Учурда 6 баланы тарбиялап жаткан жылдыздуу түгөйлөр Анжелина Жоли менен Брэд Питт балдарынын санын көбөйтүүнү чечишкен өңдүү. Дегеним, маалымат булактарында “Анжелина төртүнчү баласын жарыкка алып келүү алдында турат” деген кептер учу-кыйры жок тароодо. Бул маалыматты актрисанын жакын достору да тастыктаган. Алардын айтымында, учурда Анжелина кош бойлуу, 4 ай болуптур. Демек, эки атактуудан жаралган кичинекей наристенин жарыкка келер күнү да алыс эмес. Эске салсак, Жолинин үч баласы бакма, үчөө өзүнүкү.