АВСТРИЯ АЛЬПЫДАН АЛА-ТООГО САЛАМ!

Жакында Австрияда өткөн спорт журналисттеринин дүйнөлүк конгрессине Кыргызстандан 2 журналист катышып келдик. Андыктан Альпыдан Ала-Тоого ала келген ысык саламыбыз бар. Аталган европалык өлкө бизге кандай таасир калтырды? Кыргызстанга эмнеси менен окшош? Анда эмесе, «Саякат» рубрикасынын коногу, тоо-лыжа сүйүүчүлөрүнүн «меккеси» болгон – Австрия.

Расмий аталышы – Австрия Республикасы (Евробиримдикке кирген 27 өлкөнүн бири).
Көз карандысыздыкка жетишкен күнү – 1918-жыл, 17-октябрь.
Аянты – 83 миң 871 чарчы чакырым (дүйнөдө 112-орунда). Мамлекеттик түзүлүшү – Парламенттик республика.
Борбор шаары – Вена.
Калкы – 8,4 миллион (2011-жылкы маалымат боюнча, дүйнөдө 92-орунда).
Расмий тили – Немис.
Президенти – Хайнц Фишер, канцлери – Файман Вернер.
Административдик бөлүнүшү – 9 федералдык аймактан турат (Бургенланд, Каринтия, Төмөнкү Австрия, Жогорку Австрия, Зальцбург, Штирия, Тироль, Форарльберг, Вена).
Мыйзам чыгаруучу органы – Эки палаталуу федералдык жыйын. Эки палатаны кошкондо парламентинде 247 депутат бар.
Дини – Христиан (католиктер).
Акча бирдиги – Евро (1 евро 60 сом 53 тыйынга барабар).

ЕВРОПАНЫН ЧЫГЫШ ӨЛКӨСҮ
"Австрия” деген аталыш тарых барактарында 996-жылдан бери белгилүү болуп, байыркы немис тилиндеги “Ostarrichi” (“Чыгыш өлкөсү”) деген аталыштан келип чыккан. Байыркы заманда Австриянын аймагын кельт уруулары байырлаган. Алар түрдүү жылдары Рим империясы, бавар уруулары, франктар, испандар, түрктөр менен көз карандысыздык үчүн айыгышкан күрөш жүргүзүп турган. Айтор, Европанын борборунда орун алган бул аймак дайыма согуштук кагылышуулардын чордону болуп келген. Жаңы тарыхындагы эң урунттуу окуя болуп Австриянын фашисттик Германияга биригиши болуп саналат. Натыйжада Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жеңүүчү 4 өлкө: АКШ, СССР, Улуу Британия жана Франциянын оккупациясы астында калып, 1955-жылы гана эч кандай согушка аралашпоо шартынын негизинде толугу менен эркин өлкөгө айланган. Экономикалык жактан алып караганда, Австрияда кен байлыктар дээрлик жок болсо да, Европадагы өнүккөн өндүрүштүк-агрардык өлкө болуп саналат.

ШТРАУС, ГИТЛЕР, ФРЕЙД, ПОРШЕ, ШВАРЦЕНЕГГЕР...
Австрия жана тоо-лыжа спорту түшүнүктөрү эбак эле ажырагыс бир бүтүн болуп калган. Жыл сайын кышында миңдеген туристтер лыжа тепкени Австриянын Альпы тоолорунун боорунда жайгашкан эс алуу жайларына жөнөп калышат. Австрия – тоо-лыжа спортунун эле эмес, нацист Адольф Гитлер жана актёр Арнольд Шварценеггердин да мекени. Ошондой эле Австрияны Европанын эң музыкалык өлкөсү деп аташат. Атактуу композиторлор – Йозеф Гайдн, Михаэль Гайдн, Франц Шуберт, Антон Брукнер, Иоганн Штраус (улуусу), Иоганн Штраус (кенжеси) Густав Малерлер дал ушул аймакта шедеврлерди жараткан. Ал эми Людвиг ван Бетховен өмүрүнүн көп бөлүгүн Венада жашап өткөргөн. Ошондой эле Чыгыш өлкөсү дүйнөгө бир катар окумуштууларды берди. Атактууларын атап кетсек, дарыгер Парацельс, биолог Грегор Мендель, психолог Зигмунд Фрейд. Белгилүү Порше автоунаасын ойлоп тапкан конструктор Фердинанд Порше да австриялык.

ПЕЧЕНЬЕ МЕНЕН РУЛЕТ
Австриянын борбору – Вена шаары бий кечелеринин борбору экенин уккан чыгарсыз? Кечелердин ичинен эң коозу болуп Вена операсынын кечеси (Вена балы) саналат. Ал кечеге бийлөө же жөн гана көрүү үчүн дүйнөнүн төрт бурчунан атактуу жылдыздар, атактуу саясатчылар менен ишкерлер чогулушат. Каалоочулар бий курстарына атайын жазылып үйрөнсө болот.
Печенье менен рулетти австриялыктар ойлоп тапканын да айта кетпесек болбос. Ошондой эле австриялыктардын ашканасынын “визиттик карточкасы” штрудель болуп саналат. Штрудель бул – алмадан жасалган пирог. Суусундуктардан сыра менен шарапты сыймыктануу менен ичишет.

КЫРГЫЗСТАНГА ЭМНЕСИ ОКШОШ?
Австрия тууралуу баяныбызда аз да болсо жеке байкоолорубуз менен ой бөлүшө кетсек. Кесиптешим, “Sport.kg” гезитинин башкы редактору Тарас Хлыпенко экөөбүз АИПСтин конгресси (төмөндө сөз болот) өткөн Иннсбрук шаарында болдук. Иннсбрук 2 ирет Кышкы Олимпиада оюндарын (1964, 1976) кабыл алгандыгы менен атагы чыккан. Жеке мен Австрия менен Кыргызстандан 3 окшоштук таптым. Биринчиден, Австрия да тоолуу өлкө. Альпы тоосу, анын боорундагы өзөн, суулар менен жайлоолор, жыш токойлорду көрүп, дароо туулуп-өскөн жеримди эстедим. Кудум Саламат Садыкованын
“Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде,
Аскасы көк асманга тийген кезде...” деген ыр саптарында сүрөттөлгөндөй. Экинчи окшоштугу мамлекеттик түзүлүштөрүбүз болсо, үчүнчүсү бул – элинин меймандостугу. Буга чейин “немис тилдүү европалыктар орой, түнт келишет” деп уккан жайым бар эле. Бирок өзүм иш жүзүндө андай эмес экенине ынандым. Иннсбрук, негизи, туристтик шаар. Жайы-кышы туристтердин агымы үзүлбөйт экен. Шарттар, кызмат көрсөтүү жогорку деңгээлде, сөз жок. Баарынан да мени жергиликтүү калктын меймандостугу, кең пейилдиги, сылыктыгы таң калтырды. Жыл сайын туристтердин өсүшүнө эң оболу ушул жөнөкөй, жакшы, адамдык мамиле таасир берип жатканы анык.

КАР БЕЛДЕН, БИРОК БИЗДЕГИДЕЙ СУУК ЭМЕС
Мейманканабыз жайгашкан Зеефельд аймагында кар белден болсо да, катуу суукту сезбедик. Ашып кетсе –10 градус болду окшойт. Кар калың болгонуна карабастан, тайгак жолдор жок. Дароо тазалап коюшат экен. Дүкөндөрүндө немис тилин билбесең, англис тилинде кайрылсаң болот. Англис тили – алар үчүн бизде орус тилиндей экинчи тил. Тамак-ашы боюнча айтсам, салаттарга басым жасашарын байкадым. Анан ысык тамактарды сыра же шарап менен ичишет. Андайга көнбөгөн жаным чайнекке демделген ысык көк чайды сагынууга жетиштим. Кызыгы, бир күнү эртең менен тоого олимпиада көргөнү барып калдык. Анан “үшүп калдыңар, жылынып алгыла” деп ысык шарап (глинтвейн) берип жатышпайбы. Айтор, ичимдиктерди сүйгөн айрым кесиптештерим жыргап жатып калышты. Бааларга келсек, биз болгон аймакта кафелерден 25 еврого түштөнүүгө болот. Супермаркеттеринде сыра 2 евро, тамеки 5 евро. Интернеттин бир сааты 50 цент болсо, бензиндин 1 литри 1,5 евро. Анан ал жакта свет таптакыр өчпөйт экен...


АИПСтин 75-КОНГРЕССИ РЕКОРД КОЙДУ!

ӨЛКӨ ЛИДЕРЛЕРИ СПОРТ МЕНЕН
12-16-январда Иннсбрукта өткөн АИПСтин мааракелик 75-конгрессине 100дөн ашуун өлкөдөн 250дөн ашуун делегат катышты. Ал 2 жагдайы менен өзгөчөлөндү.
Биринчиден, абдан жогорку деңгээлде өткөнүн баса белгилеп кетүү абзел. Конгрессти Австриянын президенти Хайнц Фишер ачса, сыйлуу коноктордун катарында Монаконун князы Альбер II жана Иорданиянын ханзаадасы Фейсал Аль Хусейн болду. Ал эми Иннсбруктан Сочиге эстафетаны Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Козак өткөрүп алды.
Салтка айлангандай эле, конгресстин отурумдары менен кеңештери болочок ири мелдештердин презентациялары менен коштолду. Бул жолку конгресс жемиштүү болду. Баш-аягы 16 ири мелдештин уюштуруучулары презентация жасоого жетишиптир. Бул абсолюттук рекорд!

ЖАНДУУ МУЗЫКА КОШТОГОН КЕЧЕЛЕР, ПАЙДАЛУУ БААРЛАШУУЛАР...
Презентациялардын ичинен Евро-2012нин” кожоюндары Украина менен Польшанын, болочок Олимпиаданын борборлору Лондон менен Сочинин мелдеш жөнүндө маалымат бергендери кызыктуу болду. Азиянын спорт журналисттери өзүнчө отуруп, добуш берүүнүн негизинде күзүндө азиялык конгрессти кайда өткөрүүнү аныктап алдык. Азиянын спорт калемгерлерин Кувейт кабыл алмай болду. Расмий бөлүктөрдөн тышкары ар тараптуу маданий иш-чаралар да орун алды, албетте. Түшкү тамактануулар жандуу музыка менен коштолуп, кечки тамактануулар кечелерге айланып кетти. Ошондой эле өспүрүмдөр арасында өткөн I дүйнөлүк Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышына жана лыжа жарыштарына күбө болдук.
Атактуу Сваровски кристалл музейине баш бактык. Чет элдик кесиптештерден латын америкалык, ливиялык, нигериялык жана КМШ өлкөлөрүнөн барган досторубуз менен жылдызыбыз келишип чогуу жүрдүк. Негизи, чет элдик бир катар тажрыйбалуу журналисттер менен баарлашуу абдан пайдалуу болду. Аягында “интернет аркылуу байланышканча, эмки жылы Сочиден жолугушканча...” деп визиттик карточкаларыбызды алмашып коштоштук.

ЧЕТ ЭЛДИК ЖУРНАЛИСТТЕР ТАҢ КАЛГАНДА...
Кызыгы, башка­ өлкөлөрдөн ушундай конгресстерге жылда федерациянын жетекчилери, башкача айтканда, ошол эле жүздөр катышат экен. Жадакалса арасында баланчанчы ирет катышып жатканын айтып мактангандарды жолуктурбай койгон жокпуз. Анан алар бизге таң калышты, “эмнеге Кыргызстандан жылда башка журналисттер келишет?” деп. Биз “Кыргызстан – демократиялуу өлкө” деп жооп бердик. Чынында, КРнын спорт журналисттеринин президенти Улукбек Салымбеков дүйнөлүк конгресске өзү барбай кыргыз спорт журналистикасынын өнүгүшү үчүн жаш журналисттерди жөнөтүп жатат. Мындай саясат, албетте, мактоого татыктуу. Спорт журналисттерине мыкты колдоо көргөзүп жаткандыгы үчүн Улукбек мырзага терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

Бишкек-Иннсбрук-Бишкек
Базарбек Абдураимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
za.MiR
2012-01-30 15:12:05
Австрия менен Кыргызстандын окшоштуктары көп эле экен..бирок бир окшоштук жетпей жатат.Австрияда свет өчпөйт,бизде өчөт.
П.С. ...случайно Айдашка эжени көрбөдүңөрбү?башында ак калпак,өңү сулуу,фигура 906090
0
milli
2012-01-31 02:27:29
Wolfgang Amadeus MOZARTty jazbay kalyptyrsynar.
0
elif
2012-01-31 05:38:14
za mir superr:)
kalpak kiygen jash jurnalisttibizge ak jol jana iygilik!
0
lara
2012-01-31 21:16:35
Memandostugun kyrgyzdarga salywtyrganyn jakkan jok, biz kyrgyzdar oto ele meimandospuz beerege aw koergo jer tappai kalabyz, Bulardyn kofesi ele bolboso bizdikindei boorsok, jarma degen jok. Anyn ustuno Kyrgyzstandan keldim desen ele kobu akcha uchun keldinbi dep suragandary ech ele jakpait. Albette jaratylyshy, tazalygy, madaniattuulugu jagynan soz jok. Al emi turisterge jakwy mumkunchuluk tuzup bergen anyn ustuno akchasy bar gana adam turis bolo alat emespi))bary ak4aga baryp takalat.
0
cosmopolit
2012-02-01 07:51:21
Men azyr Argentinanyn tushtugundogu San Martin degen jerdegi Lolog degen bir toonun bashindamyn...byl jaktyn dagy tabigaty bizdikine abdan okshosh eken...kyzygy, toonun bashina sonun uylordu kurup baardik sharttardy tuzup alishkan...Men abdan kaalar elem bizdin KG dagy kichine butuna turup el katary jashasa dep...
0
evropa
2012-02-02 15:36:19
eexx bizdin KG de da uwundai uslovia bolso, men da Östereich ka kudaiym buiursa lyja tepkene barsam dep tileim.
0
№ 482, 27-январь - 2-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан