“РИНГДЕГИ АРАКЕТИМ АТААНДАШЫМДАН КӨЗ КАРАНДЫ”

  • Борбашев Чингис Сарылбекович 1986-жылы 11-декабрда Токмокто төрөлгөн.
  • Бою – 184 сантиметр, салмагы – 83 килограмм.
  • Бокс сүйүүчүлөр арасында КРнын чемпиону (2007), жаштар арасында Азия чемпиондугунун (2005) коло медалынын ээси, Таиланддын падышасынын кубогунун күмүш (2007) жана коло (2008) медалдарынын ээси.
  • Жусуп Баласагын атындагы КУУнун юридика факультетин бүтүргөн.
  • Бойдок. Учурда Бишкекте жашайт.

– Чингис, алгач сенден фамилияң тууралуу сурагым келип жатат. Кикбоксчу Малик Борбашевдин туугандарынан болбойсуңбу?
– Малик Борбашев менен туугандык жагым бар. Ал менин атамдын иниси болот.
– Анда сенин спортчу болуп калышыңдын себеби түшүнүктүү...
– Ооба, менин спорт жолуна түшүшүмө Малик агамдын таасири тийген. Спортко болгон кызыгуум “Гермес-профи” атак-даңкка бөлөнүп, ата мекендик кикбоксчуларыбыз дүйнөдө көч башы болуп турганда күчөгөн. Ошондо Малик агамдын мушташкандарын көрүп, “мен да белгилүү спортчу болсом” деп кыялданчумун.
– Сенин спорт менен алектенип жаткандыгыңа ата-энең каршы эмеспи?
– Жок, тескерисинче, алар колдошот. Мени спорт залына 2-классымда атам өзү алып барган. Ата-энем – менин башкы колдоочуларым. Алар башынан эле ар тараптан колдобогондо, мүмкүн, мен спортчу боло алмак эмесмин. Негизи, спортко жакын үйбүлөдө өсүп чоңойдум. Үйбүлөдө эки биртууганбыз. Чынтемир байкем да спорт менен алектенет.
– Адашпасам, Д.Шопоковдун элесине арналган турнирге алгачкы жолу катыштың. Буга чейин эмне себептен сени көрө алган жокпуз?
– Мен бул мелдешке 3 жылдан бери катыша албай келгем. Бирде мелдеш алдында ооруп калсам, бирде жаракатка кабылып, өткөрүп жиберүүгө аргасыз болуп жүргөм. Анан быйыл буюрган экен, катыштым. Чемпион болом деп өзгөчө даярдыктарды көрүп, ал үчүн колдон келген күч-аракетимдин баарын жумшадым.
– Сенин жарым финалдагы беттешиңде күйөрмандарга жаккан ачык мушташка күбө болсок, финалда андай болгон жок. Кандай мушташуу стилине басым жасайсың?
– Ринг ичиндеги беттештер бири-бирине окшобойт. Көбүнчө өзүмдү кандай алып жүрүүм атаандашымдан көз каранды болот. Эгер активдүү каршылашка туш келсем, мен да активдүү болуп, андан көбүрөөк сокку узатууга аракет кылам.
– Эсте калган беттештериң көп эле болсо керек...
– Былтыр Таиланддын падышасынын кубогундагы беттештерим эстен кеткис болгон. Алгачкы эле беттеште катуу каршылыкка дуушар болгом. Пакистандык спортчу менен беттеште упай жагынан 12 айырма менен артта баратам. Анан дагы мурдум сынган. Тыныгуу учурунда машыктыруучуларым насааттарын айтып жатышат, аларды уккум да келген жок. Болгону атаандашымды утуш керек экендигин түшүнүп жаттым. Акыры аны бир нече жолу нокдаунга кабылтып, сынган мурдум менен жеңип чыккам. Ошентип, мелдештин жыйынтыгында байгелүү орунга илингем.
–“Бээжин-2008ге” жолдомо үчүн күрөшкөнсүң да...
– Албетте. Айта кетчү нерсе, кыргыз мушкерлеринен мен гана бардык Олимпиадага жолдомо берүүчү турнирлерге бардым. Таиланддан келгенден кийин соңку мүмкүнчүлүк болгон Казакстандын президентинин кубогу күтүп турган. “Сынган мурдумду дарылайын” десем, дарыгерлер “анда мелдешке катыша албайсың” дешти. Айла жок, жаракатым менен барууга туура келди. Корккондой эле сынган мурдумдун айынан жолдомо ала албай калдым. Монголиялык мушкерди 15 упай артта калтырып жеңип баратсам да, мурдумдун каны токтобой, дарыгерлер беттешти улантууга уруксат беришкен жок. Эми спорт деген ушундай экен да. Дайым эле жеңишке жетишүү оңой эмес. Кудайдын буюрганы болот.
– Ушундай учурларда же башка маселелерге байланыштуу “спорттон кетем” деген күндөр болгонбу?
– Жок. Андай күндөр болгон эмес жана болбойт дагы. Бул жашоо сыноо болгондой эле мындай сыноолордон татыктуу өтүш керек деп ойлойм.
– А чет өлкөгө кетүү тууралуу ойлорчу?..
– Былтыр Чикагодо өткөн Дүйнө чемпиондугунда ал жакта калып калуу мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок мен каалаган жокмун. Анткени туулуп-өскөн жеримди таштап кетким келген жок.
– Спортчу катары кыргыз спортунун бүгүнкү абалы тууралуу эмне айта аласың?
– Соңку мезгилде ата мекендик спорт өнүгүү жолунда десем туура болот. Мисалы, биз жаңы жылдын алдында курама командабыз менен Ысык-Көлдө сбордо болдук. Мурдагыдан айырмаланып, ар бир салмак боюнча 4-5тен мушкер чогулду. Спортчуларга түзүлүп берилген ушундай шарттар көп эле болуп жатат.
– Келечектеги пландарыңда профессионалдык бокско аралашуу жокпу?
– Жок. Башынан эле “бокс сүйүүчүлөр арасындагы мелдештерге катышуу үчүн гана рингге чыгам” деген ниет менен машыгып келем. Андыктан «профессионалдык рингге чыкпайм» деп ачык айта алам. Бокс сүйүүчүлөр арасында эле мыкты карьера жасап алсам сүйүнөм.

Базарбек Абдураимов
Ташболот Досалиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 327, 6-февраль - 12-февраль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан