10-15-январь аралыгында Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда күрөш сүйүүчүлөрү үчүн майрам болду десек жаңылышпайбыз. Анткени бири-бирине удаа эле эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча өлкө чемпиондугу өттү. Беттештер, албетте, катуу сүрөөн менен өтүп жатты. Биринчилик алкагындагы башкы окуя “Бээжин-2008” Олимпиадасынын триумфатору Руслан Түмөнбаевдин ортодогу “эс алуудан” кийин кайрадан өлкө чемпиону аталганы болду. Мелдештин жыйынтыгына карап КРнын курама командасы түзүлдү.
ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР
Эркин күрөш боюнча:
Айбек Ташматов (55 килограмм)
Улукман Маматов (60)
Азат Миррахимов (66)
Ойбек Насыров (74)
Айбек Усупов (84)
Магомед Мусаев (96)
Айаал Лазарев (120)Грек-рим күрөшү боюнча:
Арсен Эралиев (55)
Руслан Түмөнбаев (60)
Руслан Царев (66)
Азат Бейшебеков (84)
Камбар Жоробеков (120)Кыздар арасында:
Мехринисо Нурматова (48)
Бермет Нурланбек кызы (51)
Гулина Кубатбек кызы (55)
Бурул Алыкулова (59)
Айсулуу Тыныбекова (63)
Кундуз Берди кызы (67)
Алтынай Анарбек кызы (72)