Эльмурза Сатыбалдиев: «КАЧЫП КЕТПЕГЕНИМЕ ӨКҮНБӨЙМ»

Буга чейинки бийликтин бараандуу чиновниктеринин бири, мурунку баш прокурор, экс-президенттин мамлекеттик кеңешчиси болуп турган Эльмурза Сатыбалдиев менен ал-абал сурашып, чакан кабинетине баш багып көрдүк. “Так, точно!” деп кыска-нускага көнгөн орган кызматкерлеринин мүнөзүндө жүргөн маегибиз аз, бирок саз болду.

– 7-апрель экс-президент Курманбек Бакиевдин тушунда иштеген көптөгөн аткаминерлер үчүн кара тилкеге айланды. Жакын арада кызматтан кеткениңизге эки жыл толот. Суроонун башын ушул мезгил аралыгынан баштасак. “Экинчи революция” деп аташкан күнү кайда элеңиз, ошол учурда эмне аракеттерди көрдүңүз жана учурда эмне менен алексиз?
– 7-апрель күнү бардык мамлекеттик кызматкерлердин катарында мен дагы өкмөт үйүндө, жумуш ордумда болчумун.
Учурда эмне жумуш жасап жатканыма бүгүн эл арасында кызыкдар тараптарга билинип эле калбадыбы. Себеби ошол учурдагы окуя боюнча сот отуруму ачык өтүп, анда катышып отурам.
Андан тышкары акыркы 25 жылдан бери кызмат деп жүрүп, үй-бүлөлүк иштерге тийиштүү көңүл бурбай калыпмын. Азыр үйдөгүлөр менен кеңири отуруп, балдарымдын маселелери менен алектенүүгө убакыт жетиштүү.
– Темир Сариев былтыркы жылы ЖКнын жыйындарынын биринде “Эльмурза Сатыбалдиев Апрель окуясы үчүн биринчи болуп жоопкерчилик алды” деген сөздү айткан. Президент баш болуп далай чиновниктер өлкө тагдырын орто жолго таштай качышты. Апрель окуясы боюнча жоопкерчиликтен качпагандыгыңыз жигитчилик болдубу же көпчүлүктүн катарын толуктап өлкөдөн качып кетпегениңизге кийин өкүндүңүзбү?
– Менин иш-аракетиме адилеттүү баа берип жүргөн адамдарга ыраазымын. Ошол учурда ким качса да, ким калса да, тарых өз баасын берет. Өзүмө байланыштуу мекенден чыгып кетүүгө себеп да, ниет да болбоду. Сиз сурагандай, жигитчиликпи же жокпу, аны коомчулук бааласын. Мен качып кетпегениме эч качан өкүнбөйм, тескерисинче, бул кадамымды кубаттайм.
Мына, сот иштери эки жылдан бери уланып, кандай гана сөздөрдү укпадык. Кордогондор, сөккөндөр, каргагандар да болот. Бирок мен аларды күнөөлөгүм келбейт. Акым да жок. Дүйнөдө эң улугу бул – адамдын жашоо укугу. Муну сатып ала албайсың. 7-апрель күнү аянтта 90дой адам атылып кетти. Качкандар качты, качпагандар тирүү болсо, кантип бекинип жатып алмак?!
Качып кетпегениме жүйөлүү себеп да бар. Кайда качпа, баары бир абийирден кутула албайсың. Мен деле жылуу жактарга кетип, жыргап жашасам болмок. Бирок балдарым “ата, ушундай окуя болгондо эмнеге качып кеттиңиз эле?” деп сураса, эмне деп жооп берет болчумун? Кийин ушинтип сурашса “балам, мен качкан эмесмин, сот иштери аяктаганга чейин жүргөм” деп айтам.
– 7-апрелде Баш прокуратуранын имараты эмне үчүн өрттөлүп кетти деп ойлойсуз?
– Имарат боюнча тергөө амалдары жүрүп жаткан болсо, жыйынтыгы жооп берилет.
– Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча иштин ачыкка чыгарылышы коомчулукта чыныгы дүрбөлөңдү жаратты. Медет Садыркуловдун экс-президенттин чөйрөсүндөгү адамдар тарабынан өлтүрүлгөндүгүн билчү белеңиз?
– Ал кездеги окуя боюнча мен кызматтык милдетиме ылайык билген эмесмин. Прокуратура органдары кылмышты ачпайт, бул үчүн Баш мыйзамда көрсөтүлгөн органдар бар.
Медет Садыркулов каза тапканда мен баш прокурор элем. Эл арасын, анын ичинде сиз сыяктуу журналисттер чөйрөсүн күмөн саноо каптаган. Бирок “сүзүп алдым, анан унаалар өрттөнүп кетти” деп күнөөсүн моюнуна алып келип жатса, бул версиялар да каралат эмеспи. Баарына белгилүү болгондой, “айыптуумун” деген киши кийин соттолгон.
– Эгерде Апрель окуясы боюнча сот иши сиз үчүн ийгиликтүү аяктаса, саясий аренага кайтып келесизби?
– Апрель окуясына байланыштуу сот иши адилеттүү аяктайт деп ишенем. Андыктан саясий аренага келүүгө милдеттүүмүн.
– Баш прокурорлукка чейин көтөрүлүп, кийин заматта “борттон” сыртта калдыңыз. Мындайда сизге досторуңуздун ичинен моралдык колдоо көрсөткөндөр табылдыбы же сатып кетип, жүз үйрүгөндөр көбүрөөк болдубу?
– Бир да досум мени сатып кеткен жок. Бүгүн деле мен кызмат аркалап жүргөн мезгилдеги жоро-жолдошторум менен пикирлештерим жанымда. 7-апрелден кийин үйдө отуруп калганда досторум азыр иштеп жаткан Волейбол федерациясын башкаруумду айтып калышты. Кээде кабинеттин кире беришинде адамдар толуп кетет. Жолдоштордун чөйрөсүндө өзгөрүү байкалбады, мурдагыдай эле мага келген элдин изи сууй элек.

«ПРОКУРОР БОЛСОМ» ДЕП КИЧИНЕСИНЕН КЫЯЛДАНЧУ
Каарманыбыз ата-энеси менен сыймыктанат, бирок алардан эрте эле ажырап калган. Эльмурза мырза Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Салам-Алик айылында, 1966-жылы 13-мартта туулган. Үйдө алты бир тууган, төрт эжеси жана бир иниси бар. 7 жашында Сузак районундагы Карл Маркс атындагы мектеп-интернатына кирип, орто билимди ошол жерден аяктаган. Кийин балалык кездеги “прокурор болом” деген кыялын ишке ашыруу үчүн Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык бөлүмүнө тапшырган. Аны 1992-жылы аяктаган соң Жалал-Абад, Ноокен, Таш-Көмүр шаарларында прокуратурада иштейт.
2001-2006-жылдар аралыгында Кемин району, Жайыл району, Ысык-Көл облусунун прокурору болуп, УКМКнын төрагасынын орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн. 2007-жылы баш прокурор болуп дайындалган.
Турмушунда карьералык тепкичтен улам жогору көздөй секирген Эльмурза Сатыбалдиев “көпчүлүк сизди “жалал-абаддык болгону үчүн Бакиевдин көзүнө илинип калып, чоң кызматтарга келген” дешет...” деген суроого “ар бир жерде жетекчилик жакшы иштеген адамга көз салат. Бакиевсиз же Акаевсиз эле кызматка келдим дебейм. Минтип айткандар – калпычы. Болгону, ошол учурда жасап жаткан иштеримден улам жогорудагылардын көзүнө илинип калгандырмын” деген жообун узатты.

«ЭЛЬ» МЕНЕН БАШТАЛГАН ЫСЫМДАРДЫН ДИНАСТИЯСЫ
Иш тажрыйбасында КРнын Эмгек сиңирген юристи атыгып, генерал-лейтенанттык чин алган Эльмурза Сатыбалдиев учурда балдары менен сыймыктанып отурган кези. Эң улуусу Эльзар 20 жашта, Кыргыз-Орус Славян университетинде окуп, “юрист болом” деп шымаланып жүрөт. Өзгөчө кубаныч менен айтып берген уулу Эльхан 17де, былтыркы жылы Алматы шаарындагы сынакка чейин барып, Улуу Британиянын кадыр-барктуу Оксфорд университетине өткөн. Үчүнчүсү Эльдана Кыргыз-Түрк лицейинде окуса, 11 жаштагы Элима жакшы окугандыгы үчүн директорунан мактоо баракчасын алып келип сүйүнтөт. Эң кенжеси, эң эркеси Эльман бала бакчага барат.
Үй-бүлөсү жалаң “Эль” менен башталган ысымдардан старт алганына каарманыбыздын таятасы “күнөөлүү”. “Эмне себептен Эльмурза койгонун сүрүштүрбөй деле калыптырмын. Элдин адамы болсун деген ниет менен ырымдаса керек. Анан ысымыма уйкаш болсун деп тун баламдын атын Эльзар деп койгондон кийин өзүнөн-өзү эле кичинекей жөрөлгөбүз балдарым төрөлгөндө уланып кете берди”,- деди “Эль” династиясынын баштоочусу.

«САЛАМ-АЛИК» АЛИ ДҮЙНӨНҮ ДҮҢГҮРӨТӨТ»
Спорт жаңылыктарынан бат-баттан “Салам-Алик” деген волейболдук команда түрдүү сынактардан жеңип келгендиги айтылып турат. Аталган клубдун негизделип калышына Эльмурза Сатыбалдиевдин эмгеги чоң. Он жыл бою волейболдук федерацияны жетектөөсүн суранып келишип, 2009-жылы гана ага президент болуп келет. “Кыргыздар үчүн улак тартыш, күрөш, анан волейбол сүймөнчүк оюндар. Келерим менен “Салам-Алик” деген улан-кыздардын эки командасын түздүк. Салам-Алик бул – менин туулган айылым. Кыргыз жериндеги эң кооз жер, жаңгак токойлуу. Анын аты дүйнөдө жаңырып, дүңгүрөй берсин деген ниет менен койгом. Буюрса, тилек аткарылып, Казакстан, Орусия жана башка өлкөлөрдөн көп жолу жеңиш менен кайтышты”,- дейт Эльмурза Сатыбалдиев.
Былтыркы жылы клубда ойногон балдар-кыздарды чакырып, Салам-Аликте элден бата алуу үчүн той кылган. Элдин баары таң калып, ошондон улам “Эльмурза президенттикке барат имиш, саясатка аралашканы жатат экен” деген кептер тараганын айтат. “Бирок мен сот иштери уланып жатканда кантип саясатка киришип кетмек элем? Мени байпагымдан өйдө кийинтип, өкмөт чоңойткон. Андыктан бир күнү мамлекеттик иштерге кайтып келем деп ишенем”,- деп сөзүн аяктады.

Эльвира Караева
Cүрөттөр өздүк архивден алынды
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Kagan
2012-01-23 12:21:04
УӨ менен ошол убакта (тымызын) кызматташкан болсоңуз керек деп ойлоп калдым анткени прокуратуранын куйушү жөн жайдан эмес да...
0
amalia
2012-01-24 21:06:35
menin inim salam alikte oinoit 62-mekteptin 11-klassynda treinerin kumir tutat klubdu uiushturganyngyzga rahmat oiunun baary sportto koz tiibesin
0
№ 481, 20-26-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан