ИЗДЕЙМ СЕНИ

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз же кеңсебизге келиңиз.
Эскертүү: Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-26

НУРГҮЛ, СЕНДЕН ҮМҮТҮМ ҮЗҮЛБӨЙТ
– Мен бир нече жылдан бери бир адамды издеп, аны табам деген үмүтүм үзүлбөй келет. Ал 1986-жылкы токтогулдук Нургүл аттуу кыз. Экөөбүз 2008-жылы баш калаабыздагы Улуттук филармониянын жанында таанышканбыз. Нургүл, арадан бир нече жыл өттү, бирок дале эсимдесиң. Качан болбосун сени жылуу сезимдер менен эстеп, сага жолугар бекем деп үмүттөнөм. Мен акыркы жылдары Орусияда эмгектенип келем. Жолуга албасам да дайыныңды билсем, жүрөгүмдөгү чоң жүктөн жеңилдейм деп ишенем. Максат (тел.: 89645239051)

КЛАССТАШЫМ, КАЙДАСЫҢ?
– Мен 1987-жылы туулган классташ кызым Кулболдиева Зариманы издеп келем. Экөөбүз Сосновка айылындагы интернатта 8-класска чейин бирге окуганбыз. Кийинчерээк байланыш үзүлүп, аны таппай калдым. Зарима, сага жолугуп, балалыгыбызды эстеп, жылуу баарлашкым келет. Буюрса, экөөбүз жолуксак достугубузду улап, мурунку ынак курбулардан болобуз деп ишенем. Эгерде мени тааныган же эстеген болсоң, менин сholpon_28_02_87@mail.ru электрондук дарегиме кат жаз. Сагынычым менен классташың Чолпон

БИР КЕЗДЕГИ СҮЙҮҮМДҮ ИЗДЕЙМ
– Мындан бир жарым жыл мурун сени менен Бишкектен капыстан таанышып калган элем. Бакырайган көздөрүң дароо эле арбап алды. Дастан деген атың да өзүңө жарашыктуу экен, бир топ убакытка чейин сыртыңан көз салып жүрдүм. Алгач дос катары сүйлөшсөк, кийин кыз-жигит болуп калдык. Жарым жылдын ичинде кыялдарыбыз, жашоого болгон көз караштарыбыз бирдей экенин түшүндүк. Жакшынакай сүйлөшүп жүрүп эле, болбогон таарынычтын айынан кол үзүп кеттиң. Эч нерсе түшүндүрбөстөн, коштошпостон изсиз жоголдуң. Сени таарынтып алдымбы же жөн гана кол үзгүң келдиби, түшүнүксүз.
Айтор, бүгүнкү күнгө чейин бушайман ойлор менен жашап келем. Чыгыш-5 районунда жашаганыңды билчүмүн, ал жактан да бир нече жолу издедим, сураштырдым, бирок таппадым. Эгерде катымды окусаң, кабарлашып кой, сураныч. Айсулуу (тел.: 0550 871020)

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
janet
2012-01-24 00:29:33
Айсулуу, койчу болбогон немени издеп мне кыласын? Эркек таарынса эркек эмес, катын! А жон эле кетип калса катын бала-чакасы бар неме болсо керек да..
0
№ 481, 20-26-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан