Бир кезде бокс популярдуу боло боштаганда "негр нанга да акчаны бокстон табат. Анткени жеңсе да, жеңилсе да акча алат" деген кеп тараган. "Учурда бул көрүнүш эрежесиз эр урушка ооду" дешет адистер. Мушкер боксту, балбан күрөштү таштап эрежесиз эр урушка өткөнүн көрүп, ал кепке ишенбей коё албайсың. 8 бурчтуу тор аянтчада өтчү панкратиондо эмне кызык бар?
ПАНКРАТИОН ДЕГЕН ЭМНЕ?
Олимпиада оюндарына кирген алгачкы спорт түрү панкратион (грекче "пан" – "баары" жана "кратос" – "күч-кубат") Байыркы Грецияда пайда болгон. Анда эрендер атаандашын өлтүрбөшү жана тиштебеши үчүн гана көзөмөл болсо, 1960-жылы америкалык Жим Арвантис ага учурда колдонулуучу эрежелерди киргизген. Бүгүнкү күндө Евразия, Америка жана Бразилияда тамыр жайган панкратиондун Эл аралык федерациясы өз ичине 200 өлкөнү камтыйт.
ЭРЕЖЕСИЗ ЭР УРУШТУН "АТАСЫ"
Панкратионду эрежесиз эр уруш түрлөрүнүн "атасы" дегенге болот. Анткени азыр ааламга кенен тараган MMA, стайкфорс, вале-тудо, миксфайт, ЮФС сыяктуу эрежесиз эр уруш түрлөрү панкратиондун эрежелерин алган. Аталыштары ар башка болгону менен, эреже жагынан айырма жок. Айта кетсек, окумуштуулар эрежесиз эр урушчулардын көбүнчө атаандашынын колу-бутун чоюп, муунтуп жеңерин аныкташкан. Анан да атаандашты нокаутка уруу бокско салыштырмалуу аз катталат.
ЭРЕЖЕЛЕР
Салмак категориялар
93-120 – супер оор салмак
84-93 – жарым оор салмак
77-84 – орто салмак
70-77 – жарым орто салмак
66-70 – жеңил салмак
Убакыт
Негизинен, беттештер 3 мүнөттөн турган 2 раунддан турат. Ал эми кур үчүн болгон беттештерге 5 раунд бөлүнөт.
Кийим, коргоочу жабдыктар
Эрендер алаканы ачык мээлей, оозго капа (тишти коргоочу каражат) жана жука чурайга бандаж кийүүгө тийиш.
Эркектерге рингге чолок шым гана кийип чыгуу каралса, айымдар чолок шым менен спорттук төш тарткыч кийишет.
Тыюу салынат!
Жеңиш сеники, эгер...
Жеңем десең...
8 БУРЧТУККА КОШ КЕЛИПСИЗ!
Металлдан турган 8 бурчтуктун диаметри 3, бийиктиги 2 метрди түзөт. Беттеш маалында ага 2 мушкер жана 1 калыс гана кирүүгө тийиш.
1. ЭРЕНДЕР. Бири көк, бири кызыл бурчка жайгашуусу кажет. Алардын мээлейлери да бурчтун өңүндө болуп, мушкер кайсы бурчтун өкүлү экени билинип турушу керек.
2. КАЛЫСТАР. 8 бурчтукка кирерде текшеришет. Андан соң эрен рингдеги негизги калыска тапшырылат. Ал эрежелердин сакталып жатканына көңүл бурат.
3. ДАРЫГЕРЛЕР. Ар бир спортчуга бирден дарыгер дайындалат. Ал эрен кансырамайынча же башка кокустуктар катталмайынча темир торго кирүүгө акысыз.
4. СЕКУНДАНТТАР. Раунддар аралык тыныгууда эрендердин денесин жибитүү үчүн массаж жасап, муз менен сүртүшөт. 8 бурчтукка ар бир мушкердин 2 гана кишиси кире алат. Эгер мушкер дарыгерге муктаж болсо, секунданттардын бири дарыгерди киргизип, өзү чыгып кетиши керек.
5. КАПТАЛ КАЛЫСТАР. Беттеш 3 каптал калыстын көзөмөлүндө өтүп, алар упай санап, жеңүүчүнү аныкташат.
6. БАЯНДАМАЧЫЛАР. Беттештин жүрүшүн баяндоочулардын 8 бурчтукка жакын отурганынын себеби – мушташтын жүрүшүн так чагылдырууга, жеңүүчүдөн интервью алууга ыңгайлуу экендигинде.
7. УЮШТУРУУЧУЛАР. Рингге жакын отурган жетекчилер жеңүүчүлөрдүн атын жарыялашат.
8. КЫЗДАР. Бул кыздар жигиттерге көз кыскандан тышкары кайсы раунд болорун билдирип турушат.
КЫРГЫЗ ПАНКРАТИОНУ
Советтик бийлик тушунда эрежесиз эр уруштарды өткөрүүгө катуу тыюу салынгандыктан, Кыргызстанда панкратион 90-жылдары гана пайда болгон.
Кыргыз панкратионунун алгылыктуу жеңиши деп Канжарбек Кыдыралиевдин 2 ирет Евразия чемпиону болгонун айтсак болот. Бирок аталган федерация 2006-жылдан тарта белгилүү себептер менен ишин токтотуп, өлкөдө эрежесиз эр уруштун вале-тудо версиясы жандана баштаган. Соңку мезгилде бул версияда ийгиликтер көп жаралууда. Ушундан улам эл көзүнө көрүнүп калган эрендерди кепке тарттык.
Актилек Жумабек уулу
2 жолку КМШнын (2010-2011-жылдары) жана 2 жолку Азия чемпиону (2011).
Лакап аты – Алгыр
Жашы – 20да
Жердиги – Өзгөн районунун Эркин-Тоо айылы
Бою – 180 сантиметр
Салмагы – 70 килограмм
– Бул кооптуу спортко кантип келгенсиң жана анын курмандыгы болуп көрдүң беле?
– Бул спортко мен акча үчүн эмес, өлкө желегин желбиретүү тилеги менен 2009-жылы келгем. Иттей кылып тордун ичине камап койсо, жеңип чыгуу оңой эмес. Спорт да, жеңесиң, жеңилесиң... Эсимде, бир ирет Бишкекте мушташып жатканда жыгылып калсам атаандашым бетке тээп жиберген. Мурдум сынып кеткен экен, дарылатып араң калыпка келтиргем. Анан Казакстанда да ушундай болгон. Атаандашымдын бутун чоёюн деп жатсам, 2 ирет бутумду тиштеп салган. Оор жаракат болгон эмес, ошентсе да казак калыстардын карабай койгонуна кейигем.
Рашит Аманкулов
Эрежесиз эр уруш боюнча Азия чемпиону (2011).
Лакап аты – Мушкер
Жашы – 24тө
Жердиги – Кара-Суу району, Жданов айылы
Бою – 182 сантиметр
Салмагы – 92 килограмм
– Беттеште өмүргө кооптуулугу же майып болуп калуу коркунучу бар. Андан Кудай сактасын, бирок мындай кырдаалдар үчүн ким жооп берет?
– Өзүбүз жооп беребиз да. Ата-энебиз ошон үчүн көп каршы болот. Беттешке чыгардан мурун "бардык кокустуктар үчүн өзүм жооп берем" деген келишимге кол коюп, нотариустан күбөлөндүрөбүз.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg