“Sony Pictures” компаниясы жакында супер агент Жеймс Бонддун 23-бөлүгүн чыгарууга кол койду. Анда башкы ролду өз ишинин профессионалы болуп калган, мурун да 007 агенттин ролун аткарган актёр Дэниел Крэйг ойномокчу. Тасма “Асман да кулайт” (“И небеса падут”) деген аталышта чыкмакчы. Сюжети мурункулардан, албетте, башкача болот, окшоштугу – баш каарман башка бирөөлөр оңой менен аткара албаган тапшырманы ишке ашырганында. Фильмдин дүйнөлүк премьерасы 2012-жылдын ноябрь айына белгиленүүдө.