Апакай үлпөт көйнөк – ар бир кыздын кыялы эмеспи. Мындай кыялдары ишке ашкан жылдыз кыздарыбыз жана ырчы мырзалардын келинчектери менен толкунданткан ушул күн жана аппак көйнөк тууралуу сүйлөштүк.
Бегимай Эсенгулова,
ырчы
Үлпөт көйнөгү Италиядан алынып келинген. “Бул көйнөктү кийип көргөндө эле меники деп сездим” дейт ырчы.
Көйнөк алган жери – “Дом свадебной моды” салону
Баасы – 1800 доллар
Той болгон күнү – 29.10.2011
– Кызыгы, биздин тойго чейинки күндөрдө Алматыда кар жаап, анын артынан жаан жаап, аябай суук болгон. Бирок тоюбуз болгон күнү асман ачылып, күн жаркырап кубанткан. Анан дагы биз машинанын ичинде жүргөндө кар жаап, машинаны токтотуп эшикке чыксак, кар токтоп калып аба ырайы бизге шарт түзүп берип жаткансыды.
Казакстанда эки жашты тосуп алуу аземи башкачараак экен. Биз ресторанга киргенде эл килемдин эки четине туруп күтүп алышты. Бул учурда менин бетим фата менен жабык болчу. Тамада домбра менен ырдап жатканда туугандардын ар бирине жүгүнүшүм керек экен. Килемдин берки четине бир идиш коюп, мен жүгүнгөн сайын ал идишке көрүндүк салып жатышты. Ыр бүткөндө тамада бетимди ачып, элдерге көрсөттү. Мен казакча жакшы түшүнбөгөндүктөн, жолдошума “жүгүнө турган жерде колумду кысып тур” деп ал колумду кыскан сайын жүгүнүп жаттым. Мындай каада биздин туугандарга да жакты.
Медина Эркинбек кызы,
Ильяз Абдыразаковдун жубайы
Катуу толкунданганынан көйнөктү алган жерин унутуп да койгон
Баасы – 1000 доллар (прокат)
Той болгон күнү – 19.12.2010
– Бири-бирибизге шакек кийгизип жатканда аябай толкунданып кетсем керек, Ильяз оң колун берсе, түртүп салып сол колуна шакек салганга аракет кылыптырмын. Анан чочуп, кайра эстеп кетип оң колуна кийгизе салдым. Анымды айланадагылар да байкап калышкан экен, элдин баары дуу күлүп жиберишкен. Калганы жакшы эле өттү. Чынында, башкача жагымдуу сезимдер болгон. Сүйгөн адамың менен түбөлүккө кол кармашып жатсаң, анан толкунданбай көр.
Роза Ибраимова,
телеалпаруучу
"Мен башында барпыраган эмес, ичке эле көйнөк алайын деп ойлогом. Салонго барсак, алар ушул көйнөктү сунуштап калышты. Мага да аябай жагып, сатып алдым".
Көйнөк алган жери – “Дом свадебной моды” салону
Баасы – 450 доллар
Той болгон күнү – 23.07.2011
– Той учурунда аябай толкундануулар болду. Бирок мен өзүмдү “элдин баары эле ушинтип турмушка чыгып жатпайбы, эмне болмок эле” деп тынчтандырып жаттым. Анткеним менен, Бакыт үйүнө кирип баратканда, ал жактан сенин ысымыңды атаганда башкача болот экенсиң. Өзүм деле алып баруучу болуп, элдин алдында сүйлөп көнүп калгам дечи. Бирок сенин тоюң өтүп жатканын эстегенде жана элдин баары сага көңүл коюп, жылмайып карап турганын көргөндө толкунданбай койбойт экенсиң. Үлпөт той дегенде роза гүлдөргө көйнөгүмдү тыттырып алганымды эстеп кетем. Розалардын арасына кирип сүрөткө түшкөнбүз. Ошондо көйнөгүмдү тикенектери тытып кетиптир. Мен болсо, аны байкабай жүрө берген экем. Анан дагы бир учур эсиме келип кетти, ресторанга кирип барып жүгүнгөн жерибизде толкунданганыбыздан жолдошум жүгүнсө мен туруп калып, мен жүгүнсөм ал туруп калып аябай адашканбыз.
Жылдызай Добранова,
Добрдун жубайы
"Көйнөктү эч кимге кийгизбей сактаса, турмушуң жакшы болот" деп уккам. Ошол ырымды колдойм".
Көп салондорду кыдыргандыктан, алган жери так эсинде жок
Баасы – 500 доллар
Той болгон күнү – 27.04.2011
– Мени алып кетишер күнү салонго барып чачымды жасатып, көйнөгүмдү кийип алып, курбу кыздарымды машинага салып, рулга өзүм отуруп алгам. Үлпөт көйнөгүмдү кийип алып рулда отурсам, жолдон элдин баары мени таң калып карап жатышты. Ошол учур эсимден такыр кетпейт. Эстеген сайын күлүп коём. Дагы бир толкундантчу учур, Добр үйгө гүл көтөрүп жылмайып кирип келсе, аны биринчи көрүп жаткандай болуп уялып, бетим кызарган. Жүрөгүм тыбырчылап, жагымдуу сезимдерге кабылгам. Ал күндөгү сезимдерди сөз менен түшүндүрүп болбойт го. Үлпөт той күнү – ар бир кыздын жашоосундагы эң сонун күн. Сага бүт адамдар, бүт аалам сулуу көрүнөт.
Асель Раяпова,
Султан Садыралиевдин жубайы
"Негизи, прокатка алганда “ал көйнөктү мурда бирөө кийсе, анын жашоосу кандай уланса, сеники дагы ошондой болуп калат” деп коюшат го. Ошону эске алып, биз Италиядан жаңы алынып келинген, эч ким кие элек көйнөктү прокатка алганбыз".
Көйнөк алган жери – “Дива” салону
Баасы – 1000 доллар (прокат)
Той болгон күнү – 27.07.2011
– Эгер жаңы үйлөнүп, анан үйлөнүү үлпөтүн өткөрүп жаткан болсок, анда толкундануу болуп, той башкача болушу мүмкүн эле. А биз балалуу болгондон кийин үлпөт той өткөргөндүктөн, андай деле толкундануулар болгон эмес. Күн ысык болуп, Казакстанга чек ара аркылуу кичинекей бала менен өтүп баруу мен үчүн кыйын болгон. Той кандай өткөнүн деле билбей калдым. Балам ыйлап калган жокпу деп баламды ойлоп отуруп той өтүп кетти окшойт. Келиндин гүл ыргытуусу эң негизги учур болуп саналат го. Азыр эстеп көрсөм, гүл ыргытуу салтын унутуп, жакшы нерсени эске албай калыптырбыз.
Нурайым Азыкбаева,
ырчы, скрипкачы
“Башында Русалка көйнөк алгым келген. Боюм кыска болгондуктан, көйнөк таппай кыйналдым. Мукай экөөбүз кыдырып жүрүп, ушул көйнөктү кийип көрсөм, Шуригим “аябай жакшы жарашат экен. Ханышадай болуп калдың” деди. Анан ханыша болоюн анда деп ушул көйнөккө токтолдук”.
Көйнөк алган жери – “Симфония” салону
Баасы – 700 доллар (прокат)
Той болгон күнү – 29.08.2011
– Той башталып, ресторанга кирип баратканда көйнөгүмө чалынып, кулап кете жаздагам. Анан элдин баары күлүп, бирок кол чаап жиберишти. ЗАГСка ресторанда катталдык. Кол коюп жатып башкача бир толкундануу сезимине кабылганым дале эсимде. Ошондо “силерди расмий түрдө аялы жана күйөөсү деп жарыялайм” деп айтканда Мукай экөөбүздүн артыбыздан оттуу фонтан атылып жатпайбы. Мен чочуп кеттим. Көрсө, атам эч кимге айтпай сюрприз жасайын деген экен. Атам ортого чыгып алып, рок-н-ролл бийлегени өзүнчө укмуш болду. Андай бийлегенин көргөн эмес элем. Андан сырткары “Кавказ туткуну” тасмасындагы Шурик менен Нинанын баштарынын ордуна биздин баштарыбызды коюп, тамашалуу слайд жасашыптыр. Ошон үчүн да Мукайды Шурик дейм да, ха-ха...
Өзүңүз баамдагандай, кыздардын үлпөт көйнөктөрү биринен-бири ашып татынакай. Кандай көйнөк алса да, канча каражат сарптаса да ар бир үлпөт көйнөкчөн айым сулуу экенин эч ким танбас.
Перизат Музуратбекова
star@super.kg