Күмөндөр Абылов: «ТАМАГЫМ ЖАМАН ОКШОЙТ, УУЛАНЫП ЭЛЕ ЖҮРЧҮМҮН»

Жашка жаш кошулган сайын адам баласы балалыкка болгон баасын жогорулата баштайт эмеспи. Бүгүнкү каарманыбыз куудул Күмөндөр Абылов таза, тунук балалыгына сапар алып кайтты. Маектин акырында куудул күйөрмандарын март айынын алгачкы күндөрү борборубузда боло турган концертине чакыра кетти.

“ЖЕТИ АЙГА ДЕЛЕ ЖЕТПЕЙ ТӨРӨЛСӨМ КЕРЕК”
– Мен төрөлгөндө чач, тырмак, кирпик, каш деген таптакыр жок болчу экен. Азыр 7 айлык балдарды көрүп эле жүрөм, анчалык эмес. Ошондон улам 7 айга деле жетпесем керек деп ойлоп коём. Анан качан тогуз айга жетти дегенде гана биринчи ирет бакырып, бала болуп ыйлаган экенмин. Пенициллиндин шишесине куюлган сүттү эки соруп эле чарчап калчу экенмин. "Мына өлөт, ана өлөт болуп эле жата берчүсүң" дешет. Ырымдап тумакка салып, керегеге илип койчу экен энем. Күн сайын таң эрте турганда "балам тирүүбү же чарчап калдыбы?" деген күмөн менен дем алып жатканымды текшерип коюшчу экен. "Кошуна-колоңдор да "күмөн балаңар кандай?" деп сурап коюшчу" деп чоң энем көп айтып берер эле. Анан баягы бала болуп ыйлаганда гана эки ирик союп, эл чогултуп бешикке салып, анан гана ат коюшуптур. Таенем "Кубанычбек коёлу" десе, эл "ой, ушул кубантып деле жыргатпайт" дептир, бири Жолдошбек десе, дагы бири "жолдош болуп деле жыргатпайт" деп чыгып, өз чоң атамдай болгон Токтосейит деген таякем "Араңжан коёбуз" деп чыгыптыр, айтор, ошол күнү Кудай жалгап Күмөндөр деген киши келип калып, мени өз ысымынан атап койгон экен.

“КОЛЯСКАНЫН АЙЫНАН АЗАП ЧЕГИП ЭЛЕ ЖҮРЧҮМҮН”
– Менин бир коляскам бар эле. Ал кезде айылда андай нерселер көп кездешпейт да. Анан туугандарыбыздын балдары ага кызыгып "Күмөндөрдү биз ойнотуп келебиз" деп коляскага мени салып алып сүйрөп кетишет. Ачкамынбы, токмунбу, эч кимдин иши жок. Кээде эртең менен алып кетип, кечке жуук араң алып келишчү. Ачкамын, анан да алар менин бар экенимди унутуп күнгө коюп кетишет, сууга коюп кетишет, жарышышат келип. Анан дөңсөө жерге алпарып алып "авария" кылабыз" деп колясканы мени менен кошо ылдый коё беришет, барып эле жыгылып жатып калам. Бети-башым сыйрылып эле жүрчүмүн.

“КӨП ЖОЛУ УУЛАНГАМ”
– Балалык дегенде эле көбүнчө ууланганымды эстейм. Мен бала чагымда эле жети-сегиз жолу ууланыптырмын. Өзү тамагым жаманбы, билбейм. Тилим сайрап калганы менен, эки жашымда араң баскан экенмин. Жаңы там-туң басып жүргөндө самоор жакканда колдонгон солярканы ичип алып бир ууланып, аман калыптырмын.
Андан кийин биздин айылдын четинде буурчак талаа бар эле, ошол жакка балдар менен барып көк буурчак жечүбүз. Бир күнү барсам эч ким жок, буурчактан өкүртө чогултуп жеп алдым. Бир маалда карашса эле чоң "чегиртке" жатат дейт, оозунан ак көбүгү агып. Көрсө, буурчакка чегирткеге каршы уу чачып кетишкен экен да.
Дагы бир жолу... Ал кезде апийим айдашчу эле. Апам чогултуп келип көлөкөдө отуруп алып аны кырчу. Анан мени көзгө сайып "мобуну жебегин!" деп катуу эскерткенинен кызыгып кетип, "тойгончо жемек белем, кичине жеп көрөм да" деп буудайдан чоңураак алып жеп койдум. Көрсө, ал баңгинин эки-үч дозасы экен да. Чоң апамдын кыйындыгынан гана аман калгам. Апам өзү эмчи-домчу киши эле.
Дагы бир жолу шекерге ууланганым эсимден кетпейт. Аябай таттууга жакын болчумун. Эртең менен турарым менен барып бир чыны шекерди сузуп алып, бир аз суу тамызып, аны көөлөп туруп кашык менен жеп сабакка кетип калчумун. Үйдө шекер түгөндү дегенде эле таякемдикине жөнөйт элем. Анан сабактан инилериме жолугуп "үйгө шекер алыштыбы?" деп сурачумун. "Ооба" десе ошол күнү келчүмүн, "жок" десе кайра таякемдикине... Ошондой күндөрдүн биринде чөпкө иштеп жүрүп райондун борборуна досум экөөбүз айлык алганы барып калдык. Анан кайра кетер маалда суранып жатып биздин айылга шекер жеткирип бараткан машинага түшүп алдык. Отурарыбыз менен эле зым менен каптын бир учун тешип, оозубузду толтуруп кезектешип жеп баратабыз. Айылга жеткенде баягы каптын бир учу эңшерилип эле калды. Бир маалда эле уйкусу келген немедей экөөбүздүн көздөрүбүз жумулуп шалактап калдык. Анан кусканды айтпа. Ошол күндөн тартып таттууга жокмун. Кийин да артист болуп иштеп жүргөндө Оштон самсага ууланып араң аман калгам.

“БИР ТУУГАНДАРЫМ ҮЧҮН АРДАНЧУМУН”
– Бир туугандардын эң улуусумун. Анан инилерим бир нерсени туура эмес кылса, мен кадимкидей арданчумун. Бир жолу отурсак эле Бакыт деген иним айылдашыбыз Алдаяр деген кишинин атын айта албай "Алдарай" деп жатат. Урушуп жатам, өпкөгө урам келип, акыры ыйлап калды. Ошол маалда чоң энем келип калды эле, анын артына жашына калып "Алдарай, Алдарай, Алдарай, эмне кыласың?" деп кашайтып жатпайбы!

“АТ ӨЛТҮРҮП, АТАМДАН ТАЯК ЖЕГЕМ”
– Тентектикти аябай көп кылдым. Менден кийинки Талант, Бакыт деген инилеримди учкаштырып алып колхоздун арык атын минген бойдон уйларга баратабыз. Жардын кырында баратсак, бир таман жолду суу жеп кетиптир, тереңдиги үч метрдей болсо керек. Ичке эле болгон соң мен атты ошол жерден секиртип өтүп кетем деп улам артка бастырып, кайра чуркатып келем. Ошентип жатып атты секиртсек, жанагы ичке жарга арткы буттары кирип кетип тигинен кадалып калса болобу! Үчөөлөп улам чылбырынан тартып коёбуз. Бир маалда тыбырчылап жатып ат чалкасынан кетип, бир топтон кийин оозунан ак көбүгү чыгып өлүп калды. Ошондо атам келип алып "куураган кишиге куураган балдарды берет экен" деп урушуп жатат, уруп жатат. Айла жок да!

“БИРИН КАЛТЫРБАЙ ОКУЧУМУН”
– Айылдын балдарынын көбү мага кат ташытышчу эле. "Окуба" деп беришет, "өлүп кетейин, окубайм" деп алып, бирин калтырбай окуйм. Анан сабактан кийин кыздар апкечин көтөрүп алып сайга сууга келишет, балдар мал сугарышат. Каттын жообу да, сүйүшкөндөрдүн жолугушуусу да, оюн да, айтор, кызыктын баары ошол жерде. Кээ күндөрү атайын муз тебүүгө даярданып чокойлорубуздун таманын суулап, суукка тоңдуруп алып муз тепкени жөнөйбүз. Айтор, сонун күндөр өттү...

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Cyldyzka
2012-01-30 13:18:38
uşunçalık külüp cırgap es alıp kaldım soonuuun kuudul bar bolunuz
0
nurli.82
2012-01-30 14:23:18
торолгондон эле комик экен да бул байкебиз,атынын коюлганына эле кулуп атып ичим ооруп калды!
0
Letty
2012-01-31 00:48:43
Ой боорум эзилип калды))) Олуп кетейин! Ар бир экинчи созуно кулуп жаттым. Видеосун жуктоп койсонор жакшы болот эле.Чын эле жашоонуз озу кызык тамаша турбайбы...Бар болунуз!
0
Zamira
2012-01-31 01:53:17
Күлллөө берип эмнени окуганымды да билбей калдым... Боорумдун аман-соосунда чыгып кетейин! Башка күнү даагы бир сыйра окуйт окшойм. Ой боорум ай!
0
applemac
2012-01-31 02:20:29
алдарай деген инисине кулдум аябай,ушул созу учун инисин кокуроко урганын элестетип, жаман боорум эзилди
0
milli
2012-01-31 02:39:02
Chygarmachylyk iygilik sizge!!!
0
bosmos7
2012-01-31 02:41:07
Рахмат. Кыйла конулду которду. Кумондор аганын жашоосуу озу эле кулку экен да чиркин...
0
ulutchul
2012-01-31 06:32:00
менин сыйлаган куудулум
0
maksimus
2012-01-31 14:52:43
rahma. en mikti kuudul . konul kotorulup boorlor ezildi. iygilikter.
0
Elit
2012-01-31 18:10:40
Чыгармачылык ийгилик! Акыркы кундору чыкпай калды го.
0
TolonturCN
2012-01-31 22:43:19
Гүкө байке чынында мыкты адам.
0
peach
2012-02-02 10:51:20
"үйгө шекер алыштыбы?" деп сурачумун. "Ооба" десе ошол күнү келчүмүн, "жок" десе кайра таякемдикине...elestetip alip ollo kuldum,kichinenizde ele komik turbaysyzby!
0
aidinaernur
2012-02-04 01:27:17
Кумондор байке ишинизге ийгилик, уй булонузго бакыт каалайм!!!
0
orbitka
2012-02-04 20:09:45
Ой боорум ой, бир жыргап кулуп алдым! Бар болунуз,чыгармачылык ийгилик сизге!
0
aiur
2012-02-10 14:16:48
Сонун экен,окуп бир кулуп алдым.
0
№ 482, 27-январь - 2-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан