Жалал-Абад чек ара отрядынын Сакалды чек ара заставасына депутат Бакыт Төрөбаев тарабынан бир мунара тургузулуп берилди. Ал өзбек-кыргыз чек арасындагы мал уурдоо жана контрабанданы көзөмөлдөө үчүн колдонулат.
"Ата Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев менен редакциябызда болгон түз байланышта куртка жана башка жаңы жылдык белек сураган жарандарыбыз "посылкасын" алышканын депутаттын жардамчысы кабарлады.
“Айдоочусун атып салды” делген Болот Мамбеткаримов "Темир" мамлекеттик ишканасы темир-тезектерди чогултуу үчүн ижарага алган имараттын ээси экенин “Темир” ишканасынын юристи Алмаз Саткеев маалымдады.
Нарын облусунун губернатору 2011-жылы Жумгал районунун жолу 91 миллион сомго жасалганын айткан. Бирок 3 чакырымдык жол 14 миллион сомго “Транс Про Сервис” ЖЧКсы тарабынан жасалганын Жумгал районундагы 24-жолду тейлөө ишканасынын башкы бухгалтери Каныбек Самүдинов билдирет.
Ушул жылдын 21-29-январь аралыгында кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт-автожолу” жана “Эркечтам-автожолу” өткөрүү пункттары Кытайдагы Жаңы жылга байланыштуу жабылат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Mirlanbek1405
2012-01-24 13:29:43
Жалал-Абад чек ара отрядынын
Сакалды чек ара заставасына
депутат Бакыт Төрөбаев
тарабынан бир мунара тургузулуп
берилди. Ал өзбек-кыргыз чек
арасындагы мал уурдоо жана
контрабанданы көзөмөлдөө үчүн
колдонулат.
Мына эми коробуз го кантип иштеп берет экен.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.