Орусияда коомдо аброю жогору, эң таасирдүү айымдардын ысымдары аталды. Рейтинг боюнча, алдыңкы сапты Санкт-Петербург облусунун экс-губернатору Валентина Матвиенко алса, экинчи орунду орус шоу-бизнесинин примадоннасы атыккан Алла Пугачёва илип кеткен. Аталган рейтингдин катышуучулары ар кайсы тармакта иштеген айымдар. Ондукка киргендердин ичинде Алина Кабаева, Ксения Собчак, Светлана Медведева, Эльвира Наибулина өңдүү атактуу айымдар бар.