“Трансформерлер” тасмасы аркылуу таанылган актриса Меган Фокс “Элизабет менен Ричард: Махабаттын тарыхы” тасмасына Элизабет Тейлордун ролун ойноого сунуш алып, учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Буга чейин Элизабеттин ролуна Линдсей Лоханды чакырышканы да айтылып жүргөн. Тасма жаз мезгилинде тартылууга пландалып жаткандыктан, кимге бакыт кушу буюрары жакынкы күндөрдө чечилгени турат.