“Lionsgate” компаниясынын башчысы Жон Фелтхайгер “Күүгүм” тасмасынын уландысы болот” деген билдирүү жасады. Жакында чыккан “Күүгүм. Жомок. Агарган таң. 1-бөлүм”тасмасы дүйнөлүк сатыктан 698 миллион доллар тапкан. Эми “пландалып жаткан “Күүгүм. Агарган таң. 2-бөлүк” аталышындагы бул фильмдин уландысы 700 миллион доллардан ашык каражат алып келерин күтүүдөмүн. Ошондой эле келечекте “Күүгүм” тасмасынын сериалын тартсамбы деген да оюм бар“ деп Фелтхайгер келечектеги пландарынын четин чыгарды. Тасманы экранга 2012-жылдын 16-ноябрында чыгарууну пландашууда.