КИРА НАЙТЛИ АТАКТУУЛУГУНАН ЖАПА ЧЕГИП КЕЛЕТ

"Кариб деңизинин каракчылары" тасмасындагы Кира Найтли аттуу Голливуд актрисасын кимдер гана тааныбайт. Айрыкча ушул тасмадагы ролунан улам дүйнөлүк атак-даңкка жеткен сексуалдуу актрисанын карьерасы, жеке жашоосу жөнүндө макала баарынын кызыгуусун жаратат чыгар.

Толук аты-жөнү – Кира Кристина Найтли
Туулган жылы – 1985-жыл, 26-март
Туулган жери – Лондон, Англия
Бою – 170 сантиметр
Чачынын түсү – Күрөң
Көзүнүн түсү – Кой көз
Кесиби – Актриса, модель
Канча тасмада тартылган – 68
Карьерасы – 1993-жылдан азыркыга чейин
Лакап аты – Ки
Дини – Христиан (католик)
Хоббиси – “Согуш жана тынчтык” чыгармасын окуу, пианинодо ойноо, сүрөт тартуу
Жакшы көргөнү – Бут кийимдер, тай ашканасы, “Касабланка” тасмасы жана шоколад
Жактырбаганы – Папарацци

МЕЛДЕШТЕН УЛАМ ЖАРЫККА КЕЛГЕН
Кира Найтли Лондон шаарында белгилүү актёрлор Уилл Найтли менен Шерман МакДональддын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Анын жарыкка келип калышынын да кызыктуу жагдайы бар. Киранын апасы Шерман актрисалык карьерасын биротоло таштап, драма жазууга белсенип калган. Шерман жолдошу Уилл менен мелдеше кетип, "эгер мен алгачкы пьесамды сатсам, дагы бир бала төрөйм" деп сөз берет. Ошентип, актрисанын апасы Шерман пьесасын сатып мелдешти утуп алат. Жыйынтыгында англиялык адабият чөйрөсү Шерман МакДональд аттуу ысымдуу болсо, ал эми дүйнөлүк кинематографияда Кира Найтли аттуу кыз төрөлөт. Киранын 1979-жылкы Калеб аттуу бир тууган агасы бар. Болочок актриса ата-энесин кубантуу үчүн дайыма мыкты окуганга аракет кылар эле. Жаштайынан эле актрисалыкты көксөгөн Кира каникул убагында башка балдардай эс алып жатып албастан, тырышып актёрдук чеберчилик сабагына калтырбай барчу.

НАТАЛИ ПОРТМАНДЫН КӨЧҮРМӨСҮ
Актриса алтыга чыкканда жеке агенттүү болуп, жети жашында "Хан сарайдагыдай майрамдоо" тасмасында алгачкы ролун ойногон. Он бир жашында Европа каналдарында телешоу, сериалдарга катышып, эл оозуна алынып калган болчу. Кира Найтлинин Натали Портман менен "Жылдыздар согушу" тасмасында чогуу тартылып, айрым эпизоддорунда Наталинин да ролун ойногону тууралуу кептер бар. Анткени экөө бири-бирине куюп койгондой окшош эле. Бирок Натали "баарын эле өзүм ойногом" деп моюнуна алган эмес. Тартуу аянтында эки актрисаны гримден кийин өздөрүнүн апалары да айырмалай албай калганы айтылат. Бул тасманын ийгилигинин баарын Портман алып кетип Кира көлөкөдө калганы менен, таланттуу актрисаны профессионал режиссёрлор байкап калышат.

АТАКТУУЛУКТУН АЛГАЧКЫ ДААМЫ
Кира биринчи башкы ролун 2001-жылы "Робин Гуддун кызы: Уурулардын ханышасы" деген тасмада аткарган. Актрисанын дүйнөнү "дүң" деп жарып, атактуулук алып келген ролдорунун бири – 2002-жылы тартылган "Ойносоң Бекхэмдей ойно" киносундагы өспүрүм кыздын ролу. Фильмдин бюджетине 3,5 миллион доллар сарпталып, дүйнөлүк сатыктан 32 миллион доллар топтогон.
Режиссёрлордун Кира Найтлини таануусу, анын атагы, популярдуулугу актрисаны жаңы келишимдерге кол коюуга мажбур кылат.
2003-жылы Кира Найтли "Кариб деңизинин каракчылары" тасмасында Жонни Депп, Орландо Блум өңдүү Голливуд жылдыздары менен чогуу тартылгандан кийин анын популярдуулугу белгилүү бир чокуну багындырат. Андан соң "Чыныгы сүйүү" (2003), "Падыша Артур" (2004), "Пиджак" (2005), "Домино" (2005) жана "Намыс жана ишенбестик" (2005) тасмаларында катар-катар роль аткарат. "Намыс жана ишенбестик" фильминдеги Элизабет Беннеттин ролу үчүн актриса "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн.

КИРАНЫН ЖЕКЕ ЖАШООСУНА АПАСЫ КӨП КИЙЛИГИШЧҮ
Атак-даңкка жеткен кино жылдызынын жеке жашоосу тууралуу маалымат кимдин болбосун көңүлүн бурдурат эмеспи. Анын сыңарындай, актрисанын апасы Шерман пиар кылуу максатында кызынын интимдик сырларын басылмаларга тез-тезден жайып турчу. Апасынын мындай жоруктарынан улам актриса дайыма басылмалардын көңүл борборунда турар эле.
16 жашында өспүрүм Найтли башталгыч актёр Дел Синнот менен кыз-жигит болуп жүрүп, бирок алардын мамилеси узакка созулбайт. Ажырашуудан аз убакыт өтпөй Дел күчтүү дарыларды көп ичкендиги үчүн бейтапканага түшүп калат. Бул саамды да жөн кетирбей, Шерман басылмаларга "жаш актёр Делди Кира таштап салганы үчүн өз өмүрүнө кол салды" деген ушак таратат. Ал эми актрисанын экинчи романы 23 жаштагы тигүүчү Жейми Дорнан менен болгон. Экөө 2003-жылы "Кариб деңизинин каракчылары" фильминен кийин таанышышкан. Кира Жеймини өзүнүн агенти менен тааныштырып, анын актёр болуусуна бүт мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген. Бирок жигити "Мария-Антуанетта" фильминен популярдуу болгондон кийин Кираны таштап, модель Кейт Мосс менен жүрүп кеткен. Мында да апасы "Кира учурда катуу кыйналып жаткан кези. Ал Жейми экөөнүн ортосундагы сезим чыныгы сүйүү деп ойлогон. Бирок мезгил андай эмес экенин далилдеп койду" деп басылмаларга комментарий бергенге үлгүргөн. Апасынын бул сөзүнөн кийин Кира "жетишет, менин жашоом өзүмдүн колумда!" деп үйүнөн чыгып кетет. Киранын акыркы жылдардагы сүйүүсү – "Намыс жана ишенбестик" тасмасындагы мистер Уикхемдин ролун аткарган актёр Руперт Фрейд. Башында дос катары гана жүргөн эки актёрдун достугу кийин биротоло сүйүүгө айланып кетет. Экөө беш жыл чогуу жүргөн соң жакында эле кол үзүштү. Киранын айтуусунда, бул нерсеге актрисанын атактуулугу себепкер. Актёр Руперт Фрейд папараццичилерден качкандан жана элдин көңүл борборунда болуудан тажаганын айтып, ажырашуу сунушун биринчи киргизген экен.
Кира Найтли атактуулугу тууралуу: "Өспүрүм кезимде мен атактуулукту эмгегимдин акыбети деп ойлочумун. Азыр ойлоп көрсөм, популярдуулуктун эч бир пайда алып келгенин көрбөптүрмүн. Ал менин жолумдагы бардык нерсени талкалап жок кылып жатат. Анын ичинде жеке жашоомду да",- деп айтып өкүнгөнү бар.

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР

  • Режиссёр Жон Мейбери өзүнүн "Пиджак" деген тасмасына Кираны чакырууну ойлогон. Киранын мурунку тасмада ойногонун көрүп, Жон актрисанын бул фильмде мыкты аткарып бере аларынан күмөн санаган эле. Бирок актриса кинопробада заматта анын бул оюн жокко чыгарган.
  • Актриса азыркыга чейин "Кариб деңизинин каракчылары" үчилтигин толук көрүп бүтө элек. Найтлинин "эгер өзүмдү көргөнү киного барсам, анда өзүмдү келесоодой сезе берем" деп айтканы бар.
  • Кира Найтли кичинесинде дислексия (тамгаларды айырмалай албоо) оорусунан жапа чеккен.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
maksimus
2012-01-31 14:13:11
ekoo ten jagat. birok natali portman suuuuper, i kraasavisa
0
jyldyza0000
2012-02-04 14:54:41
мм чын эле окшош экен бир караганда
0
maksimus
2012-05-03 17:55:14
natali the best.
0
№ 482, 27-январь - 2-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан