Бүт дүйнө, жамы журт жыл жаңыргандан бери Иранды теше тиктеп, “качан согуш чыгып кетер экен?” деп тынчсызданууда. Чоң жаңжалдан Кыргызстан да жабыр тартышы ыктымал. Ирандын бир кезде “эгерде АКШ согуш баштап, Бишкек шаарындагы майданын колдоно турган болсо, Кыргызстан бомба менен жооп алат” деген билдирүүсү дале эсте...
НЕФТИ МЕНЕН ГАЗДЫН МАГНАТЫ – ИРАН
Борбору – Тегеран.
Дини – Ислам (шииттер).
Калкы – 81 миллионго жакын.
Дүйнөлүк запас боюнча жаратылыш газынын 16, нефтинин 10 пайызына кожоюн.
Бюджет кирешесинин 45 пайызы нефти менен газды сатуудан түшөт.
Желегинде “Аллоху акбар” деген жазуу 22 ирет кайталанат. Андыктан эң көп сөз жазылган желек Ирандыкы.
АКЫР ЗАМАН ЭМЕС, БЫЙЫЛ ЧОҢ СОГУШ СТАРТТА
Мындай кепти аттуу-баштуу серепчи жана саясат таануучулар туш тараптан таратып жатышат. Аягы көрүнбөгөн бул талашты эки сөз менен түшүндүргөндө, АКШ, Европалык союз жана Израиль “өзөктүү куралы бар” деген шылтоо менен Иранга согуш жарыялаганы жатышат. Мындай тактика жаңылык деле эмес, мурун дал ушундай ыкма менен Иракты жер менен жексен кылып, соңунда лидер Саддам Хусейнди дарга асып тынышкан.
Иран өзөктүү курал үчүн керектелүүчү ок-дарыны өндүрүп келгенин танбайт. Бирок өндүрүлүп жаткан атом тынчтык максатында гана колдонулат деп ишендирет.
“Өзөктүү курал жөн гана куру шылтоо” дегенге жүйөлүү себеп бар. Анткени кептин ачыгы бул – Ирандын нефти байлыгы. Анын географиялык жайгашуусу да дүйнөлүк державаларга чоң жем болуп көрүнүп, Иранды баса калууга ашыккандар ого эле көп.
Айтмакчы, Иран көптөгөн ислам мамлекеттери сыяктуу Израилди өлкө катары тааныбай келет. Тегерандын расмий билдирүүлөрүндө Израиль “Сионисттик режим” (жөөт элин бириктирүүчү саясий кыймыл) деп аталат. АКШ менен да дипломатиялык мамилеси жок.
ПЕРС БУЛУҢУ ЖАБЫЛСА, МАЙДЫН БААСЫ АСМАНДАЙТ
1-январдан тарта АКШ менен Европа союзу Ирандын нефти экспортун токтотууну чечип, Тегеран шаарындагы Борбордук банкка каршы санкцияларды киргизди. Анткени дал ушул банк аркылуу сатылган нефтинин төлөмдөрү жүргүзүлүп келет.
Ирандын “фишкасы” да, куралы да, ишенген каражат булагы да бул – нефть. “Эгерде ирандык нефти соодасына тоскоолдук жаратылса, анда “Перс булуңундагы нефти дарбазасы” атыккан Ормуз кысыгы жабылат” деп Тегеран жар салды. Айтмакчы, бул кысык аркылуу дүйнөдө өндүрүлгөн бардык нефтинин төрттөн бири экспортко жөнөтүлөт. Ормуз жабылса, ансыз да каржылык каатчылыктан башын көтөрө албай жаткан дүйнөлүк коомчулук кайрадан чоң кризиске батат.
Коркутуунун артынан жүрөк түшүргөн үркүтүү айтылды. Пентагон “Иран Ормуз кысыгын жапкан күнү жер менен жексен болот” деди. Быйылкы жылы ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтөт. Барак Обама экинчи мөөнөттөгү президенттик шайлоого ат салышууну максат кылып жатканда нефти каатчылыгына эч кандай жол бере албайт.
“ИШИҢЕР БОЛБОСУН!”
“Кааласак кысыкты жабабыз, ал биздин иш. Эч ким, өзгөчө америкалыктар бизге буйрук бере албайт!” деген ирандыктар да айтканынан кайтпай көшөрүүдө.
Бул аралыкта Израиль согушка даярданып, Иранга каршы жакын арада операциялык жүрүшүн баштаарын айтты. Азырынча дүйнөлүк ММКларда “30-январда башталат” деген кептер кызуу талкууда. Кээ бирлер жаз же жай мезгилинде старт аларын белгилешет.
Бүйүр кызытуучу учуру буга чейинки жаңжалдарда “сен мага тийбе, мен сага тийбейм” эрежеси менен жашап келген Кытайдын уйкудан ойгонгондугу болду. “Эгерде АКШ же башка өлкө Иранга кол сала турган болсо, анда Кытай чукул аранын ичинде чараларды көрүп, согушка аралашат”,- деди Иранды колдогон Кытайдын лидери Ху Цзиньтао. “Өз эрежелерин башкаларга каалагандай таңуулап келген АКШ акыркы мезгилде дүйнөнүн өзгөргөндүгүн эске алсын” деген Кытай үчүн Ирандын нефтиси чоң мааниге ээ. Анткени Иран ислам республикасы экспорттогон нефтинин 20-30 пайызы Кытайга келет.
Иран менен чектеш Түркия да америкалык санкцияларга баш ийбей тургандыгын билдирген. Анткени түрктөр ирандык нефти менен газдан көбүрөөк көз каранды.
“ИРАН БИР РАКЕТА ТАШТАСА, БИШКЕК ЖОК БОЛОТ”
Тегеран менен Бишкек көптөгөн тармактар боюнча кызматташууну жолго салган. Көрүнүктүүлөрүн карасак, "Бишкек-Ош" автомагистралын курууда ирандык жол компаниялары катышкан. Тегеран Кыргызстанда түрдүү долбоорлордун ишке ашышы үчүн грант жана инвестицияларды бөлүп келет.
Негизинен, Иранга Кыргызстандан эт көбүрөөк ташылат. Жакынкы келечекте электр энергияны экспорттоо иштери да каралган.
2009-жылы февралда экс-президент Курманбек Бакиевдин террорчуларга каршы коалициянын "Манас" аэропортундагы майданын (кийин транзиттик борбор деп аталган) чыгаруу тууралуу чечими Тегеран тарабынан жылуу кабыл алынган болчу. Анткени "АКШ дал ушул майдан аркылуу ирандык аймакка басып кирүүнү баштайт" деген айың кептер бар эле. Кокусунан Иранга каршы аскердик операция башталып кетсе, анда Кыргызстан "Манас" аба майданын согуштук аракеттер үчүн колдонууга жол бербесин эл аралык коомчулукка билдирген. Ага Тегерандын "ракеталар кайсы жерден жөнөтүлсө, ошол жерге сокку жиберилет" деп жар салганы себеп болгон.
Президент Алмазбек Атамбаев шайлоо алдындагы билдирүүлөрүндө: "Транзиттик борбор боюнча макулдашуулар узартылбайт. "Манаста" аскердик майдандын жайгашышы жакшы эмес. Кокустан Америка эртең Иран менен согушуп кетип, алар жооп катары бир ракета жөнөтүп койсо, майдан эле эмес, Бишкек кошо жок болот",- деп айткан.
АТАМБАЕВ СӨЗҮНӨН ТАЙДЫБЫ?
Өлкө башчы Түркияга болгон соңку сапарында АКШнын Бишкектеги жүк ташуучу транзиттик борборун 2014-жылдан кийин жарандык борбор кылып түзүү сунушун айтты. Дал ушул жылы макулдашуунун мөөнөтү аяктайт. Албетте, бул билдирүү биринчи кезекте Кремлге жаккан жок. Орусиялык ЖМКлар "Атамбаев чыгарам дебеди беле, эмнеге сөзүнө турбайт?" деп чуру-чуу салып чыгышты.
Былтыркы жылдын 20-декабрында "Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында аскердик майдандар аймакка мүчө мамлекеттердин макулдугу менен гана жайгаштырылат" деп чечишкен. Балким, ушул документке таянып, ЖККУнун мүчөлөрү сес көрсөтүп жатышкандыр.
Кимдир бирөөгө нефть менен газ, экинчи жакка тынчтык жана туруктуулук керек. Бирок эксперттер чөйрөсү "Иранда старт ала турган жаңжал жөнөкөй болбойт. Ал үчүнчү дүйнөлүк согушка айланышы мүмкүн. Анткени ансыз да курч аймакта жайгашкан Ирандын коңшуларынын бирөөсү да тынч карап отурбайт. Иран бул – силерге Ливия дагы, Ирак дагы эмес. От жагардан мурун ойлонгула!" деген чакырык ташташууда.
Эльвира Караева
koom@super.kg
ИРАН-АКШ ТИРЕШИ КЫРГЫЗСТАНГА КАНДАЙ ЗЫЯН КЕЛТИРЕТ?
Өмүрбек Текебаев,
ЖКнын депутаты:
– Иран менен Америка жана Израиль жетектеген өлкөлөрдүн ортосунда согуш башталса, бул Кыргызстанга эле эмес, дүйнөлүк экономикага чоң зыяны тиет. Нефтинин баасы эки эсе көтөрүлүшү мүмкүн. Бул Кыргызстанга түздөн-түз таасир этет. Биз күтпөгөн нерселер да бар, бирок андай залалдарды биз азырынча так атай албайбыз. Демек, Ирандагы стабилдүүлүктүн жоюлушу бардык өлкөлөргө терс таасирин тийгизиши ыктымал.
Табылды Акеров,
тарыхчы, саясий серепчи:
– Менимче, Иран менен АКШнын ортосунда согуштук аракеттер болбойт. Конфликт сүйлөшүүлөр менен эле жоюлат болушу керек. Андай болбой калса, Кыргызстан нейтралдуу позицияны ээлейт. Эгер АКШны колдоп кетсе, анда мусулман өлкөлөрүнүн арасында Кыргызстандын аброю түшүшү мүмкүн. АКШнын авиабазасы тургандыгына байланыштуу биздин өлкө нейтралдык позицияны карманганы оң.
Кадыр Маликов,
дин таануучу:
– Азыр дүйнө жүзү Ирандын айланасындагы окуялардын өнүгүшүнө көз салып турат. Бирок эч кандай согуш болбойт деп айтылууда. Анткени жакында эле Обама менен Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху жолугушуп, анда Обама Иранга АКШ алдын ала кол салбай тургандыгы тууралуу айткан. Бул абдан глобалдуу көйгөй. Ортодо согуш оту тутанса, анда Түштүк-Чыгыш Азияга эле эмес, Орто Азияга да коркунуч жаратат.
Турат Акимов,
серепчи:
– Эгерде АКШ менен Ирандын ортосунда кагылышуу болуп кетсе, бул өтө чоң согушка айланат деп ишенбейм. Анткени АКШ 10 жылдан бери Ооганстан менен Иракта эки согушту өткөрүп, дефолтко келип калды. Дагы бир үчүнчү чоң согушка кирип алып өзүн кыйнагысы келбейт. «Иран Кыргызстанды бомбалайт» дегенге да ишенбейм. Абалдан пайдаланып түрдүү террордук акциялар өтүп кетиши мүмкүн.
Кубанычбек Идинов,
экс-депутат:
– Согуш чыкса, анда АКШ Иранды бомбалап таштайт. Биздин Иран менен мамилебиз бар. Түздөн-түз таасир этпегени менен, бул Фергана өрөөнүнө согуштун жакындап келе жаткандыгынан кабар берет жана үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталышы болуп калат. Дүйнө жүзү мусулман жана каапырлар болуп согушуп калуусу да толук мүмкүн.
Автандил Добулбеков