АШКАЗАН ЖАНА ОН ЭКИ ЭЛИ ИЧЕГИНИН ЖАРАСЫ ТУУРАЛУУ

Оорунун келип чыгуу себептери

Тукум куучулук. Бул типке табиятынан ашказанында туз кислотасы көп бөлүнүп чыга тургандар кирет. Тактап айтканда, башка адамдарга салыштырмалуу туз кислотасы 2 эсе көп. Мындай адамдар тамактануу режимин сактап жүрүшпөсө, туз кислотасынын айынан жаранын пайда болуу коркунучу бар.

Айта кетсек, 1 грамм пепсин (тамакты аш кылуучу фермент) менен туз кислотасы 50 килограмм этти эритүүчү касиетке ээ. Андыктан туз кислотасы көп болсо, пепсин экөө адамды кандай мүшкүлгө саларын элестете бериңиз.

Себепкерлердин бири Хеликобактер пилори бактериясы. Аталган бактерия организмге булганган суу, тамак аркылуу кириши мүмкүн. Алгач гастритти, кийин ашказан же он эки эли ичегинин жарасын пайда кылат. Бактерия адамдан адамга кол, шилекей, идиш-аяк, өбүшүү аркылуу жугат.

Бактерия ашказанга кирген соң ал жерди байырлап, көбөйүп, ашказандагы 3 катар чел кабыкты "жеп", ууландырат. Мындай учурда туз кислотасынын ашказандын бетине түз тийүүсүнө жол ачылып, экөөнүн айынан ашказандын жарасы келип чыгат.

Дамамат капаланып-кайгы­руу­лар нерв системасынын иштөөсүн бузуп, туз кислотасынын көп бө­лүнүп чыгуусун шарттайт. Мындай адат өнөкөткө айланса, анда жаранын келип чыгышы турган кеп. Өзгөчө ач карын кезде кайгылануу жаман. Анткени тамак жок кезде ашказандын чел кабыгы ачык болот да, көп бөлүнүп чыгып жаткан туз кислотасы чел кабыкты дүүлүктүрүп, акырындап жаранын пайда болушун шарттайт.

Калган себепкерлер болуп кургак жана башаламан тамактануу, ашказан-ичеги жолдорунун өнөкөт оорулары (гастрит, панкреатит), дарылардын тескери таасирлери жана жаман адаттар (тамеки же насыбай тартуу, ичкилик ичүү) эсептелет.

Белгилери

Зарына, көңүл айлануу.

Тамак ичкенден кийин оорутуу. Эгер оорутуу тамак ичкенден соң 30-60 мүнөттөн кийин башталса, жара ашказанда деп билсе болот. Муну учурунда айыктырбаса, ракка айланып кетет.

Ал эми тамак ичкенден 2-3 сааттан кийин ачка кезде же түн ичинде уктап жаткан маалда оорутуу пайда болсо, анда бул он эки эли ичегидеги жаранын белгилери. Бирок он эки эли ичегинин жарасы ракка айланбайт.

Ачка болгондогу оорутуу. Мында жогоруда айтып кеткендей, ашказандын чел кабыгын коргоого жарай турган тамак жок болгондуктан, туз кислотасы жарага тийип, оорутууну жаратат. Тамак ичкен соң жараны тамак тосуп калат да, оорутуу билинбейт. Адатта оорулуу адамдын түн ортосунда туруп тамак ичкени ушул себептен.

Кусуу. Оорунун алгачкы стадияларында ашказанда тамак аздан болсо да сиңириле берсе, оору оорлошкондо тамак сиңбей, тамактар ашказанда туруп калат. Бул улам-улам кусууга алып келет.

Диагноз

Диагноз коюу үчүн ашказанды рентгенге тарттыруу, ашказандын маңызынын кычкылдуулугун лабораториялык изилдөө, жаранын ашказандын жана он эки эли ичегинин кайсы жеринде жайгашканын аныктоо үчүн эндоскопиялык (учунда жарык берүүчү зондду жуткуруп текшерүү) изилдөө, Хеликобактер пилорини изилдөө жана башкалар керектелет.

Оору кабылдап кетсе...

Ашказан жана он эки эли ичегисинин жарасында тамакты аш кылуучу система: уйку бези, боор, ичегилер толук бойдон жабыркайт. Убагында дарыланбаса, дарт өтүшүп кетет. Кабылдап кеткен дарт организмге келтирүүүчү коркунучу боюнча 5 түр­гө бөлүнөт:

Жара ашказандын калың катмарына өтүп, анда жайгашкан кан тамырлар жарылат. Мындай учурда акырындап же күргүштөп кан агуусу мүмкүн. Адам кан кусуп, эс-учун жоготот. Тезинен операция жасалбаса, адам өлүмгө дуушар болот. Оорунун өтүшүп кеткен бул түрү 15-20 пайызга чейин кезигет.

Жара жарылып, ашказандын бардык катмарлары ачылып, ашказан жана он эки эли ичегидеги суюктуктар (туз кислотасы ж.б.) бүт ич көңдөйгө куюлат. Ички органдарды ууландырып, иритет. Перитонитке (ич көңдөйдүн сезгениши)айланат. Мындай учурда операция жолу менен жараны алып, анын ордун бүтөбөсө адам өлүмгө туш болот. Оорунун кабылдап кеткен бул түрү 15 пайызга чейин жолугат.

Ашказан жана он эки эли ичегидеги жара акырындык менен берчке айланып, тамак өтчү жерди бүтөп калат. Андыктан тамак сиңбей, адам куса баштайт. Акырындап ашказан чоюлат, адам болсо арыктайт. Мындай учурда да операция жасоо менен жараны алып, тешикти кайра калыпка келтирбесе, адам майып болуп калат. Оорунун бул өтүшкөн түрү 25-30 пайызга чейин учурайт.

Жара ашказандан өтүп, жанаша жайгашкан органдарды: уйку безин, өттү, боорду жана башка органдарды тешип өтөт да, аларды да жабыркатат. Адам абдан ооруп, өмүрү коркунучка кептелет.

Убагында дарыланбаса, ашказандын жарасы ракка айланып кетет.

Дарылоо

Оорулууга катуураак жумуш кылбоо, жаман адаттарды токтотуу керектелет. Ашказандын жана он эки эли ичегинин жарасын алгачкы стадияларында дары-дармек менен дарылап жоюуга болот. Дарылоодо түрдүү медициналык каражаттар, Хеликобактер пилори бактериясына каршы антибиотиктер колдонулат. Дары-дармектер ашказандын кычкылдуулугун төмөндөтүп, ашказандын чел кабыгын коргоп, ашказандын булчуңунун жыйрылуусун калыпка келтирет. Оорунун курч мезгили өтүп кеткен соң физиопроцедуралар (электроферез, УВЧ, баткак менен дарылоо ж.б.) сунушталат.

Оорунун татаалдашкан түрүндө операция жасалат.

Канымжан Усупбекова
koom@press.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
andarak
2012-10-05 20:09:13
мен жакында еле ушул оору менен оорудум еле азырда кичине ооруйт емне кылыш керек жардам берип койгула
0
arno
2016-04-14 11:39:24
andarak,эртең менен ач карын оливка майын ичиңиз (extra vergin)
0
№ 327, 6-февраль - 12-февраль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан