ЖКнын депутаты Динара МОЛДОШЕВА: «СҮЙҮШКӨНДӨР КҮНҮНДӨ СҮЙҮҮМДҮ ТАПКАМ»

Кыска суроого кыска жооп

– Жактырган саясатчыңыз? – В.В. Путин.
– Кайсы дүкөндөн кийинесиз? – Айырмасы жок, ар кандай бутиктерден, кээде базардан болуп калат.
– Эмнеден коркосуз? – Адамдарды ишендирип коюп, анан убадамды аткара албай калгандан.
– Жакпаган сапатыңыз? – Бетке айтканым.
– Колдонгон косметикаңыз? – «Pupa», «L'oreal».
– Акыркы жолу качан ыйладыңыз? – Эсимде жок.
– Кызыңызга жомок айтып бересизби? – Албетте, күндө кызымды уктатаар маалда.

Бир да жолу дискотекага барып көргөн эмесмин

– Динара эже, сөздүн башатын бал ширин балалыгыңыздан баштасак...
– Кичи мекеним Кадамжай районунун Хайдаркан айылы. Негизи, союз учурунда жаш адистерди алыскы райондорго жиберишчү экен. Атам Хайдаркандагы мектепке химия сабагынан, апам болсо тарых сабагынан мугалим болуп барышыптыр. Кийин Баткендин кооз жаратылышы, жагымдуу абасы, ширин жер-жемиштери ата-энемди биротоло арбап алган окшойт, ошол жерди байырлап калышыптыр. Атам өзү Таластан, апам Нарындан болот. Үйбүлөдө төрт кыздын эң улуусу менмин.
– Ата-энеңиз мугалим болсо, үйү­ңөрдө тартип катуу болсо керек...
– Мен 4 жашымда эле окуп, жазганды үйрөнүп алыптырмын. Азыр эсимде, үйдө китептен көп нерсе жок эле. Ошолордун ичинен Братья Гриммдин жомок китебин колумдан түшүрчү эмесмин. Эмнегедир ушул китеп мага абдан жакчу. Ичиндеги 200 жомокту бүт окуп чыксам деле көтөрүп жүрө берчүмүн. Мектептен окуп келип, үйдөн ата-энемден кайра сабак алчубуз. Ошентип, балачагымда жалаң гана “окуу, окуу” деп жүрө берип, 11-классты бүткүчөктү бир да жолу дискотекага барбаганыма кээде өзүм да таң калам.
– Мектепте жакшы окуган кыздарга балдар сүйүү каттарды көп жазышчу эле, сизде андай окуялар болсо керек?
– Чынында эле жакшы окуган курбу кыздарым балдардан мындай каттарды көп алышчу. Бирок мен негедир мындай каттарды алчу эмесмин. Атам да, апам да мектепте иштегендиктенби, айтор, тартынышса керек. Анын үстүнө өзүм деле окууну биринчи орунга коюп, жигиттерге, оюн-зоокко көп кызыкпапмын. Мына ошол мүнөздү өзүмө калыптандырып алыптырмын. Азыр деле аял өңдөнүп чай ичип, ырахаттангандын ордуна бир жаңылык билип алууга аракет кылам. Студенттик күндөрүмдө деле эсте калган окуяларга, толкундоолорго кабылган жокмун. Негизи, менин ыр-бийге шыгым жок болчу. Бир жолу университеттен Анарбай Сыдыков деген агай болбой жатып студенттердин республикалык конкурска катыштырып койгон. Эмне кыларымды билбей, орусча “Манастын төрөлүшүн” айтып, үчүнчү орунду ээлегеним эсимде. Айткандай эле төртүнчү курста гана жигит сүйүп көрдүм. Сөз айткан жигиттер болгон. Бирок мындай сөздөргө маани берчү эмесмин. Анын үстүнө курсташ, группалаш кыздар экинчи, үчүнчү курста эле күйөөгө чыгып алышып, арасында окууларын таштап койгондору да болгон. Ошондо мен өзүмө “окуумду бүтүп, жумуш тапканда гана турмуш куруу тууралуу ойлоном” деп сөз бергем.

Алгачкы махабатым

– Анда сиздин окуудан башканы ойго албаган жүрөгүңүздү кандай адам багындырып алды болду экен?
– Мирбек аттуу көлдүк жигит. Бир жолу төртүнчү курста шайлоонун тартиптери боюнча республикалык конкурс болуп калды. Биздин Бишкек гуманитардык университетинен команда түзүп барып, биринчи орунду алганбыз. Ошондо мени Борбордук шайлоо комитетине иштөөгө чакырып, ошол жерден азыркы жолдошум менен таанышып калдым. Кийин Мирбек айтып жатпайбы: “Мен сени биринчи жолу көргөндө эле сүйүп калгам”,- деп.
– А сизчи?
– Биринчи көргөндө жөн гана сымбаттуу жана билимдүү бала катары кабыл алгам. Анан 14-февраль сүйүшкөндөрдүн күнүндө мага кат берип жатпайбы. Бул анын айымдарга жазган биринчи каты экен. Ар бир сөзүнөн эле толкундоолорун байкадым. Азыр ал катты баалуу буюмум катары катып жүрөм. Анан 5 жыл сүйлөшүп жүрүп, баш коштук. Азыр бир кыздуу болдук. Кызым эки жарым жашка чыгып калды. Бирок азыр да эмизем.
– Айтып отурсаңыз, мектептеги күндөрүңүз ата-энеңиздин катуу кө­зө­мө­лүндө болуптур. Ал эми кесип тандоодочу?
– Атамдын агасы Ошто белгилүү врач болчу. Ошондон улам эле хирург болууну самачумун. Бирок өзүм кандан абдан корком. Анан ойлонуп отуруп, саясат таануучу болууну чечкем.

Кайнененин камырынан...

– Депутат болсоңуз да кайын журтка келинсиз. Той-топурда боорсок бышырып, ичеги артып дегендей жумуштарга аралашасызбы?
– Албетте, аралашам. Абысындар менен той-то­пур­ларда кызматтарды бөлүшүп алабыз. Мага дайыма эле чай куйганды беришет.
– Кайненеңиз менен кандай мамиледесиз?
– Кайнатам Мирбек 5 жашка чыкканда эле каза болгон экен. Ошондуктан кайненем 6 баланын түйшүгүн жалгыз тартып, турмушка бышкан адам. Баарынан ал кишинин менин жумушума түшүнүү менен караганына абдан ыраазымын.
– Канча балалуу болгуңуз келет?
– Жок дегенде үч балалуу болгум келет.
– Кызыңызды 11-классты бүтөрү менен ала качып кетсе эмне кылар элеңиз? Деги эле кыргыздын мындай салт-санааларына кандай карайсыз?
– Менин кызым чоңойгуча “ала качуу” деген нерсе жоюлуп кетсе керек. Бизде жакшы салт-санаалар да көп, бирок мен ушул ала качууга каршымын.
– Өзүңүздү кандай кайнене болом деп элестете аласыз?
– Башкарчу жерден башкарган, сыйлачу жерден сыйлаган кайнене болом.
– Аялзатынын негизги милдети – үй тиричилигин башкаруу эмеспи. Жумушта кечке кармалып да калсаңыз керек. Мындай учурларда күйөөңүз менен кызыңыз кантет?
– Азыр кызымды өзүмдүн апам карашып жүрөт. Мен кечиккен күндөрү тамагымды жасап, чайын демдеп күтүп отурат. Дем алыш күндөрү апам абышкасына кеткенде гана өзүм үйүмдө “толук кандуу кожейке” болом.

Сулуулук салонуна көп деле барбайм

– Кайсы тамакты мыкты жасайсыз?
– Камыр тамактарды жакшы жасайм.
– Көпчүлүктүн көзүнө түшкөн эркектердин арасында иштейсиз. Жолдошуңуз кызганбайбы?
– Ал мени, мен аны кызганган учурлар болот. Бирок бири-бирибизди түшүнгөнгө аракет кылабыз. Бир жакшы фразаны окуп калдым жакында: “Жумуштагы болгон маселелерди эч качан үйгө сүйрөп келбеш керек” деген. Ошондон кийин жумушта кандай нерселер болбосун, үйгө кабагымды ачып келүүгө аракет кылам.
– Келбетиңизге кантип кам көрөсүз? Кайсы сулуулук салонуна барасыз?
– Чач тарачка барганда гана маникюр жасатпасам, андай деле салондордун эшигин жыртканга убактым жок.
– Жумуштан чарчаганда кандай эс алууну жактырасыз?
– Сууда сүзүүнү жолдошум экөөбүз тең жактырабыз.

Сөз аягында

– Жакынкы иш-планыңыз?
– “Турак-жай боюнча” кодекске өзгөртүүлөрдү кир­ги­зүүнүн үстүндө бир топ депутаттар болуп иштеп жатабыз.
– Кыргызстан сиз үчүн?..
– Там-туң басып келе жаткан сүйүк­түү мекеним.
– Сүйүктүү мекениңиз менен бар болуңуз, мае­гиңизге чоң рахмат.

Бахияна Сатылганова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 327, 6-февраль - 12-февраль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан