“Кытайлар дагы кандай жасалма азыкты ойлоп таап, элди эмне менен уулантат болду экен?” Мындай сөздү кытай тамак-аштарын пайдаланып жаткан кыргыздар гана эмес, дүйнөнүн бир канча элдери айтышат. Бирок жасалма өндүрүү жаатында кытайларга атаандаша албаса да, бул жаатта мыкты аракеттенген өлкөлөр бар.
ЖАСАЛМА ТООК
Учурда Кытайда тоок, ал тургай каз, өрдөктү жасалма чыгарып сатып, пайда табуу өнүгүүдө. Өзгөчө ресторан, кафе дегендер мындай жасалмалардан укмуш акча таап жатышат. Анткени кадимки тоокту сатып алганга караганда соя эти көп эле арзан.
Бүтүн тоокту же тооктун сөөгү көп бөлүгүн, мисалы, канаттарын же төшүн жасоого караганда сан эттерин жасоо оңой. Анткени анда эки гана сөөк болот жана формасын келтирүү жеңил. Ушул себептүү учурда сан этти эң көп жасашат.
Бул үчүн соя эти, анан бамбуктун жаш бутакчалары колдонулат.
Алгач соя этине тооктун этиндей өң, даам, жыт берүүчү кошулмаларды, боёкторду кошушат. Кезек бамбуктун жаш бутакчаларын тооктун сан (каздын, өрдөктүн) сөөгүнө окшоштуруп кыркып даярдоого келет. Анан даяр болгон соя массасын сан эттин формасына келтирип, бамбуктан жасалган “сөөктөрдү” сөөк ордуна салат. Сырты жылтырап бышышы үчүн атайын химиялык суюктукту шыбап, анан бышырышат. Бүтүн тоокту деле ушундай ыкмада жасашат.
Мындай этти жеген кээ бир адамдар «эмне болгон эт?» деп баары бир шектенет. Мисалы, сөөгү бычак менен кессең кесилет. Жеп көрсөң жумшак. Эти өсүмдүктүн буласын элестетет.
Изилдөөчүлөр “мындай соя тоогун 1 айда 1-2 жолу гана жегенге болот. Анда да соядан алынган азыктар кошулбаган тамак-ашты жебеген учурда. Болбосо соядагы флавоноид заты оору жаратат” дешет.
Маалыматка таянсак, ар өлкөлөрдөгү кытай кафе, ресторандарында да жасалма тоок даярдала баштаган. Мындай ыкманы өздөштүргөн кээ бир өлкөлөрдүн жергиликтүү кафелери да «соя тоокту» жасашат.
СОЯНЫ КӨП КОЛДОНУУНУН ЗЫЯНЫ ЭМНЕДЕ?
Соя – буурчактар түркүмүндөгү өсүмдүк. Андан соя уну, соя майы, соя сүтү, соя соусу, соя белогу, тофу-сырга окшош азык, соя күнжарасы (малга тоют) жана башкалар алынат.
Соя Азияда, Түштүк Европада, Америкада жана башка жерлерде илгертеден өстүрүлөт. Мисалы, Кытайда азыркы убакта 1 жылда 11,5-12,5 миллион тонна соя өндүрүлөт.
Соя малдын этинин ордун алмаштыргандыктан, вегетариандарга (эт жебестерге) абдан жакшы. Бирок эске алчу нерсе, курамында флавоноид бар. Бул аялдардын жыныстык эстоген гормонунун аналогу (кызматы окшош). Башка өсүмдүктөргө караганда флавоноид сояда 1000 эсе көп. Андыктан сояны жана андан алынган азыктарды көп колдонгон адамды жыйынтыгы терс таасир берүүчү гормоналдык терапиядан өтүп жатат десек болот. Демек, эркектерге караганда болочок энелерге сояны көп колдонуу зыян. Ошондой эле түйүлдүккө жана организми өсүп, ички бездер системи калыптанып жаткан 15-16 жашка чейинки өспүрүмдөргө да зыян (гормоналдык абалдын өзгөрүшүнөн улам оорулар келип чыгат).
ЭТИ ЖОК «ДОКТОРДУК КОЛБАСА»
Илгери союз кезинде бул колбасанын курамына мамлекеттик стандарт боюнча (ГОСТ) төмөнкүлөр кошулчу:
Мурун
Тамак-аш тартыш болуп, карточка менен сатылып калган кезде «доктордук колбасанын» курамы өзгөрө баштаган. Мындай түрү техникалык шарт (ТУ) менен жасалган деп аталчу.
Курамы:
Азыркы кезде
Жасалма “Доктор колбасасы”
Көбүнүн курамы ушундай же ушуга жакын:
Сапатсыз “Доктор колбасасы”
Көбүнүн курамы ушундай же ушуга жакын:
30 – тоок эти (сапаты төмөн)
25 – эмульсия
25 – соя белогу
10 – жөн гана эт (булчуң эт, тарамыш, без болушу мүмкүн)
8 – ун, крахмал, сөөк уну
2 – өң, даам, жыт берүүчү кошулмалар ж.б.
Сөөк унунун зыяны эмнеде?
Малдын сөөгүндө чогулуп калган зыяндуу металлдар жана радионуклиддер (стронций, плутоний) унга айланган сөөк упасы менен организмге кирет. Бул ички органдарды оңой менен айыкпай турган ооруларга апкелет. Чачтын түшүшү, аллергиянын жаралышы сыяктуу.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg