“Верный Капитал” компаниясынын башчысы, Казакстандын президенттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси Булат Утемуратов Австриянын борборунда жайгашкан “Ritz-Carlton” мейманканасын сатып алды. Бул 202 бөлмөдөн турган Венадагы мейманкана Австриянын мамлекеттик маданий эстелиги катары коргоого алынган сарайда жайгашкан. ММКларда бул окуя "Назарбаев жана анын жакындарынын Жаңы-Өзөндөгү окуядан кийин өз байлыгын сыртка чыгарып жатканы" катары бааланууда. Анткени жакында эле “Верный Капитал” компаниясы дүйнөнүн бир канча жеринен мейманканаларды сатып алган. "Верный Капитал" компаниясынын акциялары Назарбаев жана Утемуратовго таандык" деп айтылат.