүн. Өлкөмө күйгөнүм үчүн анын эртеңин чечүүчү шайлоого аттандым”,- дейт экс-футболчу. Тамашалуу түрдө "футболчудан ажоң болсо адашпайсың" деген анын колдоочулары четтен чыгууда. Эмне дейбиз, албетте, жашасын футбол!