Орусиялык “Cinemation” кино мектеби эң көп гонорар алган кино жылдыздарды аныкташты. Тизмеде биринчи орунду Константин Хабенский илип кетти. Эксперттердин айтымында, актёрдун бир күндүк съёмкасы 7 миң доллар турат. Экинчиде Сергей Гармаш, үчүнчүдө Марат Башаров, андан кийинки орундарда Светлана Ходченкова, Нонна Гришаева, Анастасия Заворотнюк сыяктуу таланттуу кино жылдыздар бар.