Ош телеканалдарынын биринде жүргүзүлгөн сурамжылоонун натыйжасында “Жылдын алтын үнү” наамына ырчы Алтынай Нарбаева татыктуу болуптур. Учурда кубанычы койнуна батпай сүйүнүп жүргөн ырчы айым сыйлыкты Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов колунан кыса кармап тапшырганын айтат. Мындан тышкары Алтынай эжекебиз өзү төрөлүп-өскөн Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылындагы жаңы мектептин ачылуу аземине катышып, өзү жакшы көргөн аккордеонун белекке берип марттык кылганын айтат. Эмне демекчибиз, талантыңыз ташкындап, мындай ийгиликтердин далайын жаратып жүрө бериңиз!