АЙЧҮРӨК ИМАНАЛИЕВА КАНДАЙ ҮЙДӨ ЖАШАЙТ?

Айчүрөк Иманалиева Бишкектин борбордук бө­­лүгүндө көп кабаттуу үй­лөрдүн биринде төрт бөл­мөлүү квартирада жашайт. Кире бериш бөл­мө­сүнө баш бакканда эле ырчынын үйү европа тибинде жасалгаланганы көрү­нүп турат. Таза жана жарык бөл­мө­­­лөр­дөгү ар буюм өз орду ме­­нен жайгаштырылып, терезеге эмеректер менен бир өңдөгү Франциянын ламбрекен пар­далары илинген.

КОНОК БӨЛМӨСҮ
Аты айтып тургандай, ыр­чынын үйүнө келген конок түз эле ушул бөл­мө­дөн орун алат. Төрдөгү Италиядан чыгарылган кайыштан жасалган ак түстөгү диван-кресло кирген адамдын көзүнө биринчи эле урунат. Ошондой эле телевизор, стол, кооз люстра, ламбрекен пардасы бөлмө­нү не бир сонун көрккө бө­лөйт.

КИРЕ БЕРИШ БӨЛМӨСҮ
Үйдүн кире беришинде кийим илгич, телефон коюучу тумба жана трюмо коюлган. Бөлмө сырттан кирген адамга маанай көтөрүүчү жагдай тартуулайт.

АШКАНА
Көпчүлүк аялзаты сыяктуу суйкайган сулуу эжекебиздин сүйүктүү бөлмөсү – ашкана. Эженин колунан жасалган кандай тамак болбосун адамдын табитин ачпай койбойт. Өзгөчө салаттарды түрдөп жасоо эженин хоббиси. Бөлмөдө ашкана гарнитуру, тамактануучу стол, стулдар, эки камералуу муздаткыч өз ордун ээлейт. Кыскасы, мында тамак даярдоо үчүн эң сонун ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

АРГЕНДИН БӨЛМӨСҮ
Арлендин бөлмөсүндө уктоочу Франция диваны, шкафы менен кошо оюнчуктары турат. Терезени ээлеген гүлдөр, жерге төшөлгөн килем бөлмөнүн көркүн ачат.

УКТООЧУ БӨЛМӨ
Ырчынын уктоочу бөлмөсү өзгөчө табит менен жасалгаланган. Мында Италиядан чыгарылган уктоочу эмеректер топтому: диван, гарнитур, тумбадан сырткары сүймөчүк кызы Аэлитанын уктоочу керебети жайгашкан. Келбети менен жүзүнө аярдык менен мамиле жасап, камкордук көргөн ырчы айымга зарыл болгон күзгү, андагы кымбат баадагы косметикалары да уктоочу бөлмөдөн орун алган.

АРЛЕНДИН БӨЛМӨСҮ
Аргендин бөл-мөсүнө Түркиядан алынып келинген эмерек, эки ярустуу керебет, компьютер, сабак даярдоочу стол, стулдар, китептер үчүн атайын гарнитур коюлган. Ошондой эле ырчынын пианиносу да улуу уулунун бөл-мөсүнөн орун алган.

Даярдаган Рахбар Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 195, 28-июль-3-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан