ЖАЗА ӨТӨӨ МЕКЕМЕЛЕРИН ДҮРБӨЛӨҢГӨ САЛГАН ЭМНЕ?

Бишкектеги №1-тергөө изоляторунда каза тапкан адамды “ур-токмоктон улам каза тапты” деп укук коргоочулар жар салса, түрмө башкармалыгы “баңгизатты ашыкча колдонуудан өлдү” деп билдирүүдө.

ВИДЕОКАМЕРАЛАРДЫ ЖОК КЫЛУУ ҮЧҮН ЧЫР ЧЫКТЫБЫ?
16-январда №1-тергөө изоляторунда (СИЗО) жаңжал башталган. Түрмөдө отургандардын айтымында, “Омега” спецназ тобу эртең менен кирип келип, үн, түтүн чыгаруучу гранаталарды камераларга ыргытышып, качып чыккандарды катуу сабап башташкан” дейт. Ал эми жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү “жөн гана пландуу түрдө текшерүү иши жүргүзүлүп жаткан кезде абактагылар 4 кызматкердин бетине кайнак суу чачып, экинчи жана үчүнчү кабаттардын жууркан-төшөктөрүн өрттөөгө киришкен” дешүүдө.
№1-тергөө изоляторунун кызматкерлеринин айтымында, ал жерде тинтүү иши жүргүзүлүп, анда 181 грамм баңгизат, 38 чөнтөк телефон, бир канча курчутулган темир, 5 “отмычка” (камеранын эшигин ачууда колдонулган темир) табылган. Мына ошол иш аягына жете электе түрмөдөгүлөр козголоң чыгарышкан.
Дагы бир версия боюнча, жаңжалдын чыгуусуна №1-тергөө изоляторундагы кримавторитет Дамир Сапарбековду №50-жаза өтөө мекемесине которуу чечими себеп болгон. Каршы болгондорунун себеби ал жерде телефондук байланыштарды токтотуучу атайын аппарат орнотулгандыктан, кримавторитет менен байланышуу мүмкүнчүлүгү жок болмок. Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, чырдын себеби бул иш эмес. Ал Дамир Сапарбеков менен сүйлөшкөндө анын башка жайга көчүрүлөрүн билбегенин айткан. Бул, акыйкатчынын айтымында, 16-январдагы чырдан соң Жаза аткаруу кызматы тарабынан чыгарылган чечим болгонун билдирет. Ал эми Жаза аткаруу башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жолдошбек Бусурманкулов:Дамир Сапарбековдун киши өлтүргөнгө катыштыгы бар деген далилдин негизинде 16-январга чейин эле №50-жаза өтөө мекемесине көчүрүү чечими чыгарылган болчу”,- дейт. Ошол эле учурда Бусурманкулов чырды абактагылар көзөмөлдөөчү камераларды жок кылуу максатында жасашканы мүмкүн экенин билдирди. 16-январдагы тополоңдо бул мекеменин 20 видеокамерасы, 20 видеонун сапатын жакшыртуучу аппараты, 480 метр видеокабелдери талкаланган.
№1-тергөө изоляторундагыларды колдоо иретинде башка алты жаза өтөө мекемесинде ачкачылык жарыяланып, кийинчерээк токтотулган.

БИР АДАМ ЖАН БЕРДИ
Бул тополоң жоготуусуз болгон жок. Анда түрмөдөгү 30га жакын адам жабыркап, айыпталуучу Нурбек Алымбаев каза тапты. Анын шектүү өлүмү тууралуу да эки түрдүү ой айтылууда. “Катуу сабалып, сөөгү сынып каза тапкан” деген версиялар бар. Жаза өтөө мамлекеттик кызматынын башчысы Шейшенбек Байзаков болсо анын спецназ менен абактагылардын кагылышуусунан улам көз жумбаганын билдирет. Анын айтымында, Н.Алымбаевдин денесинде, башында ур-соккунун изи жок, ошондой эле эч жери сынган эмес. Алымбаев баңгизат колдонгондуктан, ашыкча өлчөм кабыл алып каза тапкан болушу мүмкүн дегенди билдирди.
Ал эми Турсунбек Акун “денесинде көк ала тактар бар. Эгер Алымбаев сөөгү сынып, ур-соккудан каза тапса, анда экспертизанын жыйынтыгы жакында чыгат. Баңгизаттан болсо, анда 20 күндөн кийин белгилүү болот” деди Алымбаевдин денесине экспертиза жүргүзүлгөн учурда.

Турдугүл Каримова, Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
diana345
2012-01-24 00:57:39
эми ушулар эле калды эле ,ээй кырылбай жон жаткыла.
0
Гулжигит
2012-01-25 13:43:46
Баарын атып салуу керек! Буларга эмне, турмону жогорку кенешке кочурсунбу же?
0
kamarik
2012-01-27 20:04:14
Гулжигит хехе
0
№ 481, 20-26-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан