“Саламатсыңарбы,"Супер-Инфо"? Мен “Султан Садыралиев НБТ телеканалынын бир продюсери менен мушташып, мурдун сындыра сабаптыр” деген кеп угуп калдым. Өзүм Султан байкени жакшы көрөм. Муну угуп алып аябай кейип жатам. Султандан кабар алып бергилечи”. Гүлайым, Бишкек.
Султан Садыралиев:
– Ошол кыз өзү чалбайбы мага, өзүм айтып берип коёюн. Эч ким менен мушташпай, жакшынакай эле жүрөм. Бул жөн гана ушак. Ушундай ушак тараткандарга кыжырым кайнайт.