СУЛТАН САДЫРАЛИЕВ жана КҮЙӨРМАНДАРЫ

«Кичинекейимде казак ырчысын туурай берчүмүн»

– Султан, күйөрмандарыңдын саны арбын экенин айтпасак да белгилүү. Аларга кандай мамиле кыласың?
–Чыгармачылыгымды сыйлаган адамдарды мен да сыйлайм.
–Популярдуулукка жетишкенде артыңдан чуркаган кыздарды көрүп кандай сезимдерге туш болдуң эле?
– Оо, анда төбөм көккө жетип, сүйүнгөн элем. Азыр болсо мындай көрүнүшкө көнүп калдым. Бирок аша чаап кеткен күйөрман кыздарыма кээде жиним келип кетет. Арасында мени сыйлаган күйөрмандарым бар, алар менен дайыма сүйлөшүп туруудан баш тартпайм. Көбүнчө алар Динара эжеге чалышат, анан мен алар менен сүйлөшүп коём. Ошондой эле күйөрмандарга айта кете турган сөз. Менин атымдан кээ бирөөлөр кыздар менен сүйлөшүп, аларга: “Мага бирдик салып берип кой, сүйлөшөбүз” деген алдамчылар да бар экен. Ал жигит мен эмесмин, алданбагыла!”- деп айтар элем.
– Өзүң бирөөгө фанат болуп көрдүң беле?
– Мен казакстандык “Музарт” тобунун Сакен аттуу ырчысынын, анан композитор Коразбаев Алтынбектин кичинекей кезимден бери эле күйөрманымын. Кичинекейимде алардын баскан-турганын, домбраны кармагандарын туурап ырдай берчүмүн. Үйдөгүлөр да Алтынбек менен Сакенди жакшы көргөндүгүмдү билишип, алардын ырларын, сүрөттөрүн алып келип беришчү.

Кызыктуу статистика

  • Келген каттарынын санын эсептей албайт.
  • 328 жумшак оюнчугу бар (алардын бардыгы апасынын үйүндө).
  • Машинасынын номерин 2 жолу жулуп кетишкен (ал номерлерди азыркыга чейин таба элек).
  • Бир жолу машинасына боёк менен жазып кетишкен. Аны Султан жынсы шымы, бензин менен жууп кетирген.
  • Бир айда 2 жолу телефон номерин алмаштырып турат.
  • Султан Канат Култаевдин үйүнө көп баргандыктан, бир жолу Султанга арзуусун арнаган кыздар Канаттын эшигине ар кандай сүйүү сөздөрүн жазып кетишкен.

Асель, тигүүчү, 23 жашта: «Султандын афишаларын жулуп алчумун»

– Султанды алгачкы жолу Динара эже уюштурган “Кардио Хит” концертинен көрүп, анын ырдаганын, баскан-турганын жактырып калгам. Ошол күндөн тарта анын күйөрманы болуп келем. Концерттерин калтырбай барам. Өзүм тигүүчү болгондуктан, Султанга шым тигип, кийизден төө жасап бергем. Мурун Султандын афишаларын илинип турган жеринен жулуп алып сактачу элем. Азыр Динара эже менен байланышып турам жана афишаларын да мурункудай жулуп албай жаңысын алам.
Анан да Султан менен сүйлөшө келгенде жөнө­көйлүгүн байкагам. Бир жолу көчөдө кетип бараткан жеримен мени көрүп калып, машинасын токтотуп, мени менен учурашып, ал-жайымды сураганда жүрөгүм жылыган. Негизи, Султан өзүн жана чыгармачылыгын сыйлаган күйөрмандарына жылуу мамиле кылат.

Кызыктуу окуялар!

Султан кайсы жерде болбосун дайыма кызыктуу окуяларга туш болуп келет. Алардын өзгөчөлөрүн ырчы өзү айтып берди.

«Экинчи кабаттан сүйүүлөрүн билдиришкен»

– 2006-жылы күз айларында Нарынга гастролго барган элек. Ал жакта ырчылар кийинүүчү бөлмө экинчи кабатта жайгашкан экен. Концерт бүтүп, ырчы мырзалар болуп бир бөлмөдө кийинип жатсак, терезеден эле кыздардын баштары чыгат. Көп өтпөй эле ызы-чуу салган кыздар: “Султан эле Султан, мен сени сүйөм!” - деп кыйкырышып, терезени чапкылашып сындыра жаздашкан. Терезенин жанына барсам жерде турган кыздар толтура экен. А калган кыздар экинчи кабатка кантип чыгышканына азыр да түшүнө албай келем.

«Жаш балдардай ойносок таң калышкан»

– Мындан 2 жыл мурун Талас облусуна барып калдык. Анан ал жактан бир улуу байке: «Биздин үйгө конокко келгиле», - деп суранып калды. Анда дагы ырчы досторум менен жүргөм. Маданият үйүнүн жанында жаш балдардын селкинчеги бар экен. Биз болсок машиналарыбызды токтотуп, селкинчекте ойноп, жашыл чөптө балдар менен күрөшүп кирдик. Ошондо бизди карап турган Динара эженин жанына бизди чакырган байке келип, таң калып карап: “Буларың сахнада чоң адамдай болгону менен чоңоё элек тура?” - деп таң калган экен.

«Менден улуу эже эс алууга чакырган»

– “Жөнөкөй жигит” аттуу концертимди берип жатканымда күйөрмандарым гүл, жумшак оюнчук, каттарды колума берип жатышкан. Ошондо жашы менден улуу эже келип колума бир конвертти карматкан эле. Ичин ачсам Ысык-Көлдөгү бир эс алуучу пансионатка чакыруу экен. Концертимди берип бүткөндөн кийин ал чакырууну эсимден чыгарып коюптурмун. Кийин ал Динара эжеге чалып: “Султан, пансионатка барабы же жокпу жообун билип бергиле!”- дептир. Бирок ал эс алууга барган эмесмин. Негизи эле улуу эжелер мага көп чалышат.

«Ырым бир үйбүлөнү ажырашуудан куткарып калган»

– Бир жолу радиого түз эфирге барган элем. Ошондо бир кыз түз эфирге чыгып “13 жашар баланын арманы” аттуу ырым бир үйбүлөнү ажырашуудан куткарып калгандыгын айткан болчу. Негизи, окуя мындай болгон экен. Ал кыздын досунун ата-энеси ажырашып кетиптир. Ал кыз ошол ырды досунун атасына алпарып таштап коёт. Ырды уккандан соң атасы үйүнө кайтып келиптир.

Ушул ырым чыккандан кийин мага көп кичинекей балдар чалып алышып ата-энелеринин ажырашып жаткандарын айта беришет. Аларды угуп жүрөгүм ооруйт.

Жагымдуу SMS билдирүүлөр

Сенин үйлөнүп алганыңа ишенбейм! Андай болушу мүмкүн эмес, мен азыр көз жашымды төгүп отурам. Султан, сен үйлөнгөн жоксуң да, ээ?

Сени сүйгөн бир кыз.

Мен сизди ойлой берип жинди болуп каламын го. Мени кечириңиз, тажаттым окшойт сизди.

Бактыгүл.

Султан, мен сени менен жолугушпасам, өлүп алам. Уктуңбу?

Күйөрманың.

Султан, сен менин бывший күйөөмө окшош экенсиң. Күйөөм менен жарашып алсамбы, кайра?

Эжең.

Султанчик, бүгүнкү туулган күнүң менен куттуктайм! Дүйнөдөгү эң бактылуу пендеси бол Алланын.

Салтанат!

Кыргызымдан бул жөнөкөй жигити,
Кызгандырып жүрөктү эзип жибитти.
Жагымдуусуң, аячы деп жалынам,
Менин сүйүүм, жаным сени сагынам.

Наргиза.

Бактыгүл Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 327, 6-февраль - 12-февраль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан