Иса Өмүркулов, Бишкек шаарынын мэри: «ЭКИ АЙДООЧУМ, ЭКИ ЖАН САКЧЫМ БАР»

Бишкектин башына кайсы мэр келбесин, өз күчүнө жараша «арабасын тартат». Шаардыктардын бирине жакса, башкасына жакпайт. Биз учурдагы шаар төрөсү Иса мырзага жолугуп, жеке жана жумуштук ийгилик, кемчиликтери тууралуу кеп кылып кайттык.

Туулган жылы – 1957-жыл, 12-март.
Билими – Азыркы КМТУ, инженер-механик.
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, үч бала жана алты небереси бар.
Жактырып көргөн телекөрсөтүүсү – «Жаныбарлар дүйнөсүндө».
Айдоочусуна унаанын ичинде чылым тарттырбайт.
Футболдун мыкты күйөрманы.
Жыйырмага жакын өкүл уулу бар.

– Иса мырза, бир күндүк иш күнүңүз кандай башталып, кантип өтөт?
– Эртең менен саат 6да турам. Кээ бир күнү эле мүмкүнчүлүк болбой калбаса, сөзсүз 40 мүнөттүк эртең мененки көнүгүүлөрдү жасайм. Анан жеңил тамактанып алып жумушка жөнөйм. Көбүнчө үйдөн эртерээк чыгып, ишке чейин шаардагы айрым көйгөйлүү жерлерди көрүп келүүгө аракет кылам. Кечинде эң эрте дегенде саат 8-9дарда иш күнүм бүтөт. Ишемби, жекшемби күндөрү деле кадимкидей жумуш. Көбүнчө орун басарларым айрым түзүмдөрдүн башчылары менен шаарды кыдырып көрүп, алдыңкы иштерди пландаштырабыз.
– Жан сакчыларыңыз барбы, алар да кошо жүрөбү?
– Бар, экөө. Бир кезде оппозицияда жүргөн мезгилден бери жүрүшөт. Бир чети өзүм да көнүп калдым. Аларды жан сакчылар эмес, азыр жардамчыларым десем болот. Стационардык иш болсо бир жөн эле, андай эмес. Ар кандай жолугушууларга, митингдерге барабыз, күнү-түнү жүрөбүз. Кимдир бирөө атып кетет деп деле чочулабайм. Мен бир гана Кудайдан корком. Ошондой эле эки айдоочум бар. Бирөө жетишпейт, чарчайт. Себеби дем алыш күндөрдөн тышкары суткасына 12-14 саат иштейбиз. Албетте, мындай караганда обу жоктук көрүнүш, бирок ишке күйсөң, үстүңдө чоң жоопкерчилик турса, мындайдан баш тарта албайсың.
– «Түлеев маалында Бишкек аябай өзгөргөн, ал кеткени шаарда көзгө көрүнөрлүк бир да жумуш жасала элек» дегендер бар. Бишкекке олуттуу эмне өзгөрүү киргиздим деп эсептейсиз?
– Мен өзүмө баа бергеним туура эмес болуп калат. Айтарым, мурун жакшы башталган нерсе болсо, аны улантып, өркүндөтүш керек.
Өткөн жылы шаар көчө­лөрүнө көрк кошуу үчүн гүл отургузулган кутуларды койгонбуз. Жактыргандар менен кошо сын-пикир айткандар да болду. Ал тургай башында өзүмө да жаккан эмес. Бирок кийин башкача болду. Менимче, жайы менен шаар көчөлөрү гүлдөр менен жайнап эле турду. Көчөлөрдүн аттары бир стандарттын негизинде тагылып жатат. Бир нече жаңы конуштарга асфальт жолдор салынып, суу чыгарылды. Бул жыйырма жылдан бери боло элек иштер. Аялдамаларды алалы. Мурун ижарага берилген экен, азыр карасаң ар бир аялдама өзүнчө бир мини базар. 3-4 күркө турат, анын тушунда сатуучунун же кардардын 3-4 машинасы токтоп турат. Аялдама толугу менен жабылып калат, туурабы? Жаңы баштадык, буюрса, мунун баары чечилип, мындан ары аялдама аялдамадай болот.
– Өткөн жылы шаарыбыздагы дарактар өзүнөн-өзү куурай баштаганы байкалып, адистер аларды атайын дарылоодон өткөрүш керектигин айтышкан эле. Дарылоо иштери болдубу?
– «Минирующая моль» деген курттун айынан акыркы жылдары Бишкек шаары эле эмес, бүтүндөй Чүй өрөөнүндөгү дарактар зыян тартып, жалбырактары саргайып куурай баштаганы белгилүү болду. Айрыкча өткөн жылда өзгөчө билинди. Атайын тегерек стол өткөрүп, адистердин, окумуштуулардын пикирин уктук. Быйыл буга сөзсүз түрдө чара көрулөт.
– Бош убакыт болсо кантип өткөрөсүз, хоббиңиз эмне?
– Убакыт болсо гезиттерди, анын ичинде силердин гезитиңерди окуйм жана телевизордон жаңылыктарды көрөм. Китеп окуганга, чынында, убакыт болбойт. Акыркы жолу кайсы китепти окуганым да эсимде жок. Анан убакыт тапсам жылкыларыма барам. Көп жылдан бери таза кандуу англис породасындагы жылкыларды кармайм. Ошолор менен алаксып, нервди да тынчтандырам. Мурун аңчылыкка барып турчу элем, азыр кол тийбей калды.
– «Небере өз балаңдан да ширин болот» дешет, канча небереңиз бар?
– Алты неберелүүмүн. Биринчи уулдуу болгонума караганда, биринчи неберелүү болгондо катуу сүйүнгөм. Небере деген өзүнчө бир керемет. Чынын айтканда, балаңдай болбойт, бирок сүймөнчүктүгү жагынан балаңдан ашып түшөт. Себеби балдар чоңоюп жаткан убакта мен деле жаш болчумун да. Азыркы жашымда болсо неберелерим башкача бир ырахат, кубаныч, эс алуу тартуулайт. Азыр бир жаштагы эгиз неберелерим бар. Карап турсаң, эми сонун! Улуу неберем азыр 3-класста окуп жатат.
– Эл ичинде уулуңузга байланышкан соттук иштер чоң талкууну жараткан. Ал эмне болуп аяктады?
– Бул – чоң трагедия. Душманга да каалай турган нерсе эмес. Мындай кырсыкка менин баламдын туш келип калганына аябай жүрөк ооруйт. Себеби шоктугу деле жок болчу. Бирок көпчүлүк ММКлар муну мага байланыштырып саясатка айлантып жиберип, мени жаманатты кылганга аракет кылышты. Уулум азыр 30 жашта, 4 баланын атасы.
Мен айтып жатам, мыйзам алдында жооп берет. Конституцияда бардык жарандардын укуктары бирдей. Өз учурунда маалымат жыйынын да өткөрүп, уулумдун жоопко тартылышы керектигин айткам. Соттук иштер аяктай элек, азыркы учурда экинчи инстанцияда каралып жатат. Менин оюмча, уулум өзүнө тиешелүү жазасын алышы керек. Бирок бул иш кокустук болду, эгерде менин уулум атайын кимдир бирөөнүн өмүрүнө зыян келтирген учур болсо, анда башкача мамиле жасалат эле. Мен да жоопкерчиликти сезем. Эч кандай жаап-жашыруу болгон жок. Аны ошол балдардын ата-энелери жакшы билишет. Адам катары баарынын алдынан өттүм. Бул окуяны кырсык деп кабыл алгандары үчүн мен балдардын ата-энелерине ыраазымын.
– Соттук иштер токтотулганда айрымдар ошол кездеги президент Р.Отунбаева менен премьер А.Атамбаев сизди чакырып алып «балаңдын жаза албаганына байланыштуу КСДПга көлөкө түшүрүп жатасың» деп сындашкан дешет. Балким, коомчулук сын-пикир айтпаганда, соттук иш ошол бойдон кайра каралбай калышы мүмкүн беле?
– Биринчиден, эч ким мени чакырып алып антип айткан эмес. Экинчиден, эгерде мен ушул каргашалуу кырсыкты пайдаланып өзүмө саясий упай топтомокчу болсом, орустар айтмакчы, «кощунство» («кордоо», «шылдыңдоо») болмок. Мен саясий карьерамда патриоттук сезим менен өз ордумду ар кандай турмуштун жана саясаттын кырдаалына карабай түз алып келгем. Ошол принцибим аягына чейин калат. Ал эми мыйзам боюнча, «эгер жабырлануучу тарап каршы болбосо акталат» деп жазылыптыр, бул жерде эч кандай ашыкча нерсе жок. Ошол токтолгон боюнча унчукпай койсом деле болмок. Бирок моралдык дагы жактары бар да. Коомдо менин өз ордум бар дегендей. Уулум жоопко тартылышы керек деген ой менен маалымат жыйынын өткөргөм. Бул жерден саясат чыгаруунун кереги жок.
– Турсунбек Акун «жыйырма жылдан бери бир да чоңдун баласы сот жообуна тартылган учур боло элек» десе, Эдил Байсалов да соттор туура эмес чечим чыгарганын айтты. Соттордун уулуңузду акташына сиздин ээлеген кызматыңыз таасир этиши мүмкүнбү?
– Мен андай айтылган сөз­дөр­гө жооп да берген жокмун, себеби ата катары мага абдан оор тийип жатты. «Эл оозунда элек жок» дегендей, ар ким ар кандай сөз айтты, ММКлар түрдүү жолдор менен жарыялай берди, мен бирине да жооп берген жокмун. Себеби уулум акталып кеткен жок. Бардык жагдайды сот изилдейт. Мен соттук иштерге киришип, аралашкан да жокмун жана соттун ким экенин да билбейм.

Автандил Добулбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Иса Өмүркулов:"Эки айдоочум, эки жан сакчым бар"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Murat625454
2012-01-31 01:11:37
Кандайча тушунгон жокмун баласы 30 жашта болсо 4 баласы болсо кантип 17 жаштагыз кыз менен журот кичине уят деген болуш керек бирок кыз деле ойлосо болмок
0
applemac
2012-01-31 02:04:47
Murat625454, кайсы кызды айтып жатас,мындай ушак элге майдай жагат, бирок далилиниз болбосо жапа чегип калбан
0
Merin
2012-02-05 14:47:33
Murat625454, откуда у Вас такая информация?
0
Murat625454
2012-02-06 01:15:37
Как откуда мы же сами видим каждый день по городу .Мен озум оз козум менен коргом KG номер менен депутаттын балдары мас болуп айдап журушот .Мен эми кыскача кылып айтып берейин силерге .Мен бир кочонун кесилишинде тургам машинеде и жаныма kgномерлуу машине келип токтогун ичинде жаш кыздар балдар олтурушканбаары мас .Бирок чон машине болчу мен алардан эрте жылып кеткен болчумун и мен Гаи кызматкерлери токтотушту мен токтодум а менин артымдан жанакы kg номерлуу машинени да токтотту бирок ал токто
0
Murat625454
2012-02-06 01:25:17
Бирок ал токтогон жок и мен машинеден чыккан жокмун 5 минута куттум келген жок акыр жанына айдап барып эмне болду байке десем проверка документов деп сурашты .А я у них спросил а почему вы именно менден сурап жатасанар деп Эмнеге жанакы kg номерди токтото алган жоксунар десем ты же видел там депутатский номер деп койду .А мен айттым аларга силер биринчи ошол деппутаттын машинесин токтотуп текшергиле анан мен силерге озумдун документимди корсотом десем ладно давай кете бер деп койду .Вот таквот
0
Murat625454
2012-02-06 01:26:37
А вы тоже наверное сыночки деппутатов наверное вот по этому не понимайте меня
0
№ 482, 27-январь - 2-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан