ӨГӨЙ ЭНЕ ДАЙЫМ ЭЛЕ КААРДУУ ЭМЕС

Өлкөсү – АКШ
Чыккан жылы – 1998
Жанры – Комедия, драма, мелодрама
Режиссёру – Крис Коламбус
Продюсерлери – Уэнди Файнермэн, Крис Коламбус
Сценарийдин авторлору – Жиджи Леванджи, Жесси Нельсон
Башкы ролдордо – Жулия Робертс, Сьюзен Сарандон, Эд Харрис, Жина Мэлоун, Лайэм Эйкен
Оператору – Дональд М.МакЭлпайн
Композитору – Жон Уильямс
Узактыгы – 2 саат
Бюджети – 50 миллион доллар
Дүйнөлүк сатыктан – 160 миллион доллар тапкан

КЫСКАЧА СЮЖЕТ
Жекки аттуу редактор айым күйөөсү, юрист Люк Харрисон менен ажырашып, ортодо эки баласы – 12 жаштагы Энн жана 7 жашар Бен калган эле. Ата-энесинин көп жыл бирге түтүн булатып, кийин минтип эки ача жолго түшкөнү кызы Эннге көп жага бербейт. Андан да жагымсызы, атасынын апасына караганда жаш, өзүнө ишенген, чырайлуу фотограф Изабел Келлини үйүнө алып келгени болчу. Бул көрүнүш, албетте, апасы Жеккинин да кыжырын кайнатары турган кеп эмеспи.
Изабел балалуу болуу тууралуу ойлонгон да эмес, бирок сүйүктүүсү Люк үчүн баарына даяр экенин жашырбайт. Өгөй балдары Изабелди ачык эле жек көрүшчү, өзгөчө улуусу Энн “сенден аллергиям бар!” деп заар чачып турар эле. Канчалык жини келсе да, Люкка болгон тунук сезими Изабелдин эрке өскөн балдарга чыдашына түрткү болот. Жалгыз бой калган Жекки кызганычын, кыжырдануусун балдарын Изабелге каршы үндөө менен чыгарып келет. Ошентип, эки айымдын ортосунда балдарга ким мыкты экенин далилдөө үчүн ич ара күрөш жүрөт. Бири мээримдүү эне болуу колунан келерин далилдегиси келсе, экинчиси өзүнүн энелик статусун жоготуп алгысы келбейт.
Люк кийинчерээк сүйгөнү Изабелдин колун сурайт. Кубанычы коюнуна батпаган Изабел өгөй балдарынын келечегин моюнуна алуу жоопкерчилигин сезет.
Көп өтпөй Жекки айыккыс дартка чалдыкканы билинет. Канчалык дарыланбасын, жыйынтыгы кубантарлык эмес эле, анын ичер суусу түгөнүп бараткан. Акырында көп сыноодон кийин Жекки каалабаса да, аргасыздан балдарын Изабелдин колуна тапшырат. 

ТАСМА КОЛАМБУСТУН ЭНЕСИНЕ АРНАЛГАН
Тасмада сүйүү үч бурчтугу, жалгыз бой калган айымдын аянычтуу тагдыры, жаш өспүрүмдөрдүн өгөй энеге болгон мамилеси тууралуу баяндалат.
“Өгөй эне” тасмасынын режиссёру Крис Коламбус бул фильмди өз энеси Ирен Коламбустун элесине арнаган экен. Анын энеси да тасмадагы Жеккидей рак дартына чалдыгып, акыры шум ажал алып тыныптыр. “Өгөй эне” тасмасы сатыкка чыгарга бир жыл калганда режиссёр энесинен ажыраган.

ИНДИЯЛЫКТАР РЕМЕЙК ТАРТЫШКАН
“Sony Pictures” компаниясы Индияда “Өгөй эне” тасмасына ремейк тартышкан. Аны индиялык режиссёр Каран Жохар жоопкерчилигине алган. Тасмада Сьюзен Сарандон аткарган ролду белгилүү актриса Кажол, ал эми Жулия Робертс аткарган ролду Карина Капур ойногон. Бул тасма да көрүүчүлөр аркылуу жакшы кабыл алынып, үй-бүлөлүк мыкты тасма катары бааланган. Америкалык “Өгөй эне” “Биз үй-бүлөбүз” деп индияча аталып, ремейктин съёмкалары Австралияда болуп, 2010-жылы сатыкка чыккан.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Бен бийик жерден кулап түшүп бутун кокустатып алганда Изабел ага “Эгер мен сага керек болсом...”(If I Needed You...) деген ырды ырдап берген жери бар. Бул ыр Жулия Робертстин мурунку күйөөсү Лайл Ловеттин альбомунан алынган.
  • “Өгөй эне” тасмасындагы ролу үчүн актриса Сьюзен Сарандон (Жекки) “Алтын глобус”, “Сателитт” жана “Блокбастер” наамына талапкер болуп, Жулия Робертс (Изабел) “Блокбастер” сыйлыгына ээ болуп, “Балдардын тандоосу” наамын алган. Ал эми Жина Мэлоун (Энн) менен Лайэм Эйкен (Бен) “Жаш артист” наамына талапкер болушкан. “Өгөй эне” тасмасы “Өспүрүмдөр тандоосу” деген сыйлыкка талапкер катары көрсөтүлгөн.
  • Тасмада ”76-үй” (The '76 House) деген ресторанда каармандар отурган жери бар. Чындыгында, бул ресторан жок болчу, ал ойдон чыгарылган. Бирок ошол сценалар Жорж Вашингтонго тиешелүү тарыхый мурас катары сакталып калган Нью-Йорк штатындагы Таппан шаарында тартылган.

Гүлжамал Бөрүкулова
kino@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
akusya
2012-01-28 15:22:46
менин эн жакшы коргон кином да ушу анан айтат го Апасына Никогда не говори никогда деп ошо фраза олло жагатта.......
0
nuka77
2012-02-21 11:46:41
Любовный треугольник - это логический квадрат, расколовшегося пополам, брака.
0
№ 481, 20-26-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан