Спорт сүйүүчүлөргө дагы бир сүйүнүчтүү кабар. “Лондон-2012” Олимпиадасына мылтыктан таамай атуу боюнча Руслан Исмаилов жолдомо алды. Руслан жакында Катарда өткөн Азия биринчилигинде 6-орунду ээлеп, андагы көрсөткүчү (696 упай) менен Олимпиаданын нормативине жооп берди. Айта кетсек, бул өлкөбүздүн “Лондон-2012” Олимпиадасына 4-жолдомосу. Буга чейинки 3 жолдомону жеңил атлетикачы Юлия Архипова, дзюдочу Чингиз Мамедов жана таэквондочу Расул Абдураим камсыздашкан.