КАНАТ САДЫКОВ
Билим берүү жана илим министри жогорку окуу жайлар менен байланышкан маселелер тууралуу маегинде билдирди:
"Бизде эки гана окуу жайда паракорчулук жок.
Бул – Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана
Борбордук Азиядагы Америка университети"
ГҮЛНАРА ЖАМГЫРЧИЕВА
КСДП партиясынын депутаты,
фракциянын отурумунда мамкызматкерлерди кыскартуу боюнча
маселе көтөрүлгөндө айтты:
"Жогорку Кеңеште артык баш кызмат орундары көп.
Керек болсо багбандын да орун басары бар экен"
КУРМАНТАЙ АБДИЕВ
Жогорку Кеңеште «Кызматтык турак үй жөнүндө»
мыйзамды талкуулоо учурунда билдирди:
"Бир катар депутаттар кызматтык үйдү сурап алышып,
башка адамдарды киргизип койгон учурлар болууда.
Жаңы мыйзам менен депутаттык үйдө башка адамдар
жашабасын деген тыюу салып жатабыз"