ӨЗ КҮЙӨӨСҮН ӨЛТҮРҮҮГӨ КИШИ ЖАЛДАГАН АЯЛ

Үйдүн кожоюну, балдардын атасы, 25 жыл чогуу өмүр сүргөн күйөөсүн өлтүрүүгө аялы кыздары менен киши жалдаганын угуп үрөйүбүз учту. Мындай кылмышка эмне түрткү болгон? Мынчалык деңгээлге энени жана кыздарды ким жеткирген? Анда суроого чогуу жооп издейли.

КАР ЖААДЫ, ИЗ СУУДУБУ?
2011-жылдын 26-декабрында, түнкү саат үчтөрдө Жайыл РИИБине Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн биринде киши колдуу болуп өлтүрүлгөн белгисиз адамдын денеси табылгандыгы тууралуу кабар түшөт. Маалымат түшөр замат милиция кызматкерлери окуя болгон жерге жетип барышат. Иликтөөдө маркумду башка жактан өлтүрүп, кийин көчөгө таштап кетишкени билинет. Соттук-медициналык экспертизада маркум башынан катуу жараат алгандыгы, колу, кабыргалары бир нече жеринен сынгандыгы, андан кийин малча мууздалгандыгы аныкталат. Өлгөн адамдын өздүгү аныкталып, ал Кара-Балта шаарынын 43 жаштагы тургуну Таалайбек Арыков экендиги тастыкталат.
Кылмышты иликтеген милиция кызматкерлери коңшу-колоңдорунан, жакын туугандарынан сурамжылашат. Алардын баары Таалайбектин өз ишине так, чарбачыл адам экендигин, бирөө-жарым менен чатакташканын көрүшпөгөндүгүн айтышкан. Таалайбек тоо тараптан чоң мал сарай сатып алып, ал жерде мал багып иштеп келген. Тактап айтканда, фермер эле. Ошол учурда ал 200 буканы бордоп семиртип багып жаткан экен.
Кылмышка илинчек күтпөгөн жерден табылат. Оперкызматкерлерге Таалайбектин үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири да келип, кылмыш иши кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу сурабаганы шектүү сезилет. Ошондон улам Таалайбектин үй-бүлө мүчөлөрү тууралуу да маалымат топтоп көрүүнү чечишет.
Жыйынтыгында аялы базарда соода кылып, бир нече жыл мурун 1 миллион сомдой карыз болуп калганы, аны күйөөсү төлөгөнү билинет. Карыздан жалкыбаган аял кийин да карыз ала берип, анысы көбөйүп кеткен экен. Ошентип, сурак бере баштаган маркумдун аялы жана кыздарынын көрсөтмөлөрү кайчы чыга баштайт. Жип учугу көрүнгөн соң оперкызматкерлер маркумдун үйүн тинтип чыгышат. Кылмыштын сыры ошондо ачылып, тинтүү учурунда сарайдан толук күйбөй калган кан болгон ич кийим, төшөк-шейшептер табылат. Экспертизада ал кан маркумга тиешелүү экендиги аныкталат.

БИРИНЧИ “ПОПЫТКА” УУЛАНТУУ
Сыры ачылган соң маркумдун аялы Динара Арыкова, кыздары 19 жаштагы Айгерим менен 16 жаштагы Жаңыл сурак учурунда коркунучтуу кылмышты моюндарына алышып, көрсөтмө беришкен. Алар алгач “атабыз бизди мас болуп келип сабачу, акыры чыдабай кетип өлтүрттүк” деп айтышкан. Бирок коңшулары, тааныштарынын айтымында, ал мас болуп алып тынчтык бербеген адам эмес экен. Тескерисинче, тынч, эч кимге жамандыгы жок адам болгон. Өзүнүн фермерчилиги менен алек болуп, бейгам жашоо өткөрүп келген. Ошентсе да 25 жыл чогуу жашап, төрт баланы өстүргөн бул адамды өлтүрүүгө не себеп болгон? Көрсө, иштин баары баягы эле акчада тура. Тергөөнүн алдын ала маалыматтарына таянсак, иш мындай болгон.
Маркумдун аялы Динара мурунку карызын төлөгөндөн кийин кайрадан карыз болуп калып, күйөөсүнөн кайра акча сурагандан коркот. Ага андан көрө күйөөсүн өлтүртүп, карыздардан мал сатып кутулуу оңой көрүнөт.
Динара кыздары менен сүйлөшүп, Таалайбекти өлтүрүүнү чечишет. Кызы Айгерим дүкөндө сатуучу болуп иштеген Жибек аттуу кызга “киши өлтүргөнгө жараган бирөөнү таап бер” деп жардам сурап кайрылат. Бул кызматы үчүн ага “Кара-Балта шаарынан бир бөлмөлүү квартира сатып берем” деп убадалашат. Мындан сырткары аткарган адамга да бир топ акча берерин айтат. Бел оорутпай оңой жерден үйлүү болуп калгысы келген Жибек Айгеримге ооруканалардын биринде мээрман айым болуп иштеген Аиданы тааныштырат. Табышкерлигине баракелде дебегенге арга жок, анткени Аида уу берип өлтүрүү оңой экенин айтып, мышьяк алып келип берет. Ал кызматы үчүн Айгеримден 15 миң сом акча алат. Мышьяк кошулган тамакты ичкен менен, ден соолугу чың Таалайбек эч нерсе болбойт. Айласы кеткенде Айгерим Жибекке барып “берген ууңарга атам өлбөй калды, бир чара көрүп бергиле” деп кайра кайрылат. Ошондо Жибектин бактысына карызга акча сурап Тилек аттуу жигит келип калат. Тилек ата-энеси, бир туугандары менен бирге Ысык-Көл облусунан Кара-Балта шаарына көчүп келип жашап жатышкан. Үй-бүлөдө беш бир туугандын улуусу эле. Жумушунан чыгып калып, иш караштырып жүргөн. Жибектин “бул жумушту аткарып бергендигиң үчүн 30 миң сом аласың” дегенине ал ошол замат макул болот.

МЭЭРМАН АЙЫМ КАНДАН КОРКПОЙТ
25-декабрдан 26сына караган түнү Таалайбек уктап жатканда аялы менен кыздары тигилерге “силер келе бергиле, биз кошуналардыкына кирип турабыз” деп чакырышат. Аида менен Тилек арматура көтөрө келишет. Тилек бейкапар уктап жаткан Таалайбекти башка-көзгө чапкылап кирет. Башына тийген катуу соккулардан дендирей түшкөн Таалайбек каршылык көрсөтө албай, колу менен башын жаап гана туруп берет. Темир деген оңойбу, акыры башка тийген соккулардан эси ооп жыгылат. Тилек Аида экөөлөп аны сыртка сүйрөп чыгышат. Аида аш бычак менен Таалайбекти кой сойгонсуп мууздап салат. Бул убакта Таалайбектин кичүү уулу эч нерседен капарсыз башка бөлмөдө уктап жаткан. Жумушту бүтүргөндөн кийин Динара кыздары менен келип, бешөөлөп күйөөсүнө башка кийимдерди кийиндирип, көчөгө алып барып ыргытып жиберишет. Ал эми кан болгон төшөк-шейшептерин сарайга алып кирип өрттөөгө киришишет.
Кылган эмгеги үчүн Тилекке ошол замат 30 миң сом акча санап беришет. Аидага болсо 10 миң сом берип, квартираны кийинчерээк алып бермекчи болуп сүйлөшүшөт. Ага чейин “сенде болуп турсун” деп сарайдын документтерин да колуна карматышат.
Буйрутма бергендер кармалгандан кийин кылмышты аткаргандар: 23 жаштагы Аида Бекмуратова менен 21 жаштагы Тилек Бактыбеков да тез эле колго түшүрүлдү. Кылмышка ортомчу болгон 19 жаштагы Жибек Исакова да кармалды.

“МЕН ӨЛТҮРБӨДҮМ, ЭСИН ЭЛЕ ООДАРДЫМ”
Кылмышка шектүү Тилек Бактыбеков:
–Аида экөөбүзгө Таалайбек деген кишини өлтүрүп бергиле дешкен. Акча керек болчу, 30 миң сомго макул болдум. Үйүнө кирип барып, уктап жаткан кишини арматура менен башка 5-6 жолу чаптым. Жанымда Аида да бар болчу, ал тиги кишини үбөлүк менен ургулады. Мен өлтүргөн жокмун, эсин эле оодарып бергем. Андан кийин эшикке алып чыктык, Аида мууздап салды. Ага чейин тирүү болчу. Өлгөн кишинин аялы ошол замат эле мага акчаны төлөп берди.

“АЯЛЫ МЕНЕН КЫЗДАРЫ БУЙРУТМА БЕРГЕН”
Жайыл РИИБинин башчысы Раат Мырзаканов:
– Кара-Балта шаарында 40-45 жаштар чамасындагы кишинин жансыз денеси табылган. Анын өздүгү аныкталып, ал Кара-Балтанын 43 жаштагы тургуну Таалайбек Арыков болуп чыкты. Иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмыш буйрутма киши өлтүрүү экендиги билинди. Кызыгы, 25 жыл чогуу жашаган аялы кыздары менен буйрутма берген. Учурда киши өлтүрүүгө буйрутма бергендер, ортомчулар жана аткаргандар кармалган. Кылмышка далил буюмдар: бычак, арматура, толук күйбөй калган төшөнчүлөр жана сарайдын документтери табылып, алынды. Төртөө СИЗОго киргизилип, Тилек Бактыбеков убактылуу кармоочу жайда. Алардын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп (мыйзам боюнча 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат), тергөө иштери жүрүүдө.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Өз күйөөсүн өлтүрүүгө киши жалдаган аял
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (65)
Lui
2012-01-28 09:50:31
Ал тургай жылан “зирт” эте коркуп качкандан кийин-адам дегенин айласыз эле бир жалангыч окшойт.
0
abibilla
2012-01-28 12:00:40
алардын баарына олум
0
altynjan
2012-01-28 18:21:33
соз жок.... мындай адамдарга бул жашоодо орун жок
0
Jumka
2012-01-29 17:49:47
Ушундайда мыкаачы адамдар болобу?Окуп алып жаман болдум.
0
emil
2012-01-29 19:41:47
Эми аялы,кыздары соттолуп кетсе,баккан 200 букасы эмне болот экен десенер
0
rmodubashova
2012-01-29 23:12:00
biroono zar ata biroono kor ata. menin atam aman bolgondo alakanyma salyp bakmakmyn..ushundai ishke kantip nieti bardy aibandardyn,kebeteleri da kelishken nemeler eken. karyzynan korkushup,kudaidan korpoi jasagan ishteri ushubu. soz jok Allah ozy jazasyn bersin..
0
k.muddarina
2012-01-30 21:39:31
Bashkalar go bashkalar eki kizina emne jok,atasi osho eki zookur uchun araket kilip jurgon da
0
Aibar
2012-02-23 21:12:35
Аябай мыкаачы адамдар экен, кантип кыздар оз атасын олтуртушту алар эч убакта адам болбойт,
0
Keko
2012-02-24 15:55:32
Энеси баштаса да,кыздарынын бактысын ойлоп оз мойнуна алып камалса болмок.кийин кыздары баары бир тушунушмок.турмодон кийин булар адам болбой чыгышат.Жанылдын 1.5жаштагы баласы,енесинин кийинки 2 баласы жетим калышабы...кудай, оздору менен кетсин!адам емес айбан еле болуп калышкан го..
0
7909812
2012-02-26 04:20:49
соз жок кудай сактасын
0
HappyChocolate
2012-02-26 16:09:32
Кыздарын тилдесе акысы бар эле.Кебетесин карагылачы кыздарынын...Оз атасын олтургону кантип колу барды?Я сейчас смотрю и плачу,как так можно?Ради блага своих родителей я готова на все,если они заболеют у меня сердце кровью обливается.Ради того чтобы они смеялись я готова на все,Я аллаха молю чтобы родители были здоровы и жили долго,а тут какие то бессердечные убивают своего родного отца.Ужас,просто кошмар,противно на них смотреть
0
sergei
2012-02-26 18:50:30
жырткычтар силерди кудай жазаласын
0
sergei
2012-02-26 18:51:22
айбан е екен
0
Despesh
2012-03-03 12:17:05
Айбанда мындай кылбайт, мындай адамдарга олум жазасы да аздык кылат.Кантип оз атасын олтурот,акмак,уятсыздар силердин жазанарды кудайым озу тозоктун торунон берсин.ата эне учун эмнелерди гана кылбайсын ата энем узак жашаса экен деп. 25 жыл жашаган куйоосун олтуртом деген аял да энеби7 айткылачы,эне де мээрим болот.
0
ulua
2012-04-21 03:47:56
ООО адамдар олгон адам олду.Бирок аркы дуйнодон силерди кутуп алат ошону унутпагыла.Акыры баарыбир ошол жакка бармак атанар эмне мынча шаштынар болбогон кагаз учунбу?КАНКОРЛОР,башкаа соз жок.
0
№ 481, 20-26-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан