Бала тили бал
“Бала тили – бал” деп бекеринен айтылбаса керек. Чындыгында эле кичине бала менен маек куруу абдан кызыктуу. Бирде таптак “р” десе, бирде “й” деп ырчы Роза Шакированын уулу Руслан редакциябыздын коногу болуп кайтты.
– Атың ким?
– Манас атанын улпагы – Руслан деген мен болом. Элим – Манас, желим – Талас.
– Ай-ий, канча жаштасың?
Үч манжасын көрсөттү.
– Атаң, апаң ким сенин?
– Атам – Нуйсейит, жумушта иштейт. Апам болсо Доза Чакилова. Мени "Таш-Лабатка" апалат.
– Сени алар урушабы?
– Апам "үйдү эмне чачтың? жаңы эле жыйнадым эле го!" деп улушат.
– Чоңойгондо ким болосуң?
– Боксёл болом. Апа-а, кеттик үйгө.
– Үйгө барганда эмне кыласың?
– Уктайм, анан Ханзада менен ойнойм. Ал экөөбүз атак (калем сап дегени экен) менен жазабыз. Мен ага сок, йогуйт бейем.
– Ханзада деген ким?
– Менин сүйгөнүм да ал.
– Сүйгөндү билесиңби сен да?
– Апам атамды сүйөт, атам кыздалды, апамды сүйөт.
– Санай аласыңбы?
– Алты, жети, сегиз, тогуз, бил. Анан "а", "к", "л", "т", "п"...
– Азамат турбайсыңбы, ырдай аласыңбы?
- Ооба, "Булбулум", "Кызыл гүлдү" ылдайм (ырдап да берди). Анан мен Атайга оксосуп бийлейм (бийледи).
– Ким үйрөттү сага бийлегенди?
– Атам. Басын кыймылдатып, анан колун кыймылдатып үйлөттү. Анан атам мага ылдаганды, ыл айтканды үйлөткөн. Чоңойгондо мен атамды багам. Кафеге килгизип тамак сатып белем.
– Сен ырчыларды тааныйсыңбы?
– Тата Уланды, Доблды тааныйм.
– Апаң жакшы ырдайбы же Тата Улан жакшы ырдайбы?
– Тата Улан.
– Ырчылар үйүңөргө келип турабы?
– Ооба, Айгүл (Чалова), Назми келет. Алар мага шоколад алып келет. Анан мен апама ки-ичинесин эле белем, калганын өзүм жейм. Апам семилип кетет да. Апа, уктайм.
– Бизге конокко келип тур, ээ?
– Макул, кыздал, жаксы калгыла, "пока"!
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg