ЧЫКТАР

Чыктар (соус, подлив) күрүч, макарон, картошка пюреси жана башка бир түрдөгү азыктан жасалган тамактарга ар кандай даам берет жана тамактын түрүн көбөйтөт. Аны туура тандоо жана мыкты даярдай билүү тамактын аш болумдуулугун жана даамдуулугун арттырат.

ЧЫККА БЫШКАН КОТЛЕТТЕР

Керектелүүчү азыктар:
Эт туурамжысы – 600 грамм
Пияз – 2 баш
Нан – 1 кесим
Сүт – 1 стакан
Ун – 1 аш кашык
Томат пастасы – 3 аш кашык
Сарымсак – 2 тишче
Шорпо же суу – 2 стакан
Татымына жараша туз жана кара мурч

Даярдоо ыкмасы:
1. Эт туурамжысына сүткө жибитилген нан, майда тууралган пияз, сарымсак жана татымына жараша туз, кара мурч кошуп жакшылап аралаштырабыз.
2. Туурамжыдан котлет жасап, кызытылган майга эки жагын (7-8 мүнөттөн) кызартып бышырып алабыз.
3. Котлеттерди чыгарып алгандан кийин ошол эле майга майда тууралган пиязды соолуганча кууруйбуз. Андан соң ага унду кошуп тынымсыз 2 мүнөттөй аралаштырабыз. Буларга томат пастасын кошуп кууруйбуз да, шорпону же сууну чубурта куюп, бөлтөксүз болгуча аралаштырабыз.
4. Чыгыбыз кайнап чыкканда ага котлеттерди салып капкагын жаап, отту азайтып 10-15 мүнөткө дымдап коёбуз. Мындай котлетти сууга бышырылган күрүч, гречка, макарон же картошка пюреси менен дасторконго койсок болот.

КАЙМАК ЧЫГЫ
Бул чык тоок, коён, балык этинен жана боордон даярдалган тамактар менен чогуу берилет.

Керектелүүчү азыктар:
Каймак – 2 стакан
Ун – 2 аш кашык
Каймак май – 2 аш кашык
Укроп – 1 тутам
Татымына жараша туз, кара мурч

Даярдоо ыкмасы:
1. Алгач табага каймак майды кызытып, ага унду салып түсү ачык күрөң болгончо кууруйбуз.
2. Буга каймакты кошуп, кайнаганча тынымсыз аралаштырып турабыз. Чык кайнап чыккандан кийин отту басаңдатып, татымына жараша туз, кара мурч кошобуз. Качан гана чыгыбыз коюуланганда майда тууралган укропту салып оттон чыгарабыз.

МАЙ ТОКОЧ ЧЫГЫ
Бул чык, негизинен, май токоч, пирожки, чебуреки сыяктуу азыктар менен бирге берилет.

Керектелүүчү азыктар:
Помидор – 5 даана
Пияз – 1 баш
Сарымсак – 3-4 тишче
Ачуу калемпир – 1 даана
Кумшекер – 1 чай кашык
Өсүмдүк майы 3 аш кашык
Кызыл шарап – 2 аш кашык
Ашкөк – 1 тутам
Татымына жараша туз жана кара мурч

Даярдоо ыкмасы:
1. Алгач пиязды, сарымсакты жана ашкөктү майда туурап, ал эми помидор менен ачуу калемпирди эт туурагычтан өткөрүп алабыз.
2. Андан соң кызытылган майга пиязды кызарта кууруп, ага сарымсак менен ашкөктү кошобуз. 5 мүнөттөй кууруган соң помидор ширесин куюп, татымына жараша туз, кара мурч жана кумшекерди салып жай отто 10 мүнөт кайнатабыз. Чыкты оттон чыгаргандан кийин шарапты куябыз. Дасторконго берерде үстүнө майда тууралган сарымсактан себелеп, ашкөк менен кооздоп койсоңуз болот.

АШКАНА СЫРЛАРЫНАН

  • Унду куурууда абайлаңыз. Чала куурулган ун чыкка жагымсыз даам берсе, өтө куурулган ун ачуу даам берет.
  • Чыкка томат пастасы, козу карын, туздалган бадыраң, сарымсак, консерваланган жүгөрү, буурчак, таттуу калемпир, лавр жалбырагы, лимон ширеси жана башка азыктарды кошуп даярдоого болот. Ар бири чыкка өзгөчө даам берет.
  • Чык даяр болгондон кийин үстүнө бир аз өсүмдүк майын куюп аралаштырып койсоңуз, каймактанбайт.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 482, 27-январь - 2-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан