Орусия
Путин: “МИГРАНТТАРДАН ЭКЗАМЕН АЛАМ”
2013-жылдан тарта Орусиядагы мигранттардан орус тили, орус адабияты менен тарыхы боюнча сынак алуу керектигин өкмөт башчы Владимир Путин билдирди. Анын айтымында, мындай демилге Орусиянын мыйзамдарынын негизинде ишке ашат жана мигранттардын коомго калыптануудагы көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берет. “Биздин өлкөдө жашаган бардык жаран өз ишенимин жана этникалык баалуулуктарын унутпашы керек. Бирок ал баарынан мурда Орусиянын жараны болуп жана муну менен сыймыктанышы керек”,- дейт Путин. Эске салсак, мындай мигранттарды тестирлөөдөн өткөрүү тууралуу мыйзам долбоор өткөн жылдын күзүндө Орусия парламенти тарабынан кабыл алынган.
Бизде «кыргыз тилин билбейсиң» деп бирөөгө кайрылсаң эле балээге калдың, «улутчул» атала баштайсың. Баарынан орус тилдүүлөрдүн кыйкырыгы катуу чыгат, мындайда. Ошолор көздү чоң ачып окушса болор эле, бул кабарды.
АКШ
БАРАК ОБАМА СОТТО СУРАК БЕРЕТ
АКШнын мамлекет башчысы ага карата берилген арыздан улам сотко келип, президенттик шайлоого катышуу үчүн АКШнын аймагында төрөлгөнүн далилдеп бериши керек болот. Сот 26-январга белгиленген. Арызды Жоржиянын тургуну жазып, ал «АКШда төрөлбөгөнү үчүн Барак Обама президенттик шайлоого катыша албайт» дейт. Буга чейин мындай окуялар көп катталса да, Обама биринчи жолу сот ишине катышмакчы. АКШ ажосуна тагылган мындай айыпка президенттикке талапкер болчу миллиардер Дональд Трамп да кызыкдар. Ушундай аракеттерден улам Барак Обама өзүнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн элге жарыя кылган. Анда анын 1961-жылы 4-августта АКШнын Гаваи штатында, ал тургай кайсы төрөтканада туулгандыгы көрсөтүлгөн.
Франция
МИНИСТРДИН АЯЛЫ ӨЗ ЖАНЫН КЫЙДЫ
Франциянын Билим берүү министри Люк Шателдин жубайы Астрид Херреншмидт өз жанын өзү кыйып, о дүйнө сапар тартты. Анын сөөгү Булонь-Бийанкур шаарчасындагы өз үйүнөн табылып, асынып өлгөндүгү айтылууда. Аялынын каза болгондугун тастыктаган министр өз билдирүүсүндө журналисттерге үй-бүлө, жеке жашоосун сыйлоону суранды. Анын өлүмүнө эмне түрткү болгону изилденүүдө. Айта кетсек, Шатель менен Херреншмидт 20 жылдан бери чогуу жашап келген, ортолорунда төрт бала бар. Ошондой эле Астрид күйөөсүн ар дайым колдоп келгендигин жергиликтүү маалымат булактары билдирет.
Казакстан
ОППОЗИЦИОНЕРЛЕР ЧЕТИНЕН КАМАЛУУДА
Казак прокуратурасынын санкциясынын негизинде күч органдары оппозициячыл маанайдагы “Алга” партиясынын бир катар өкүлдөрүн, лидери Владимир Козловду жана “Взгляд” гезитинин башкы редактору Игорь Винявскийди камакка алышты. Аларды “Алга” партиясынын кеңсесинен, айрымдарын үйлөрүнөн кармашкан. Журналист “бийликти күч колдонуу менен кулатууга аракеттенген” деп айыпталып, азыр СИЗОдо экендигин жергиликтүү маалымат булактары билдирди.
24-январда демократиялык коомчулуктун өкүлдөрү мындай оппозиционерлерди тинтүү жана кармоо окуяларын репрессия деп аташты. Ал эми оппозициялык “Элдик фронт” альянсы Жаңы-Өзөндөгү кан төгүүдөн кийин буга президент Нурсултан Назарбаевди айыпташып, жакында болуп өткөн парламенттик шайлоого бойкот жарыяламай болушту. Альянстын көмүскөдөгү кожоюну аталган банкир Мухтар Аблязов: “Назарбаевдин бийлиги бул – “оккупациялык режим”. Андыктан Казакстандан бул кишини чыгарыш керек”,- деген сөзүн Улуу Британияда отуруп айткан.
Автандил Добулбеков
koom@super.kg