Кичинесинде аарынын уюгун чукулап, анан тамдын үстүнөн секирип ойноп чоң энесинин жүрөгүн түшүргөн Гүлзада Рыскулова үйүндөгүлөрдөн көп деле жаза алчу эмес. Ушундай шок болгону менен, кечинде комузун кучактап уктап, эртеси коюнундагы комузу менен ойгончу кыздын түшүнө оюн эмес, чоң сахна кирчү.
– Шакиранын «Вака-вакасын» «Бата-бата» деп катыра ырдап салдыңыз. Сөздү чыгармачылыгыңыздагы жаңылыктардан баштасак...
– Жаңы жылдык кечеде бардык ырчылар өз стилинен башка өңүттөгү чыгармаларды тартуулашты. Мен алгач Тина Тёрнердин ырын ырдап чыксамбы деп ойлогом. Бирок кайра Шакиранын ырына токтолдум.
– Чындыгында, азыр кыргыз жаштарынын көбү батыш стилинде ырдагандарды баса калып угушат. Сизде көпчүлүктүн табитине ылайык ырдайын деген ой жарала элекпи?
– Чыгармачылыкты жайыл дасторкондой элестетем. Дасторкондо түрдүү даам болгондой эле, чыгармачылыкта да түрдүү образ жаратуу – сахнанын талабы. Ошол себептен талап болуп калса, өзгөртүшүм мүмкүн.
– Учурда кандай чыгарманы «бышырып» жатасыз же Жаңы жылдан кийин эс алуудасызбы?
– Ооба, эс алып жатам. Кээде эс алуу да чыгармачылыктын жаңы кырына чыгууга чоң түрткү болот. Куру бекер тытына берген деле болбойт. Мен энергиясын куру бекер корото берчүлөрдөн эмесмин.
– Ырчы Каныкей экөөңөрдү көп окшоштурушат. Чын эле окшоштуктар барбы?
– Каныкей абдан таланттуу кыз. Анын эч кимге окшобогон өзгөчө стили бар. Бирок Каныкейди мага же мени ага окшоштургандар жаңылышат. Себеби менин үнүм, аткаруу стилим башкача. Балким, «Курманбек» эпосуна арналып тартылган клиптин артында жандуу ойногон музыканттар бар кадрдан окшоштуктарды таап жатышса керек. Бул чыгарма даяр болгон кезде Каныкей сахнага чыга элек болчу.
– Аткарылбай жүргөн кыялыңыз...
– Бийиктиктен корком. Бирок ошол нерсени жеңип чыгыш үчүн парашюттан секирүүнү самап жүрөм. Бул кыялым тээ өспүрүм кезимден эле бар.
– Бул кыялды ишке ашырууга эмне тоскоол болуп жатат?
– Чыгынбай жүрбөймүнбү. Эмнеси болсо да жалгыз эмес, бирөө менен секириш керек.
– Жигит тапсаңыз, ананбы?
– Ошондой го, ха-ха...
– Мынчалык болду, колуңузду сураган ак калпакчан барбы?
– Азырынча жок, жаңылык болсо айтам.
– «Кыз кыялы кырк» деп коюшат эмеспи, кыялыңыздагы мырзаны кандай элестетесиз?
– Ой, мен мырзаларга өтө катуу сын тагып, талап койбойм. Башкысы, жылдызыбыз келишсе болду. Анан өзүнө ишенген мырза менин жүрөгүмдүн ээси боло алат. Бирок...
– «Бирок» дегениңизге караганда, баары бир катуу эле сындан өткөрөт окшойсуз?
– Ээ, ха-ха... Ой, байкабаптырмын.
– Мырзаларды тартыш үчүн ачык кийим кийип көрдүңүз беле?
– Ачык кийинсем да бирөө үчүн эмес, өзүм үчүн кийинем. Менимче, жабык кийинген кыз жагымдуу, сырдуу көрүнөт. Ар кимдин табити ар кандай да. Бул чоң тема, айта берсем, уланып кете берет. Негизи, кийим жарашыктуу болушу керек.
– Сыр катканга бекемсизби?
– Абдан бекеммин. Менден жакшы партизан чыкмак. Досторум да тамашалап «партизансың, ээ?» деп калышат.
– Сулуу айымдарга демөөрчүлөр көп чыгат. Бул жааты сизде кандай?
– Буга чейин эч кимден жардам сурап көргөн эмесмин. Былтыр жеке концертимди берейин деп пландагам. Бирок мыкты деңгээлде концерт берүү үчүн эсептесем көп каражат керек болот экен. Ошондуктан токтотуп койгом. Чын пейили менен чыгармачылыгыма көмөк көрсөтөм дегендерге каршы эмесмин.
– Чечкиндүүсүзбү?
– Аябай. Мындан 4 жыл мурун эч кандай себепсиз эле чачымды кырдырып салгам.
– Келиңиз эми, сиздин ашканада кандай экениңизди байкап көрөлү...
– Бир жолу мени жактырып жүргөн жигит үйгө келип калып жатпайбы. Ал жигит бизге алыс тууган болуп кетчү. Анан андан апкаарыдымбы билбейм, боорсогумду күйгүзүп алгам. Бирок ошондон бери жасаган тамагым күймөк тургай түбүнө да тартпайт. Ал эми ашканада оромону, өзгөн палоосун анан, албетте, боорсокту мыкты жасайм.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg