Ырчы Сергей Лазарев менен телеалпаруучу Лера Кудрявцева мамилелерин мыйзамдаштырууга али шашылбайт экен. Лазарев “жакынкы жылдарда үйлөнбөйм” деп айтып күйөрман кыздарын сүйүндүрдү. Эске салсак, Кудрявцева менен Лазарев 2008-жылдан бери кыз-жигит болуп жүрүшөт. Бирок экөө эки башка батирде турушат, анткени экөө тең эркин жүргөндү жакшы көрүшөт имиш. 40 жаштагы Леранын мурунку күйөөсүнөн уулу бар. Ал эми 30 дагы Сергей бойдок.