Өткөн саныбызда “Викиликс” сайтына шилтеме берип, Максим Бакиев жөнүндөгү маалыматты жарыялаган элек. Анда КРнын Спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агенттигинин мурунку башчысы Александр Воиновдун "Максимдин атасына карай ок атканын көргөм" деп айтканы бар. "Чын эле ушундай болду беле?" деп Александр мырзага кайрылсак: "Максимдин атасын атканын мен көргөн эмесмин. Көрө алмак да эмесмин. Бул жөн эле ушак. Негизи, бул окуянын чын болгонун же болбогонун эч ким билбейт. Кезинде "Бакиев Германияда дарыланып жатканда аны өз уулу атыптыр" деген ушак сөз чыккан. Мен деле муну эл катары маалымат каражаттарынан уккам. АКШ элчилигинин өкүлү болгон досум бар, ал бир жолу мага келип “Максим өз атасын аткан болушу мүмкүнбү, ал агрессивдүү беле?” деп сураганда мен “билбейм, бул тууралуу эч нерсе дей албайм. Максим студент кезинде менин колумда машыгып кеткен, башка эч кандай байланышым жок” деп жооп бергем",- деп билдирди.