Кир жуугуч автомат машина сатып алууда көп нерселерине көңүл буруу керек. Эгер сапаттуу, көпкө кызмат кылган машинага ээ болом десеңиз, төмөнкү кеңештерди билгениңиз оң.
КИР ЖУУГУЧТУН КӨЛӨМҮ
Кир жуугуч машинаны ал коюла турган бөлмөнүн аянтына ылайыктап алуу зарыл. Чоң бөлмө болсо, анда көлөм тууралуу ойлонбой эле койсо болот. Ал эми кичине бөлмө болсо, аянттын тардыгы маселе жаратат. Андыктан алгач бөлмөнүн ичинен кир жуугуч машина коюла турган орунду ылайыктап, узун-туурасын ченеп алуу керек.
КИР САЛЫНУУЧУ ООЗУ
Кир жуугуч автомат машиналарда кир салынуучу оозу 2 түрдүү жайгашкан: үстүндө же маңдайкы бетинде.
Оозу үстүндөгүсүнүн артыкчылыгы:
Оозу маңдай бетиндегисинин артыкчылыгы:
БААСЫ
Каражатыңыз чектелүү болсо, анда дүйнөгө таанымал маркадагысынын ордуна катардагы маркалардыкын алсаңыз болот. Себеби дүйнөгө таанымал маркалардын товарлары кымбат. Бузулуп калса, тетиктери кымбат болгондуктан, оңдотуу көп сумманы талап кылат.
Эгер автомат машинанын кургатуучу функциясы болсо, анда кымбатыраак, анысы жок болсо, арзаныраак турат.
СЫГУУ
Сыгуу барабандын тегеренүүсүнө түздөн түз көз каранды. Тегеренүүсү канчалык ылдам болсо, жуулган кир жакшы сыгылат. Бирок баары бир жуулган кирди жок дегенде жарым саат сыртта кургатууга туура келет. Кирди шашылыш кургатуунун зарылчылыгы жок болсо, анда кир жуугучтун кургаткычын (машинада бул функция бар болсо) эң чоң ылдамдыкта иштетпей эле койгон жакшы.
Мүнөтүнө 1000 жолу тегеренүүчү ылдамдыктагы режим бардык түрдөгү кийимдерди жакшы сыгууга мүмкүнчүлүк берет.
Сунушталган режимдер:
КУРГАТКЫЧ
Каражат болсо, кургаткычы бар түрүн алуу керек. Себеби кир жуугучта бир сыйра кургатып, анан кермеге жайып, толугу менен кургатуу аз гана убакытты талап кылат. Бирок кургаткычы барынын кемчилиги – кийимдердин сапатын төмөндөтөт.
Мындан сырткары жуулган кирдин баарын бир учурда кургатууга болбойт. Мисалы, 4 килограмм кир жуулган болсо, аны 2 килограммдан экиге бөлүп кургатуу зарыл. Ошондой эле кургатуу учурунда кир жуугучтун үнү катуу чыгып, ыңгайсыздык жаратат.
БАРАБАНДЫН КӨЛӨМҮ
Бойдок адамга же эки кишиден турган үй-бүлө үчүн бир жууганда 3-4 килограмм кирди жууй ала турган кир жуугуч жетиштүү.
Үй-бүлөдө 3-4 киши болсо, анда 5-6 килограммдыгы ылайыктуу.
4-5 кишиден көп болгон үй-бүлөлөргө 7-10 килограммдыгы ыңгайлуу.
ПРОГРАММАЛАР ЖӨНҮНДӨ
Кир жуугуч алууда анын иштөө программаларына көңүл буруу зарыл. Себеби бардык кир жуугучтар бирдей программага ээ эмес.
Программалар:
1. Сууга чылап коюу – өтө кир болгон кийим-кечелерди айна кошуп 2 сааттан ашык убакыт чылап коюу.
2. Жылымык сууга жуу – сууга чылап койгон кийимдин кири жакшы чыкпай жаткан учурда колдонуу.
3. Тез жуу – бул режимде өтө кир эмес кийим-кечени жууганга болот. Мындай режим кир жуу убактысын 40 пайызга чейин кыскартат.
4. Күчөтүлгөн режимде жуу бул – шарап, мөмө-жемиш өңдүү заттардын тактарын кетирүүгө ылайыкталган.
5. Чайкоо режими бул – кичинекей балдары барлар жана айнага аллергиясы барлар үчүн түзүлгөн. Мындай режим кийимдеги айнанын калдыктарын калтырбай жакшылап чайкоо үчүн колдонулат.
6. Кол менен жуу режими – жүндөн жасалган кийимдерди жуу үчүн атайын түзүлгөн программа.
7. Био-энзимдик фаза – күчөтүлгөн режимде 40 градус жылуу сууда биокошулмалары бар айналар менен жуу режими. Биокошулмасы бар айналар түрдүү соустар, жумуртка, сүт, кандын тактарын кетирет.
8. Суунун өлчөмүн жөндөө – кир жуугуч машинадагы суунун өлчөмүн азайтып же көбөйтүү режими.
КЛАССТАРЫ
Кир жуугучтар кирди жуу, сыгуу функциялары боюнча жана электр энергиясын сарптоо боюнча класстарга бөлүнөт жана ал A, B, C, D, Е, F, G деген латын тамгалары менен белгиленип көрсөтүлөт.
Жуу классы боюнча:
Сыгуу классы боюнча:
Электр энергиясын сарптоо классы боюнча:
60 градус ысыктыкта 1 килограмм кир жуу үчүн сарпталуучу электр энергиясы:
УБАКЫТ
Орто эсеп менен алсак, 8 килограмм кирди кир жуугуч автомат машинасы 50 мүнөттө, 4 килограммды 20 мүнөттө, ал эми 2 килограммды 15 мүнөттө жууп бүтөт.
Кийимдин материалына жараша суунун температурасы:
ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН!
КАЙСЫ КИР ЖУУГУЧ МАШИНА САПАТТУУ?
Өлкөлөрдүн ичинен эң мыкты сапатта өндүрүүчү катары Австрия жана Щвеция алдыда. Аталган эки өлкө чыгарган кир жуугуч автомат машиналар 20 жылга чейин кызмат кылат. Андан кийинки орунда немистердики, «жашоосу» 15 жыл. Италия жана Кореянын өндүргөн кир жуугуч машиналары 8 жылга чейин кызмат кылса, Түркияныкы 4 жылга чейин гана чыдайт. Ал эми Кытайдыкы 3-5 жыл кызмат кылат.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg