САХНАНЫН СЕКСУАЛДУУ СУЛУУЛАРЫ

Ааламда ар түрдүү айымдар бар. Сулуусу, назиги, сымбаттуусу, жылдыздуусу, дегеле санап отурса аялзатына тиешелүү жогорудагыдай жагымдуу сапаттар толтура. Ал эми бүгүн биз мырзалардын жардамы менен шоу-бизнестин сексуалдуу айымдарын аныктадык.

Cыймык Бейшекеев:
– Негизи, кыргызда бир караганда өзүнө тартып ала турган сулуулар көп. Бир мисал келтире кетсем, Кундуз Канатбек кызы. Бул кыздын көздөрү абдан жылдыздуу.

Добр:
– М-м... Кайсы бирин айтсам?.. Менин оюмча, ар биринде эле сексуалдуулук бар.

Максат Бегалиев:
– Чыныгы эркекче көз караш менен караганда, келбети, баскан-турганы менен Кундуз Канатбек кызына эч ким жетпейт.

Арсен:
– Негизи, менин “типажымдагы” кыз Кундуз Канатбек кызындай болушу керек. Ошол себептен ушул айымды сексуалдуу деп эсептейм.

Замир Арыкбаев:
– Сайкал Садыбакасованын көздөрүндө бир башкача жалын бар. Бир караган адамды өзүнө тартып алат.

Съездбек Искеналиев:
– Гүлзада Рыскулованы жаңы жылдык кечеде көрүп, укмуш коңур үндүн ээси гана эмес, аябай сексуалдуу экенин байкадым. Биздин Гүлзада Шакираны бул жакка эле калтырат экен.

Эрлан Андашев:
– Биздин кыздардан оозу-мурду, көзү, чачы, жадакалса басканынан өйдө сексуалдуу – Кундуз Канатбек кызы.

Бекчоро:
– Кундуз Канатбек кызына добушумду берем. Бул кызда мырзалар жактыра турган бардык сапаттар бар.

Алексей Филатов:
– Биздин шоу-бизнесте эки сексуалдуу айым бар. Бири – Бактыгүл Бадыева, экинчиси – Зарина Хасанова. Мен, негизи, кыздардын өзгөчө бутуна же Анжеликаныкындай оозуна маани деле бербейм. Бир караганда өзүнө тартып алса, ошол кызды сексуалдуу деп эсептейм.

Арман:
– Мен айымдардын эң биринчи эле фигурасын карайм. Ал эми биздин шоу-бизнестен “Non-Stop” дуэтиндеги Чолпон 90-60-90. Ошону сексуалдуу деп эсептейм.

Ильяз Абдыразаков:
– Албетте, мен үчүн биринчи орунда менин Мединам. Ал эми шоу чөйрөдөн алсам, “Non- Stop” дуэтиндеги Чолпон. Келбети, баскан-турганы гана эмес, үнү да сексуалдуу.

Нурлан Насип:
– Улуу муундан Гүлнур эже сексуалдуу. Ал күлгөндө карап эле тургуң келет. Жаштардан болсо “Non-Stop” дуэтиндеги Чолпонду белгилейм. Бир карасаң “дерзкая”, бир карасаң “нежная” дегендей...

Дайыр Исмадияров:
– Акыркы учурда “Non-Stop” дуэтиндеги Чолпонго көзүм түшүп жүрөт. Келбети, басканы, кийингени да сексуалдуу. Оо, кыялданып кеттим! Эгерде менин болочоктогу жубайым жаш кезинде Чолпондой сексуалдуу, бир аз улгайганда Гүлнур Сатылгановадай болсо арманым жок эле.

Азамат Арыков:
– Эч ойлонбостон эле добушумду Айчүрөк Иманалиевага берем.

Бакыт Байсариев:
– Сексуалдуу айымдар көп эле, аттарын атабай эле коёюнчу.

Ильяз Андаш:
– Менин тандоомду эл билип деле калды окшойт, Жаным Айзат. Ал мен үчүн төгөрөгү төп келишкен жан.

Атай Өмүрзаков:
– Билбейм, кимисин айтарымды. Бирок бир билгеним, Мерген Турган анча-мынча сексуалдуу кыздардан кем эмес.

Омар:
– Негизи, мен сексуалдуулугу менен акылы шайкеш келген кыздарга баа берем. Мисалы, Гүлзинат Суранчиева, Нурзат Токтосунова.

Борончу Кудайбергенов:
– Билбейм, мен алардын сексуалдуулугун байкагандай “контактка” барып көргөн эмесмин. Эгер болуп калсам айтып коём.

Султан Садыралиев:
– Мен шоу-бизнестин сексуалдуу айымы деп Динара Акулованы көрсөтмөкмүн.

Кутман Жолдошев:
– Турган турпаты менен Бактыгүл Бадыеваны сексуалдуу айым деп эсептейм.

Асылбек Өзүбеков:
– Мага кыз-келиндердин баары эле жакшы көрүнөт. Бирок Гүлнур Сатылганованы өзгөчө бөлүп айтсам болот. Бул айым шаңкылдап күлгөндө күрүчтөй тизилген аппак тиштери, анан айрыкча бетиндеги меңи менен өзгөчө сексуалдуу.

Ошентип, кырка тизилген карлыгачтарыбыздын ичинен мырзалардын тандоосу боюнча сахнанын сексуалдуу айымы деп Кундуз алдыга чыкты. Кундуздан кийин Чолпон да көпчүлүк мырзаларды келбети гана эмес, үнү менен да тарта алат экен. О-уу, жаш-кары дебей Гүлнур эжебизге суктангандар көп экен. "Шыңгыр күлкүсү керемет, бах!" деп суктанып алып, анан кайра башкача ойлоп калышпасын деп гезитке чыгуудан баш тартып койгондору да болду. Дагы бирлери "үйдөгү кожойке таарынып калат" деп да жатышты.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Сахнанын сексуалдуу айымдары ким?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
janaiumka
2012-01-25 14:17:59
Атайдын жообуна боорум эзилип калды жакшы жооп бериптир.
0
samat-91
2012-01-25 19:12:25
эн сексуальный бул МЕРГЕН ТУРГАН хахахаха
0
u4kunu4kun.
2012-01-25 20:51:34
мага,..борончунун жообу жакты
0
Bostery
2012-01-25 23:22:40
анжелика сага караганда жуз эсе ойдо деп ойлойм
0
ulutchul
2012-01-26 04:26:45
мен Кундузканы идеальная деп эсептейм.жана суйом го чиркин баары билет)) экообуз сонун пара болмокбуз)))тамаша албетте .бирок Кыргыз кыздарынын Кадыр баркын дуйно сулуулугунда которо алат..ушул кыз менен бир кинодо тартылгым келет негедир!
0
Oimo
2012-01-26 15:35:35
эмне учун менин жазганымды чыгарбадынар Суперчилер?

0
MiranA
2012-01-26 16:51:05
Oimo, Кайда жаздыңыз эле?
0
Taalaibek
2012-01-27 01:28:14
Сексуалду айымдар болбойт. Сексуалду айымдардык кылган бул шайтан. А сексуалдуу айымдарга коз аркткан экектер бул "Айбан".
0
Jiza
2012-01-27 13:23:24
Харам суроо! Элди бузганга уйротуудосунор суперчилер..ойлонуп иш кылгыла да...не деген суроо ваще..
+1
erlan91
2012-01-27 14:44:23
myndai seksualdu syndar kyrgyzdyn mintalitetine jarawbait adamdyn baary ele allanyn bergen suluulugu menen jawait
0
Azhymaliev
2012-01-27 15:31:29
Мага Бадыева жагат,адамды озуно тартып турат,уну да сонун!
0
samat-91
2012-01-27 18:58:44
кыздардын баары эле сексуальный.бир эле сахнада жургон кыздар супер деп ойлоп жатасынарбы.
0
Maks_83
2012-01-28 01:53:30
мага да Кундуз жагат
0
bakytkg007
2012-01-29 03:04:26
мен Чолпонго добуш берем
0
simple_girl
2012-04-10 01:47:26
uwul da suroo boldubu(((((((
0
kanye
2012-09-15 23:39:46
Атай таамай аттын го:))) Окуп кулуп кулуп алдым!!!
0
№ 481, 20-26-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан